Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Нарын суусу менен
ойногон начальник

Редакциябызга кырчындай болгон кыл мурут жигит баш бакты. "Атайын "Алиби" силерге келдим, арманым аттын башындай, арга издеп жүрөм" дейт. Кебетесине караганда, бул дүйнөнүн тозогун жакшы эле башынан өткөрүп, жедеп, запкынын залалынан жабыркап бүткөндөй. Отуруп, оюндагысын айтты, биз үн жазгычка жаздырып, үн чыгарбай отурдук. "Без комментарий" дегендей, ошол маекти толугу менен берели, баарыңар уккула. Балким, бирдеме дээрсиңер…

- Алыстан келипсиң, аты жөнүң ким?
- Атым Анарбек Экишбаев, 28 жаштамын.
- Алибинин астанасын не себеп менен аттадыңыз?
- Айлам кеткенден, акыйкаттык издеп жүрөм. Мен Кочкор районунан ак жеримен соттолуп кеттим. Азыр да мөөнөтүм бүтө элек. Ошол ишти айтайын деп келдим.
- Окуяны баштан аяк айтып берсеңиз?
- Мен 2010-жылы, ноябрь айында Кочкордун Каракужур деген жерине мал багууга жалданып баргамын. Бул жактан Орусияга кетемин деп, кете албай жүргөн кезимде, мага Каракужурлук Акайбек Айдаров деген байке жолугуп, "Мага малчы болуп иштеп бер, беш ай мал кайтарасың, айына 3 миң сом, кетээриңде беш кой, беш эчки беремин, жумушуң жеңил" дегиненин барып, мал кайтарып калдым. АкТаш деген жайлоодо күндөгүдөй эле мал кайтарып жүрсөм, бир буйтка жерге чоочун, оор жүк ташуучу машинени токтотуп, менин кожоюнумдун уйларын жүктөп жатышыптыр, үч-төрт бала. Мен көрүп эле "кимден уруксат алдыңар, булар меники" десем, ошол жерден баса калышып, сабап, мени кошо машинеге салышты. Ошону менен Кочкор районуна келип, мал базардан уйларды сатышты. Мен чырылдап "бул уурдалган мал, албагыла" деп кыйкырсам, тигилер дагы жулмалап, камап коюшту. Ошону менен 5 уйду 113 миң сомго сатышты да, Бишкекти карай жөнөштү. Мени Балыкчы шаарынан чыккандагы посттон өткөндөн кийин, машинеден түшүрүп, аябай жанчып туруп, жол жээгине таштап кетип калышты. Бир топ убакыттан кийин өзүмө келип, жөө жалаңдап келатып, бир машине тосуп алып, Бишкекке келдим. Кайра Каракужурга барсам, тигилер өлтүрүп коебу деп ойлодум да, Жалалабатка өз айылыма кетип калдым. Ал жакта жүрсөм, мага Кочкор РИИБисинен чалышып, жанымды койбой коюшту. "Ууру, сен акыры кармаласың, өз сыйың менен келип кылганыңды мойнуңа ал" дешти. Мен тынчым кетип, Базар-Коргон РИИБисине барып, айтсам, "сен уурдабасаң, эмне коркосуң, бар дагы толук болгонун айтып кел, күбө катары эле болосуң" дешти. Ошону менен 2011-жылдын 9-февралында мени этап менен аталган РИИБсинен салышты. Таш-Көмүр шаарынан мени Кочкордун РИИБсинен келген милициялар, тиешелүү кагаздарын толтуруп, Кочкор РИИБсинин убактылуу кармоочу жайына кармашты. Ошол күндөн тартып, мени Кочкор РИИБсинин начальниги, милициянын полковниги Турсунбек Талипов баш болуп, мени ур-токмокко алып, "уурулук кылганыңды мойнуңа ал, сарт" деп сабап киришти. Тергөөчүм, "кое тургула, сурак кылалы" деп ажыратып калды. Мен айттым, "биринчи ошол уурулук кылган балдарды алып келгиле, алар мени сабашкан, мени кошо уурдашкан" деп айттым.
- Аларды мурда билишет бекен?
- Ооба. Аларды менин кожоюнум, ошол күнү артыбыздан келип эле, базардан уйларын таап, базардагылардын айтуусу боюнча уй салган машинени таап, балдарды эчак кармашыптыр. Мерседес маркасындагы оор жүк ташуучу, баасы 15 миң доллар турган унааны залог кылып, РИИБинин стоянкасына токтотуп, балдарды "мен чакырганда келесиң" деп, начальник кое берип жиберген экен. Эртеси дагы суракта мен баягыны айттым, ошондо дагы сабашты. Анан баягы ууру кылган балдарды чакырып мени беттештиришти эле алар айтты, "Чынында биз уурдаганбыз, бул койчу балада эч күнөө жок, аны кое бергиле" дешти. Анда РИИБнин зам опери аларды уруп кирди. Мени башка камерага киргизип коюшту, жарым сааттан кийин кайра алып барышса, тиги балдар кайра бошоп кетиптир. Анан менин тергөөчүм, "Эми Экишбаев ачык сүйлөшөлү, сага деле акча чыгарып беребиз, ушул ишти мойнуңа ала бербейсиңби, жеңил эле болот" дей баштады. 3-4 күн жаткандан кийин мени кайра сурап башташты. Начальник Талипов өзү баш болуп сабап, противогаз кийгизип сабап, тырмагымдын алдына ийне сайып кыйнады. Мен мойнума алган жокмун. Аз өтпөй баягы ууру балдарды чакырып, кайра беттештирди да "Кана эми кимиң мойнуңа аласың" деп сурашты. Мен "Ууру кылган балдарды менин жаныма камагыла, териштиргиле, мен ууру эмесмин" дедим. Тиги балдар болсо "ушул жерден бүтүрөлү" деп тергөөчүмө баягы уйдун акчасы деп, 113 миң сомду санап беришти. Тергөөчүгө дагы 50 миң сомду чыккандан кийин беребиз деп айтышты. Ошону менен мени кайра камап коюшуп, тигилерди бошотушту. Эки күндөн кийин тигилер келип, менин көзүмчө дагы 1 жарым миң долларды санап милицияларга беришти. Ошону менен РИИБдеги Камазын да чыгарып кетишти. Мени болсо камап коюшту. Тергөөчүм мени мойнуңа ал деп кыйнап жаткан учурлардын биринде, начальник Турсунбек Талипов чалып, "Тиги сарт мойнуна алып жатабы" деп сурады. "Жок" деди эле, "эсин оодаргыла, дубинка менен бастыргыла" деп буйрук берди. Ошону менен сабоолор, кыйноолор тынымсыз башталды.
