Ойлон кыргыз! Ойгон бийлик!!!
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда ар бир 10-кош бойлуулук аборт менен аяктайт делсе, а расмий эмес маалыматтарга таянсак, ар бир 3-кош бойлуулук аборт менен аяктайт. Абортко келип жаткан аялдардын жаш курагы жылдан-жылга төмөндөөдө. Көбүнчө 20-24 жаштагы кыз-келиндер бойдон алдырышат. 12-19 жаштагы кыздардын арасында аборт кылуунун көрсөткүчү жогору болуп жатканы да эч кимге жашырын эмес. Расмий маалыматтар боюнча 30%дан көбүрөөк 14-19 жаштагы кыз-келиндер бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонушат.
Факт мына ушундай. Ошол эле учурда Кыргызстанда суицид - өзүн өзү өлтүрүү фактылары да жылдан жылга көбөйүп баратат. Өзүн өзү өлүмгө кыйгандардын көбү жаштар экенин да айтып коюуга тийишпиз. Эмнеге Кыргызстанда кыз-келиндерибиз аборт жасатып, эмне үчүн Кыргызстанда жаштар өмүрдү эмес, өлүмдү тандап алып жатышат? Сыягы, бул суроо биздин бийликти, саясатчыларды ойлонтпойт окшойт. Ойлонсо, Кыргызстанда мамлекет коррупциядан эле 30 миллиарддан ашуун зыян тартмак эмес. Эгер бийлик жарык дүйнө көрбөй калган наристелерди ойлонсо, Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 770 миллион 593 миң АКШ доллары өлчөмүнө жетмек эмес. Эгер бийлик карапайым элди ойлосо, жаштарыбыз өмүрдү эмес, өлүмдү тандап алмак эмес.
Депутаттар кызматтык машина, кызматтык үй, кызматтык секретарша деп, жанталашып жатканда, күн сайын ондогон кыз-келиндер аборт жасатып жатат. Элди багып жатабыз деген саясатчылар мамлекеттик мүлктү ит бекер менчиктеп, мамлекеттен миллиондорду уурдап жатканда, жаштарыбыз өзүн өзү өлүмгө кыйып жатышат.
Турмуштун ачуу фактысы ушундай. Кыз-келиндер жыргаганынан аборт жасатып, жаштар жыргаганынан өздөрүн өлүмгө кыйып жатыптырбы? Анын баары куураган турмуштун айынан болууда. Кыргыз бийлигинин мурдунун учунан жана кара курсагынан нары эч нерсени ойлобогон саясаты мына ушул аргасыз кадамга алпарып жатканын бир айтабызбы, эки айтабызбы...
Аттигиниң арман дүйнө, ансыз деле алакандай аз элбиз, мына ошентип азайып баратабыз, өзүбүздү өзүбүз тукум курут кылганы жатабыз. Душманды алыстан издебе деген ушул эмеспи.
Болотбек Таштаналиев