"Койчудан акыл сураба", бизнесменден...
Кыргызстанда бизнес деген эмне? Кыргыз бизнеси бул иралды алып сатарлык, кызыл кулактык. Чайкоочулук! Сүткорлук! Муну баарыбыз көрүп-билип турабыз. Бирок, ошого карабай, кызыл кулактарды, сүткорлорду, алып сатарларды жерге-сууга тийгизбей мактайбыз, даңктайбыз. Чындыгында, бизнес кылган адам кара башынын, кара курсагынын гана камын ойлойт. Бизнесмендер үчүн мамлекет, эл үчүнчү, төртүнчү планда. Карапайым эл үчүнчү сорттогулар. Алар саясатка аралашса да, мамлекетке, элге кызмат кылайын деп эмес, иралды бизнесин коргоюн, бизнесин өркүндөтөйүн, өстүрөйүн деп, аралашат. Бул тарыхый далилденген чындык. Ошол үчүн парламент базаркомдордун, кошелектордун, "кызыл деректирлердин" парламенти деген атак-даңкка ээ болуп келатат. Ошол үчүн бизнес өкүлдөрү Өкмөткө аралашып, мамлекетти улуп-жулуп келатышат. Анткени, Кыргызстанда мамлекеттик кызмат менен бизнестин айырмасы деле жок. Мамлекеттик кызмат ордунун өзү бизнес. Мамлекеттик кызматтын деңгээли канчалык жогору болсо, ал ошончолук кирешелүү. Керектүү кагаздарга койгон ар бир кол тамгаң сага кызылдай АКШ долларларын апкелет. Кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыктарын парламентте, же Өкмөттө "лоббировать" этип койгондун өзү кызылдай акча. Кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргогон, пайдасына чечилген жана ошол тарап тарабынан даярдалган мыйзам долбоорун парламентке сунуш кылып, алып өтүп бердиңби, бул да акча.
Кыргызстанда бардыгынан акча жасашат. Мамлекеттик бийлик менен бизнестин айырмасы деле калбай калды. Карапайым эл: "Ал бизнестен келбедиби. Анын байлыгы өзүнө жетет. Жемек беле" деп ак жүрөктөрү менен ойлонот. Чындыгында, баары ошондой болсо гана атаганат. Дагы да айтабыз, биринчиден, бизнесмен адам ириде бул өз кара курсагын, кара башын ойлогон адам. Илгери, "бир жыл кой кайтарган адамдан жүз жыл акыл сураба" дечү эле, анысы кандай, өмүр таржымалын бизнестен - өз кара курсагын ойлоодон баштаган адамдан чоң бир мамлекеттик ишмер чыгышына кепилдик берүү өтө кыйын. Экинчиден, мамлекеттик кызмат менен бизнестин айырмасы асман менен жердей. Мамлекеттик ишмер пайданы эмес, мамлекеттик жана элдик кызыкчылыктарды ойлойт, анүчүн миллиарддаган чыгашаларга барат, миллиондогон пайдалардан кечет. Үчүнчүдөн, дагы да жогоруда айттык, Кыргызстанда бизнес өтө примитивдүү. Россияга, береги эле Казакстанга окшогон бизнес Кыргызстанда жок. Ал жакта миллиардерлер миллиардер экенин жашырышпайт, канча байлыгы бар экенин айткандан уялышпайт. Бизде, байлыгын айткандан коркушат. Анткени, эл кимдин бизнеси, кандай "бизнес" экенин алаканга салгандай көрүп турат.
Өкүнүчтүүсү, өз кара башын ойлогондор саясатка аралашып жатат. Ошолордун сөзү өтүмдүү болуп, ошолордун сөзү сөз болуп жатат. Аттигиниң, аргасыз ойлойсуң, биз кара башын, кара курсагын ойлогондорго тагдырыбызды ишенип берүү менен, мамлекеттик кызыкчылыктарга чайкоочулук кылбайт, алып сатарлык кылып ийбейт деп корккон жокпуз бекен?




Ажыдаар
Кыргызстан коррупциядан 30 миллиард сом зыян тартыптыр. Аны Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди. Катчынын айтымында коррупция фактылары боюнча 2 миң кылмыш иши козголгон. Тилекке каршы, мунун бири да акыр аягына чыккан эмес. Соттордун маалыматы боюнча, соттук чечимдердин жыйынтыгы менен ордуна коюлган зыяндын өлчөмү болгону 7,4 миллион сом гана болуптур. Анда калганы кайда? Бул логикалык жактан жүйөөлүү суроо.
Атамбаев мырза оппозицияда жүргөндө ажыдаар тууралуу кытай элинин аңызын айтканды жакшы көрчү эле. Сыягы, Акаев менен Бакиев кеткени менен, алардын ордунда башка ажыдаар пайда болсо керек. Болгондо да, мурдагы ажыдаарларга караганда да алкымы чоңураак ажыдаар пайда болсо керек, 30 миллиард сомдун изин таппай сыйпалап калганыбызга караганда.
Акаев кеткен менен акаевдик кадрлар аттан түшө элек, Бакиев кеткен менен бакиевдик кадрлар мамлекеттик бийликтин эки тизгин, бир чылбырын башкаларга карматыша элек. Мамлекеттик мүлктү айтпаганда, мамлекеттик бийликти да ошолор энчисине басып алып олтурушат. Анан Кыргызстан коррупциядан 30 миллиард зыян тартпаганда, башка ким зыян тартмак эле? Анан Кыргызстанда ажыдаарлар мамлекеттин канын кактабай сорбогондо башка кай мамлекетте сормок эле. Качан хаостон чыгабыз, качан мамлекет катарына кошулабыз?





Кара булут
Америка менен Иран кыл чайнашып, бири-бирине кекенип турат. Бүт дүйнө бул эки мамлекеттин ортосунда эмне болуп кетер экен деген күтүү менен жашап жатат. Тилекке каршы, геосаясат Кыргызстанды, тагыраак айтканда бийликтегилерди анча деле ойлондурбайт окшойт. Болбосо, "Манас" эл аралык аэропортундагы америкалык транзиттик жүк ташуу базасынын айланасында ар кандай билдирүүлөр жасалып, бирде мөөнөтү келгенде чыгарабыз десе, бирде мүмкүн статусун өзгөртсө кала берет дегендей билдирүүлөр жасалбас эле.
Иран жетекчилигинин: "Эгер биздин өлкөгө кол салуу болсо, биз иралды ал самолеттор учуп чыккан мамлекеттердин территориясына карай, бул мамлекеттер менен мамилебиз кандай болгондугуна карабастан, өзүбүздүн ракеталарыбызды учурабыз" деп илгери-кийин билдирүү жасаганы бар. Ушуну эстегенде, бизге мамлекет керекпи, же кереги жокпу, же ким-бирөөлөрдүн бизнеси үчүн мамлекетибизди садага чабышыбыз керекпи деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Качанга чейин, биз пулуң болсо кулуңмун деген саясат менен жашайбыз. Качанга чейин бизнес кызыкчылыктары мамлекет кызыкчылыктарынан жогору турат?