Кимибиз баатырбыз да,


кимибиз "баатырбыз"?


Оо, илгери Бүргө деген касиеттүү Талас жергесинен баатыр чыгып, аны эл "Хан Бүргө", "Бүргө баатыр" деп атап, аны менен сыймыктанышчу, мактанышчу экен. Анын хан аталганы Бүргө элин багып, алсызды коргоп, алдуусун тескеп, адилет бийлик жүргүзүптүр. Калыс башкарыптыр. Оксфорддон, же Гарварддан билим албаса да, юридикалык жана экономикалык билими болбосо да, ошол катаал заманда элинин курсагын ачырбай, кийимин тозутпай, алысты көрө билген акылдуу, жөн билги адам болуптур. Баатыр аталганы, кара башын канжыгага байлап, ошол кезде кыргыздарды эзип турган калмактарды кыргыз жеринен сүрүп чыгарып, элин-жерин чет душмандардан коргогон экен.
Бүргөдөй эл баккан, эл намысын коргогон, атажурттун бүтүндүгүн сактаган баатыр адамдар кыргызда көп эле болгон. Ошол эле Кубат бийди айтсак, Бердикени айтсак, эмне деген залкар адамдар. Булардын биринде да диплом болгон эмес. Аскер окуу жайларынан билим алышпаган, генерал чинин тагынышпаган. Эч ким аларды "Манас" ордени менен сыйлабаптыр да. Бирок, алар чындыгында БААТЫРЛАР болушкан. Тарых барактарында даңаза менен жазылып калды. Эң башкысы, алар өз эли-жерин тышкы душмандардан коргоп, элдин эркиндиги, атамекенинин бүтүндүгү үчүн күрөшкөндүгү үчүн урмат-сыйга татып, эл алдында кадыры, зоболосу бийиктеп, баатыр атанган, хан атанган.
Эмне үчүн эски тарыхты эстеп олтурабыз? 2010-жылдын апрель окуяларында 87 эр жигит душман колунан эмес, өз колунан, ички душмандардын колунан курман болуп, "Апрель революциясынын баатыры" наамы берилди эле. Арадан жыл өтпөй ошол "курман болгондордун" бири Максымбеков деген азамат өлбөй эле тирүү экени, 1 миллион сом үчүн аны өз баласы өз колу менен эле "өлтүрүп" койгону белгилүү болду кашайып. Эми айтымда, "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев: "Ошол апрель каргашасында набыт болгон 87 адамдын да, 77си гана аянтта окко учканы далилденген. Калгандары ар кайсы жерде, белгисиз жагдайларда набыт болушуп, түшүнүксүз жолдор менен "баатыр" наамын алып калышкан" деп билдирүү жасаптыр. Эмне комментарий айтарың да билбейсиң.
Кыргыз кыргыз болгону, кыргыз мамлекети түптөлгөнү эл үчүн, жер үчүн кимдер гана жанын курман кылбаган. Бирок, эч бир заманда эч ким анүчүн "Баатырдык" деле колко кылган эмес. "Манас" орденин колко кылган эмес. Манас чыккан элден Абыке менен Көбөштөр деле чыгат экен. Бул да тарых барактарында ак карасынан жазылып турат.
Эмнегедир, бизде революцияны да, баатырдыкты да шоуга айлантып алышты. Отунбаева эжебиз кызматтан кетибатып, өзүнүн соңку Указ-керээзи менен өзүнүн Убактылуу Өкмөттө чогуу иштеген үзөңгүлөштөрүн куру калтырбай, даражасы бийиктерине: Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Исаков,Каптагаев, Сариев,Чотонов, Шер Болотторго "Манас" орденин берип, даражасы кичиктерине: Абдылдаев, Азыранкулов, Асанакунов, Асанов,Бөлөкбаев, Жээнбеков, Курманалиева, Мадылбеков, Орозова, Шыкмаматов "Даңк" медалын берип, калган эшикти ачып-жапкандарды да унутпай, эстелик үчүн "эмгек сиңиргендикти", грамота тапшырып кетти. Берешен экен.
Тарых баарын калыс таразалайт, Акаев деле далайларга "Манас" таккан, "Даңк" берген, Бакиев деле далайларга "Манас" тагып, "Данакер" менен сыйлаган. Отунбаева деле агаларынан ашса ашты, асти кем калган жок. Ошол жолду улады. Бирок, чыныгы сыйлыкты мезгил, тарых берет эмеспи!!!
Тарых демекчи, а баса, 2005-жылдын 24-мартын анын аркасы менен бийликке келгендер элдик майрамга айландырып, календарга кызыл менен киргизди эле, 2010-жылдын 7-апрелинин аркасы менен бийликке келгендер календардагы 24-марттын кызылын карайтып, 7-апрелди кызылга боеп койду. 7-апрель кандуу күн экенин эч ким жокко чыгарбайт. Кокус, дагы бир "революция" болсо, 7-апрелдин жүзү карайбас бекен? Ансыз да, Адахан деген азаматыбыз: "Мен 7-апрелде каза болгондорду баатырлар деп эсептебейм, алар баскынчылар" деп, эки сөзүнүн бир сөзүндө айтып келатат. Максымбековубуз Россияда тирүү жүрсө, Осунбек мырза 87нин 77си гана аянтта курман болгон деп билдирип жатса, анда баатырыбыз ким? Апрель, июнь окуялары үчүн жооп бере турган күн деле алыс эмес окшойт.




