Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Коррупционерлерге тузак
Бизге кандай мыйзам керек?
Кыргызстан коррупциялашкан мамлекеттердин тизмесинде алдыңкы саптарды ээлеп келет. Биз коррупция менен күрөшүп жатабыз деп канчалык ураалаган сайын эч бир натыйжалуу жыйынтыкты көрө элекпиз. "Коррупция менен күрөшүү жөнүндө" деген алданемедей мыйзамыбыз деле бар. Ал иштесе эле баары оңолгудай. Тилекке каршы, ошол мыйзамды жүзөгө ашырчу органдардын өзү коррупцияга белчесинен батканына байланыштуу мыйзам кагаз бетинде эле калууда.
Коңшу Кытайда коррупционерлерге, паракорлорго, мамлекетке зыян келтирген адамдарга карата катаал жазаларды көрүшөт. Коррупционерлерди аларда маңдайынан сылап олтурбайт, кандай кызматты ээлегенине, ага чейин мамлекетке кандай эмгеги сиңгендигине карабай, өлүм жазасына буюрушат. Алардын бул мыйзамы иш жүзүндө аткарылып, канчалаган мамлекеттик чиновниктер өлүм жазасын алганын биз угуп эле жүрөбүз. Алар аны эч кандай жаап-жашырбастан, бүтүндөй дүйнөгө жарыя кылышат. Мүмкүн, ошонун өзү да таасирдүү болсо керек. Андыктан, ал мыйзам канчалык катаал болбосун, ошончолук натыйжалуу болууда. Айтайын дегенибиз, биз деле "Коррупция менен күрөшүү жөнүндө" мыйзамга толуктоолор киргизсек кантет?
Учурдагы мыйзам паракорлорду болгону, эркинен ажыратат, мал-мүлкүн мамлекетке тартып алат. Бул мыйзам жумшак, жеңил болгону менен аткарылбайт да. Демек, бизге аталган мыйзамды кыргыздын менталитетине ылайыктап, кайрадан карап чыгуу кажет деп ойлойбуз. Ошондо гана мыйзам иш жүзүндө өз натыйжасын берет. Биздин сунушубуз мындай: коррупция менен күрөшүүдө, кылмышкерлерди эркинен гана ажыратпай, моралдык-этикалык жактан да жазалоо зарыл. Тактап айтканда, эгерде кимде ким коррупциялык иштер менен кармалса, алардын өзүн эле эмес, үй-бүлө мүчөлөрүн (уул-кыздарын, ата-энесин) да жоопко тартуу зарыл. Албетте, муну туура эмес көргөндөр да чыгышы толук ыктымал. Анткени, мыйзам боюнча уул атага, атасы баласынын кылган ишине, кылмышына жооп бербейт. Биздин айткан сунушубуз бул жобого туура келбейт. Ошентсе да, ата, же бала коррупцияга жеке гана керт башынын эмес, өз үй-бүлөсүнүн материалдык бардарчылыгы үчүн да барары эч кимге жашырын болбосо керек. Демек, баланын өз атасы үчүн, атасынын өз баласы үчүн кылмыш жообуна тартылганы туура эле. Эгерде коррупционер өз убагында жазасын албай калса, же качып жүрсө анүчүн өзү да, балдары да жаза алат. Эгерде балдары атасынын-энесинин кылмышын тарткысы келбесе, өз каалоосу менен, алар эл алдында расмий түрдө ата-энесинен кечип кетиши керек жана андан кийин атасын "ата", энесин "эне" деп айтуудан баш тартууга тийиш. Айта турган болсок, ошол ар бир "ата", "эне" деп айткандары үчүн акчалай түрдө айып тартат жана буга да көнбөсө эркинен ажыратууга чейин жаза колдонулат. Ал эми, уул-кыздар паракор, коррупционер ата-энесинен кечкенден кийин, бул расмий түрдө бекитилет. Мына ушундай катаал мыйзамды кабыл алсак эле, коррупционерлер акча алуудан баш тарта баштайт, жүрөгүндө өз үй-бүлөсү үчүн коркуу сезими жаралат. Себеби, ал пара алып, же мамлекеттин акчасын, мүлкүн уурдап жатканда, бул кылганым үчүн уулум же кызым (эгер уул-кызынын көзү өтүп кеткенде, анын айыбы аныкталса, анда небере-чөбөрөлөрү андан кечиши шарт) жазасын алабы, алар мендей атасынан кечип кетеби деп чочуласа, же тескерисинче балада ата-энесинин тагдыры үчүн чочулоо пайда болсо, анда өзүнүн абийири ойгонот. Акты ак, караны кара дей баштайт. Себеби, кайсы ата-эне баласын, кайсы бала ата-энесин эл алдында басынтып, инсан катары "жок" кылгысы келет. Бул ой келгенде эле ар бир паракор, коррупционер жеп-ичкичте абийир ойгонот, айласыз пара алуудан качат, андан сактанат.
Бул сунушубузду депутат мырзалар жана айымдарыбыз болгону мыйзам тилинде иштеп чыгып, "Коррупция менен күрөшүү жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизип коюшу абзел. Бул мыйзамга биз сунуштаган берененин киргизилиши менен эч кимдин көмөгү жок эле коррупцияга каршы комитеттин кызматын ишин аткарар эле деген ишенимдебиз. Буга кепилдик бар. Анткени, мыйзам кабыл алынгандан тарта коррупционерлерде жүрөк оору башталат, балдарын ойлойт, аталарын ойлойт, санааркайт. Мурда жасап жүргөн мыйзамсыз иштеринен оолактайт, өзүн өзү жемелейт…

