Беш-Таш

Беш-Таш - Талас областында жайгашкан Кыргызстандын ажайып жери. Беш-Таштын тоо беттеринде арча, карагайлар жыш өскөн. Беш-Таш көлүндө осман, маринка, форель, алабуга , севан, жилингири өңдүү балыктар жашайт.

Мамлекеттик Беш-Таш паркы 1996-жылы Талас областында негизделген. Парктын жалпы аянты 32,411 га. Парктын ичинде Беш-Таш капчыгайы аркылуу аккан Беш-Таш суусу бар. Суунун узундугу 54 км, аянты 314 км кв. Бул суунун башаты Чоң Беш-Таш мөңгүсүнөн башталат. Уз. 2,6 км, аянты 3,2 км кв. Ал деңиз деңгээлинен 3950 м, этеги 3650 м бийиктикте жатат.
Беш-Таш суусу-Талас районунундагы суу, Талас дарыясынын сол куймасы. Узундугу 54км, алабынын аянты 314км2. Талас Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндөгү Беш-Таш ашуусундагы мөңгүдөн башталып, кууш Беш-Таш капчыгайы аркылуу түндүк-батышты карай агат. Талас өрөөнүнө чыкканда түндүккө бурулат.
Жылдык орточо чыгымы 3,55м3/сек; эң көбү - 55,4м3/сек, эң азы - 0,37м3/сек. Июнь айында кирип, августта тартылат. Жалпы узундугу 192 кмге жеткен 88 куймасы бар.
Эң ирилери: Кайыңды, Өмүр, Карагайлы, Терек, Туюк-Төр, Коргоншанык (сол), Корумду, Кырколот, Төбөй, Ат-Чыкпас (оң). Алабында жалпы аянты 0,79км2 келген 7 тоо көлү бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Козучак, Балбал, Хивинка кыштактары жайгашкан.

Беш-Таш көлү
Беш-Таш - Талас Алатоосунун түндүк капталындагы Бешташ капчыгайында деңиз деңгээлинен 3008 м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км, орточо тереңдиги 13м, терең жери 28м. Узундугу 1200м, туурасы 600-700м. Суунун көлөмү 6,6млн м. Көл жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан улам пайда болгон. Суусу мөңгү жана булак сууларынан толукталып турат. Июнь, июль айларында суунун деңгээли 1-2 миң ге чейин көтөрүлүп, сентябрь- май айларынын аралыгында кайра бөксөрөт.
Нуржигит Бейшебаев