- Баса, мурдагы кожоюнуң, уйлардын акчасын алган соң сени кое бергиле деген жокпу?
- Ал кожоюнум, ошондо эле базардан тигил касапчылардан уйларды кармап калыптыр. Уйлары өзүндө эле калыптыр. Тигил милициялар болсо, ууру балдар берген акчаны ага бербей эле өздөрү алып коюптур. Кожоюнум, бул кой кайтарып чыгып эле жоголуп кеткен, базардагылар уйларды "уурдалган мал, албагыла" дегенин көрүптүр, муну кое бергиле деп айткан экен. Булар уккан жок. Ошону менен 6 ай КПЗда жаттым. Күнүнө бир маал тамак, 2 кесим нан беришет. Камерадагы балдарга "Мобу сарттын сазайын бергиле, төшөк берсеңер үстүңөргө срок кошом" деп коркутушат. Начальник РИИБи күндө эки маал келип, сабап кетет. Ошону менен жарым жыл тактайдын үстүндө жаттым. Анан кийин бир байке камалып келди да, ал "мындай болбойт" деп төшөк бердирди. Тергөө учурунда түнкүсүн тергөө болот.
- Сени сабаган милициялардын атын билесиңби?
- Тергөөчүм лейтенант Шаршенбаев Абдылда. Сабаган балдар участкачы, лейтенант Мирлан, капитан Төрөбек уулу Шеркожо, капитан Акылбек уулу Максат, опер Адилет, ага дежур Өмүрзак.
- Сага актоочу болгон жок беле?
- Мага Шамурзаев Кубат деген адвокат болгон. Ал сот залында бир көрүнгөнү болбосо, качып жүрдү. Иши да болгон жок.
- Силер жаткан жайды текшергендер болгон жокпу, сырттан?
- Бир жолу Акыйкатчынын өкүлү майор Хусейин деген келди. Мен ага начальниктин кордугун айтып даттансам, арыз, түшүнүк жаз деди. Жазып атсам Турсунбек Талипов кирди да, "Эй, сарт эмне жазып жатасың, мен сендейдин миңин көргөм, ушул Акыйкатчынын колунан бирдеме келет дейсиңби, сени менен кечинде сүйлөшөм" деп чыгып кетти. Кечинде 10 жарымдарда келип балдарына дагы сабатты, жерде жыгылып жатсам, өзү көзгө тепти. Андан соң мени Жумгалдан жогору жактагы Нарын сууга алып барды да, "муну сууга ыргыткыла да, эки-үч ДЕЛОну жапкыла" деп, өзү карап турду. Февраль айынын суугунда мени бутуман жип менен байлап туруп, белиме чейин муздак сууга малып, малып алышты. Кайра камерага алып келгенде, мен ооруп, чыдабай калдым. Врачтар ооруканага алып чыгып дарылайлы деди эле, начальник болгон жок. Мен айттым "өз акчам деле бар, ошого дарылаткыла"деп.
- Өз акчаң бар беле?
- Ооба, Жалалабаддан келгенде жанымда 300 доллар, 6200 сом бар, эки телефон бар болчу. Андан тышкары кашимир пальтомду да чечип алышкан.
- Сууга салганда мойнуңа алдың беле?
-Жок алган эмесмин. Бирок, сабашып туруп, кийинчерээк мени зордошуп, милициялар сабап, колума калемди карматышып, тергөөчүм башыма пистолет такап туруп, кагаздарга кол койду кылып, чийдирип чыккан. Өз эрким менен кол койгон эмесмин. "Эртең арыздансаң жок кылабыз" деп турушту. Ошондон кийин мени катып калышты. Сырттан текшерүү келсе, мени башка жакка көргөзбөй камашат. Райондук прокурордун орун басары Стал деген киши начальникке "Мунун жанындагы акчаларын делосуна тиркегиле, тийбегиле" деп айткан. Ошону менен 2011-жылы сентябрда сот болду. Мен дале көгөрүп мойнума алган жокмун. Жабырлануучулар болсо, баягы базарда уурдалган уйларды сатып алгандар. Алар болсо "бул баланы тааныбайбыз, акчаны кимден алабыз" дешет. Бирок, болбой эле сот 3 жыл, 6 айга кести. Соттолгондон кийин Нарындагы абакка бардым, ал жактан этап менен централкага келип, андан Покровкадагы 3-колонияга түштүм. Азыр дагы мөөнөтүм бүтө элек. Дагы 9 ай убакытта толук бошоном.
- Акыркы сөзүң?
- Менин издегеним акыйкаттык. Ак жеримен документиме өмүр бою өчкүс "соттолгон" деген жарлыкты кошкон, жаштыгымды, ден соолугумду алган, жакындарымды азапка салып, алда немедей жашаган үй-бүлөмдөн ажыраткан, тагдырымды талкалап, жакшы тилектеримдин ташын талкан кылган, жанкечти, жексур, Кудайдан коркпогон милициялар жоопко тартылсын. Алар да көрсүн мен көргөн, өздөрү оюнчук кылган тагдырды....
Жазып алган
Тынчтык Алтымышев