(Уландысы 10-бетте)





Элден коркпосоңор да Кудайдан корксоңор боло!
Элдин үмүтү, ишеними оюнчук эмес
Кыргыз эли улут катары түптөлгөн учурдан тарта башынан не бир кыйынчылыктарды өткөргөн жок. Баарына чыдап, кыргыз деген атты тарых барактарына өчпөс кылып жазып кетти. Дүйнөдө кыргыз улутунун өз орду болгон жана боло берет. Кезинде кыргыздар дүйнөнү башкарган, келечекте да дүйнө элинин башында туруп калары ажеп эмес. Кыргызстан азыр кечирип жаткан кыйынчылык убактылуу, кыргыз бабаларыбыз көргөн катаал күндөрдүн чети гана.
Тарыхты карасак карапайым элди элдин каймагы делген манап-бийлер, эл башында турган бийлик төбөлдөрү эзип келген (бирок, баары эле карапайым элди кыйнаган деп айтууга болбойт). Бийлик кимдин колунда болсо, ошол өз мыйзамын таңуулаган.
Алыс кетпей, эгемендик жолго түшүп, көз карандысыздыкты алган убакты алалы. Союз тарап, эгемен Кыргыз Республикасынын туңгуч президенттигине Аскар Акаев эл тарабынан шайланган. Ооба, ошол мезгилде эл А. Акаевден көп нерсени үмүт кылып, жакшы тилектерди тилеген, ишеним арткан. Бирок, биздин туңгуч президентибиз Аскар Акаевич элдин үмүтүн актаган жок, тилегин орундата албады. Бийликке гана умтулуп, көз алдында эч кимди көргөн жок, көргүсү да келбеди. Анын жан-жөкөрлөрү, мамлекеттик бийликтин башында тургандар бардык мамлекеттик делген ишканаларды, жадакалса бала бакчаны да менчигине өткөрүп алышты. Муну жалгыз өзү ишке ашырган жок. Ага тааныш-билиш, тууган уруктары көмөк кылды. Ошондон тарта саясатты жүргүзүү тааныш-билиш, трайбалисттик көз карашта өнүгө баштады. Эгерде эгемен Кыргызстандын саясаты таза жана ачык нукта өнүккөндө, ким билет, саясаттын трайбалисттик дарты жок болмоктур. Канча кишинин өлүмүнө себепкер болду, аны бир гана Кудай билет, Жараткан гана жазасын берет деп ишенебиз.
Акаев Кыргызстандын туңгуч президенти катары эгемен өлкөнү курууда өзүнүн тарыхый миссиясын аткара алган жок. Ал биздин мамлекетти коррупционерлердин, жеп-ичкичтердин аралчасына айландырды. Жаңы гана эгемен Кыргызстан атанып келе жаткан чынар теректин түбүнө балта чаап, кыйып салды. Анын ордуна коррупцияга жол ачкан, жугундукорлуктун үрөнүн септи.
Көптөр Аскар мырзаны билимдүү адам катары билишет, кадырлашат. Ал жагы талашсыз. Акаев илим жаатында көптөгөн ачылыштарды жасап, оозго алынарлык ийгиликтерди жасаса жасагандыр. Билими бар адам, бирок, аны биз акылдуу адам деп айта албайбыз. Билимге адам окуу менен жетет, ал эми акыл адамга Кудай, табият тарабынан берилет, дээринде болот. Болгону, адам жашоосунда акылын өөрчүтөт, өстүрөт. Акылдуу киши эч качан өзүнүн элине, жерине кыянатчылык жасабайт, элдин мүлкүн уурдап-жебейт. Аскар мырза Кыргызстанга кылган кыянатчылыгын билип-билбей Маскөөдө өзү сүйгөн илим тармагындагы иши менен алектенип жүрөт. Кыргызстандын тагдырына саресеп салып, күйүмүш эткен жан. Кыргызстанга кайтып келиш оюнда бар экенин билдирип, бирок, Атамбаевдин убагында Кыргызстанга кайтып барбайм деп айтып чыкты. Бирок, ал кайсы бийлик болбосун, Бакиев сымал канкор экөөнө Кыргызстандын өзүндө эмес, ирегесинде да турганга акылары жок. Бул эки ичтен чыккан жат биздин - жаштардын алдында жообун алышат, айыбын тартышат. Биз жаштар буга убада беребиз.

