Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
СМС-пикир
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ар кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине СМС-каттарыңыздарды жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Беш миллион калкы бар Кыргызстанга бир короо койдой кылып, 120 депутаттын кереги барбы? Бири бир нерсе айтса, экинчиси башканы айтат. Ызылдашып, бирин бири укпайт, бул сыйлашпагандык! Ошентип, чогулуш эмей эле уруш-талашты көрөбүз. Илгери адамдар" акын болуп төрөлсө, азыр депутат болуп төрөлүшөт" деген сөз чындыкка жакын болуп калды.
770 1620***

Атка минер төбөлдөрдү тээ алыскы тоо боорундагы Аксынын -Кошдөбө - Токтогул автожолуна салып алып, дырдай жылаңачтап алып куумайынча, тарпы чыккан эсил кайран ЭСЭСЭРдин эски жолун оңдобойт окшойт! Аксынын эли баатыр экенин унутушкан го, сыягы. Жумшак креслого жармашып калганбы чиркин, майлуу жамбаштары.
Акназар,
772 6128***

Кагылайын эл журт!!! Бакиевдик режимге каршы күрөштүн Башкы гезитчиси болгон Бабырбек агабызга азыркы бийликте орун жок болгондон кийин, анда бакиевчилер Апрель революциясын толугу менен жокко чыгарышкан турбайбы?! 90 баланын арбагы бизди кечирбейт ко!
Нака патриот,772 1554***

СМС жазгандар бирөөнү жамандабай адеп-ахлакты, маданиятты сактагыла. Анте албасаңар смс жазбай эле койгула. Биздин милдет гезит бетине ар кандай ой-пикир, анан албетте, көйгөйлөр жазуу болуп саналат. Талаш-тартыш болсун, бирок, чеги менен. Мен оюмду гана айттым. М: бирөөнү майыпсың деп айтпа, ар кимдин кемтиги өзүндө. Бирөөгө жаман иш жасаба, акыл-эстүүлүккө үйрөнөлү.Жакшылык болсун! Оо-мийин!
553 5047***

Ыссык сүйүү, муздак сүйүү болобу?
Учуп барып жүрөктөргө конобу...
Ак куу сымал болсо эгер ал сүйүү
Көктө учпай, сууда сүзүп жүрбөйбү!

Сүйүү болсун, ажырашуу болбосун!
Жүрөктөргө арман, кайгы толбосун.
Таттуу сүйүү болгондорго кааларым
Баарыңарды Алла-Таалам колдосун!

Жаным Рахман, сени чексиз сүйөм!
770 1620***

Адина Арыкова, 30 жыл Орусияда кынтыксыз иштедиң.Кең пейил элден, кенен жерден кадыр -барк күтүп, сыйга арзыдың. Бирок, өз жериңде, өз элиңде бааланбадың. Каныңда кыргыздын көралбастык, ит пейили бар экендигин сезбедиң. Сага акыл айтар ат кошчу болбоптур. Элиңде колтугуңа кирип, анан кокуйлаткандар өтө арбын. Улуу Чыңгыз "Кыргыз качан адам болот" деп жүрүп, өтүп кетти.Бул жерде бизнес кылам десең," сасык" саясатка аралашууң зарыл. Ансыз бизнесиңди да, өзүңдү да тамтыракай кылып, жеп коюшат.
558 6332***

"Манас урпактары" кыймылы жанданып, кайра жанданганына кубанып жатам. Же жаз келе жатат, революция жыттанып жатабы?!
Тынчтык, Таластан

Алтыш, тез айыгып кет, мамлекетибиз ансыз да кедей, бизди карабайт.
777 5479***

Урматтуу Асылбек Жээнбеков, сиз Кыргызстандын экинчи адамысыз! Спикер болуп турасыз, өзбекче акцентти токтотсоңуз. Жана өзбекче акцент менен сүйлөгөн кыргыз депутаттары, силер кыргызсыңарбы? Намысыңар барбы? Өзбекче сүйлөп, өзбекче танцыга түшөм деп, бакиев акеңер кыргызстандын суусуна зар болуп жүрөт! Өзбекче сүйлөп, өзбек болуп кетпейсиңер, кыргызча сүйлөп, кыргыз болгулачы!!!
Арзымат,
Сары-Камыштан, 777 0030***

Бишкек сулуусу -деген конкурсту ким уюштуруп жатат? Ал сулууларга чет өлкөгө путевка берип, өздөрү кошо барып, ошол сулуу жаш кыздарды пайдаланышат дейт ко. Ушул чынбы? Секет кетейин чүрөктөрүм, мени жаман көрбөсөңөр, ушу конкурска катышпай эле койгулачы?! Силер ансыз деле сулуусуңар.
М.Ж. 778 2425***