Россия энебиз өгөйлөп жатат!
Үстүбүздөгү жылы 9-январда Москвадагы "Il Pittore" италиялык ресторанында жарылуу болгон. Ошол каргашалуу кырсыктан Кыргызстандын 7 жараны ар кандай жаракаттарды алып, 2 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. Москванын №1,7 жана 36-шаардык ооруканаларынын реанимация бөлүмдөрүнө оор жана орто абалда Кыргызстандын жарандары Наргиза Сарбашева, Назгүл Батырбекова, жана Азиза Алисултановалар жеткирилген. Тилекке каршы "II Pittore" италия ресторанындагы жарылуудан чыккан өрт Кыргызстандын 2 жаранынын өмүрүнө кол салды. Адам өмүрүнө олуттуу зыян алып келген бул жарылуудан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион, жабыркагандардын баарына 500 миң рублдан компенсация берилмекчи болгон. Бул тууралуу Москва шаарынын мэринин орун басары Петр Бирюковго таянуу менен "РИА Новости" агенттиги маалымат тараткан. Бирок, бул чечим ушул күнгө чейин иш жүзүнө ашырылбай жатыптыр. Кечээ Россиянын Бишкектеги элчилигинин алдында ушуга байланыштуу нааразычылык акциясы болду. Бул акциянын уюштуруучусу Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Кыргызстандан барган мигранттар Россиянын экономикасын алдыга жылдыруу үчүн жумушчу күч катары опол-тоодой салымын кошуп келүүдө. Ал эми Россия бийлиги айткан убадаларын убагында аткарбай, кыргыздарга кыр салып, түрдүү кыйынчылык жана кырсыктар башка түшкөндө жардам бербей жатат. Алар Орусиянын тоотпогон мамилесин улутчулдук деп баалашууда. Анткени, кырсык кайсы өлкөдө болсо, ошол мамлекет кырсыкка кабылган адамдардын улутуна, жарандыгына жана башка айырмачылыктарга карабастан, бирдей жардам берүүсү абзел. Кыргызстандын жараны Анваржон Сатволдиев12-январда Москвадагы №36 ооруканада каза болгон. Бул мекендешибиздин денеси 100% күйүп калгандыктан, медиктер анын өмүрүн сактай алышкан эмес. Эми анын аялына Россиянын кээ бир аткаминерлери компенсация төлөп бергиси келбей, "сенин жолдошуң буга чейин, эле ВИЧ спид жана гепатит менен ооруп келген" деген жалааны жаап жатат. Эгерде биздин мекендешибиз ушундай жаман оору менен ооруп келген болсо, аны кандайча коомдук тамактануучу жайга ишке алышты? Бул жөн гана адам укугун басмырлоо, маскаралоо жана кайдан келсе, ошол жакка барсын деген саясат экенин айтты акциянын катышуучулары.
Айгерим МАКЕШОВА







 Жомоктор

 Аяндуу түштөр


кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??