Бийликпи, же бизнеспи?

Бирөөнүн


аялы


бирөөгө...


"Текебаев: У вас сегодня очень красивая прическа, Жылдызкан Айтибаевна! Джолдошова: Спасибо за комплимент, Омурбек Чиркешович! Как говорится в народе, чужая жена всегда кажется красивее ".
Депутаты Омурбек Текебаев и Жылдызкан Джолдошова, на заседании Жогорку Кенеша, 1 февраля 2012 г. (24.kg)

Кыргызстанда баарынан бизнес жасашат. Мамлекеттик сыйлыктар капкачан эле соода-сатыктын объектисине айланган. Акчаң болсо, каалаган сыйлыкты сатып алса болот. Кызмат ордулары деле ошондой. Эмне үчүн Америкадан, Европадан, Түркиядан, Россиядан окуп келгендер иш таба албай, бош жүрүшөт деп ойлойсуз. Анткени, тишинин кирин соруп жүрүп, окуп келген улан-кыздарда кайдагы акча? Алар азырынча кызмат орундарын сатып алышка, ажыдаарга айланганча али эртелик кылат. Бийлик орундары соода-сатыктын объектисине айланган үчүн, бийликте Акаев кадрлары, Бакиев кадрлары деген азаматтар-ажыдаарлар иштеп, ошолордун арааны жүрүп келет. Ошон үчүн кыргыз бийлиги коррупцияга кокосуна баткан. Кыргыз ажыдаардын ачса алаканы, жумса колунда. Алар мамлекеттик кызмат орундарын Ош базарындагы сатык ордундай көрүшөт. Кимдин таанышы жакшы болсо, кимдин акчасы болсо, соодасы өтүмдүү, жакшы боло турган жер да базарда ошонуку эмеспи. Бийликте да куду эле ошондой. Кимде акча көбүрөөк болсо, ошончолук майлуу-сүттүү кызматты сатып алса болот деп эсептешет. Антип, соода объектисине айланып, майлуу-сүттүү орундар сатылып алынгандан кийин, кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик кызматты базарга айлантат эмеспизби.
Россиялык "Коммерсантъ" басылмасы Россиянын 350 жаранына кыргыз бийлиги белек курал сатканын кабарлады. Максим Каганский деген мырзада эле 2009-жылы Кыргызстандан белекке алган үч пистолет бар экен. Каганскийдин аялы Анастасия да ИИМдин министри Молдомуса Конгантиевден белекке пистолет алыпыр. КР ИИМ тактамасына караганда, Каганскийлердин үй-бүлөсү алган пистолеттер өлкөнүн премьер-министринин белекке берилүүчү курал фондусунан бөлүнгөн имиш. Премьер-министрдин фондусубу, же министрдикиби, эмнеси болсо да, мунун өзү эл ачкадан тишинин кирин соруп отурганда, бийлик акебиз каалаганындай тайраңдап, каалаганындай чардап келгенин көрсөтөт.
Ажыдаар болуш бир паста дечү эле. Азыркылар кимге, эмне таратып жатканын, канчалык даражада ажыдаар болгонун эрте-кечпи угуп каларбыз.