Окумуштуу "сөрөйлөргө" таң калам. Кудай өз пендесин жаратканда "Адам жана Ева" деген ат койгон дешет. Куранда пенде деп айтылат, адам деген сөз жок. Кайра туруп кечеки илимпоздор, биз маймылдан жаралганбыз дешет. Анан адам атанын атынан биз -адамбыз дейт. Анда эмнеге аялзатын -евалар деп айтышпат?. Же маймылдар дебейт? Пенде атын ылдый коюп, -адамдар деп өзүбүзгө ат коюп алдык. "Кто разгадает- Сфинкс, тот знает появление и существо , который мы называем слово"человек" дейт. Ошол жаралуу формуласы болгон Сфинкстин бир жерине да адам деген сөз жазылбаптыр.
Кудайдын бир пендеси,771 4830***

Маданият министри туура иш козгоду, ырлар-клиптерге катуу текшерүү болот деп. Азыркы ырларда уйкаштык жок, мааниси да жок. Тантырак ырларды жаш балдар телефондоруна жаздырып алып, көчөдө элдин башын оорутат. Ар бир үйдө да ошондой каңкылдактар бар.ШОУда баары электен өтсө, жанды жай кылган кооз музыкалар үйдө да, көчөдө да жаңырып турса, уруш-талаш жок болуп, элдин нерви да коробойт эле. Бирок, бизде дайыма элдик музыка, телефондо "Сарынжи-Бөкөй" ырдап турат. Ишенбесеңер, бизге чалып көргүлө.
555 63 01 94

Бишкекте дүкөндөрдүн баары орусча аталат, соода кылсаң орусча айталбай кыйналасың, уялат да экенсиң. Чоң супер маркет деп коесуңар го. Кыргыз мамлекетинин борборунда эмес, башка өлкөдө жүргөндөй болосуң.Орусча билсең, билбесең да тантырайсың. Мындан өткөн кордук жок экен. Качан ар намыстуу бир азамат бийликке келип, кыргыз тилин өнүктүрөт болду экен?
Жайчы, Талас облусу

"Манас урпактары" Ош облусу менен биргеликте иш алып барсаңар эң жакшы болот. Силер түзгөн кыймыл көп ийгиликтер алып келет деп ишенебиз.
550 1254***

"Кыргызстан -жалпыбыздын үйүбүз" деген ураанга "Кыргыз тили -жалпыбыздын тилибиз" деп жазып коюш керек болчу" дейт бир смсчи. Бизде аны кой, ким башчы болуп келсе эле айнып, кыйшык отуруп келет, ой-тообо! Кечээ эле, Атамбаев тактыга отураары менен эле" Мындан ары паспортко улутту жазбайбыз, кыргызстандык деп жазабыз, мен аны ишке ашырам " дебедиби. Кандай түшүнсөк болот?! Карапайым калк аны эч түшүнө албайт, алар ага жол бербейт ко...
778 3612***

Ааламга жол айылдан башталат! Элет жерине көңүл буруп, элеттиктерге колдоо көрсөтсөңөр, ошонун чоң пайдасы бар. Ушуга ишенип койгула!
Арген, 770 3050***

Өмүрбек Текебаевди Акматбек Келдибеков жамандабасын!? Текебаев жакшы эле иштеп жатат.
Чекиров Таалай, 771 9107***

Урматтуу Ибрагим Жунусов, сизге биз ыраазыбыз! Себеби, клиптерди, ырчыларды сынактан өткөрө турган "худсоветти" уюштуруп жатасыз. Бул эң туура болду, жарым жылаңачтанып ырдагандарды көрүүдөн уяласың. Улуттук кийимдерди кийген кандай сонун көрүнөт, ырларга да жарашат, мисалга Каныкей Эралиева эжебизди деле үлгү катары карашса.
Анаркан, Чаткал району

"Жоокерлер кармашта эмес,качканда көп кырылышат" экен, аны биздин коррупционерлер эң жакшы билишет окшойт. Ошон үчүн бийликтен кетпей, креслолоруна жармашып отурушат. Анан коррупционерлерди издейсиңер.
Алим, Жалалабаддан

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы -дегендей шаарыбыздын бардык тармактарын жаңыртууну ойлонуш керек. Себеби, энергетика тармагындагы ызы-чуулар буга далил болбодубу. Эми кырсыктар болбош үчүн баарынын алдын алуу керек. Ойлонгула, ойгонгула жетекчилер!
Максат, 770 1156***








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??