Кайталанган тагдыр
2005-жылы ыңкылап болуп, үй-бүлөсү менен бийликти менчигине айландырган Акаев Маскөөгө качты. Анын ордуна Бакиев келди. Мында да элдин ишеними, үмүтү зор эле. Ошентсе да, Бакиев элди алдады. Президент болгондогу бир гана убадасын аткарды, өз элине ок аттырды… эл душманы атанды, элдин каргышына калды. Акыр-аягы анын ачкөздүгү, канкорлугу аны Белоруссияга алып барды.
Үй-бүлөлүк системага каршы чыгып, натыйжада канкор бийликтен түштү. Бул жолку ыңкылап, бизге жөн келген жок. 7-апрелде 87 кырчындай жигиттер шейит кетип, 87 жигит жакындары менен кош айтышты...
Апрелдеги ыңкылаптан кийин элдин өчпөс үмүтү кайра жанданды. Дагы бир ирет эл бийликке ишеним артып, үмүттөрү чоң болуп турат. Учурдагы бийликтин адамдары жасаган иштерге ичи чыкпагандары да жок эмес… Биз аларды түшүнөбүз.
Адатта, тарыхта кала турган окуяларга, адамдардын ишмердигине баа бере келгенде тарых өз баасын берет, тарых баарын өз ордуна коёт деп айтылат. Тарых баа берет дегени ал келечек муун баа берет деген сөз эмес-пи. Ооба, алдыда Кыргызстандын келечеги кенен, өсүп-өнүгүүлөр, ийгиликтер али алдыда. Аман болсок ага күбө болорбуз. Ошондо, Кыргызстандын өнүгүшүнө ким кандай салым кошконуна жаштар баасын берет. Ким мамлекетти тоногонун да ачыктап чыгат. Ага да убакыт келет…
Бул айтылган сөздүн төркүнү мында жатат: мурунку үч президенттин экөөсү элди алдап, жерди сатып, Кыргызстандын байлыгын тоноду. Эми азыркы бийлик эски төбөлдөрдүн катасын кайталап, элди алдабаса эле болгону. Себеби, алдыда тарых, келечек муун деген бар. Алар учурдагы төбөлдөргө окшоп, канкорлорду качырып ийбейт, Акаев-Бакиевди алып келип, айыбын тарттырат, жазасын берет. Буга силер ишене бергиле. Болгону, силер да алардын жолун баспагыла. Басканыңар артка кайткыла… Болбосо, келечек муун… КЕЛЕЧЕК МУУН бар!!! Алардын алдында жооп берчү күн да бар. … Эл силерге ишенич артты, элдин үмүтү оюнчук эмес, аны актагыла!!!

Нуржигит Болотбек уулу






 Жомоктор

 Аяндуу түштөр


кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??