Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кайдасың, кайрымдуулук?
"Апам" деп жүрүп ушинтип калды"...

Мындан бир жыл мурун Сезим аттуу 1990-жылы туулган кыз, оорудан майып болуп калган апасына үй алып берүү максатында Москвага иштегени кеткен. Ал жакта иштеп жүрүп кырсыкка кабылып 4 айдан бери эс-учун билбей тил-ооздон калып жатат. Учурда, тайэжелери, апасы бир комнат үйдү квартирага алышып, кызды багышууда. Барып көрдүм. Чындыгында кыздын абалы абдан эле оор. Багуу үчүн эки эмес үч киши араң жетишет экен. Ушундай шартта боорукер адамдар болсо, Сезимдин оор абалына кайдыгер карабайт деп ойлойбуз. Бул окуя тууралуу сиздерге кененирээк маалымат берүү максатында кичинесинен багып чоңойткон тайэжеси Айнагүл эжени кепке тарттык.

- Сезим сиздин колуңузда чоңойгонбу?
- Апасы ооруп калганына байланыштуу ата-энеси ажырашып кеткен. Кызды бир жашынан баштап мен багып алгам. Сезим №38 мектепке 1-класска барып №66 мектептен орто мектепти бүттү. Ал ортодо менин да жолдошум каза болуп калып: "апама жардам берет элем, мени Москвага жөнөтүңүз" дегенинен иштегенге Москвага жөнөткөм. "Апамды буттан тургузам. Эл сыяктуу биз дагы үй алсак" деп жүрүп, ушул абалга келип калды.
- Окуя качан, кандайча болгон?
- Мен жолдошум каза болгондо тигүү цехинде иштеп жүрүп, кийин Якутияга иштегени кеткем. Бул кыз иниси менен бир квартирада турчу. Москвага иштегенге кеткенине бир жылга жакындап калган. Каргашалуу окуя 2011-жылы 24-октябрда болду. Мен угаарым менен ал жакка жөнөдүм. Бул жактан абалы оор десе коркушуп, кыздын өзүнүн атасын карашканга жөнөтүшүптүр. Кийин, Сезимди ооруканага жаткырып, атасын кайра жөнөттүк. Себеби, ага да квартирага төлөчүбүз. Тамак-ашы баары эле акча да. Өзүбүз бөтөн элде жүрсөк.
- Ал жактан элчилик тарабынан жардамдар болдубу?
- Москвада №38 ооруканада жатты. Жанында 1,5 ай багып жаттым. Дарыгерлер айыккан менен мурдагыдай болбойт. Баары бир майыптык алат деди. Ошону укканда элчиликке кайрылып жардам сурадым. Алар Кыргызстанга кетүүгө уруксат алып беришти. Жолдун акчасын бир туугандарымдан, базарда соода кылган кишилерден чогултуп, эптеп таптым. "Замандаш" партиясы да жардам берип, ошолор аркылуу бул жакка келдик.
- Ооруканада дарыгерлер кандай карашты?
- Дарыгерлер жакшы эле карап жатышты. Бирок, дарынын теңин өзүбүз сатып алып жаттык. Ошол жакта татарлардын мечити бар экен. Кеткен дарынын теңине алар жардам беришти. 4-январда Бишкекке келип, Улуттук госпиталдын 1-бөлүмүндө жатып, реанимацияда эки операция жасашты. Биринчиси, трубканы алып, дем алган жерин ачышты, экинчиси, ашказанына трубка салып беришти. Эми, дагы алдыда кызыл өңгөчкө жана башынын үч жерине оор операция жасалуусу күтүлүүдө. Башынан дагы жанагы коко менен кызыл өңгөчтү ажыратуу оор операция экен. Ошондуктан, уколдон эс алсын деп эки айга үйгө чыгарып беришти. Кечээ барып дарыгерлерден сурасак, дагы "бир-эки ай күтөлү. Мүмкүн, жараты өзү калыбына келип, айыгып кетээр" деп атышат. Ошентип айыга баштаса кана? Кокосуна операция жасамайын башына операция жасашпайт экен. Ал эми башы жасалмайын эсине келбейт деп атышат. Башына жасалуучу аппарат өзү эле дарылоого кеткен акчадан тышкары 1750$ турарын айтышты.
- Операциялар каяктан жасалат?
- Эки операция тең Кыргызстандан жасалат. Канча акча кетерин азыр айтыша элек. Бирок, биздин дарыгерлер москвалыктардан да күчтүү экен. Мурда эле Москвадан кокосуна операция жасап, трубканы алып койгонунда тамагы өйкөлүп, кызым мынчалык кыйналмак эмес экен. Бишкекке келгенде врачтар трубканы ашказанына салып, кокосун ачып атышпайбы.
- Жогору жактан кимдир бирөөлөр жардам бердиби?
- Социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштеген Чолпон Абдыкалыковна пенсия чегерип жана коляска алып берди. Эми, коргоого алууну акимиатка тапшырды. Ошол жакка документтер менен жүгүрүп жүрөм.
- Сүзүп кеткен кишилер жардам бердиби?
- Сүзүп кеткен тажик улутундагы бала экен. Анын атасы "жолуңа" деп 30 миң рубль санап берди. Башка мен бере албайм, алсаң ал, албасаң кой. Мен сенин кызыңды машинеге түртүп жиберген жокмун" деп, ачык эле айтты. Кетээр күнү самолётко түшөөрдө "скорыйга" салышты. Себеби, ал жактын мыйзамы башка экен. Элчиликте иштеген Алмаз Абдисяров да: "эч нерсе кылалбайсыз эже. Бул жактын мыйзамы башка. Мен да эчтеке кылалбайм" деп койду. Эмне кылам? Каяка барам анан? Бирок, Алмаз колунан келген жардамын кылды. Бир гана нааразы болгонум сүзгөн балага иш козгобой коюшту. Себеби, кырсык болгон жерде менин кызымды күнөөлөп коюшуптур да.




- Чет жерге чыккан жарандарыбыздын укугун коргоп, өз милдетин так аткара албаган Миграция министрлигинин бизге кереги барбы?
Сезим кырсыктап ооруканага жатып калганда, өкмөттүн эч бир структурасы же бир чиновник дагы бул ишке көңүл буруп жардамга колун сунган эмес. Мамлекет тарабынан жасалган салкын мамилеге чыдап тура албаган жаштар өз алдынча уюшуп, жардам берүүнүн жолун издей башташкан. Мындай жарандардын укугун коргоону, жардамдашууну министрликтер колго албастан жөнөкөй жарандар аткарып калгандан кийин, Миграция министрлигинин кереги барбы? - деген ойдун тегерегинде сурамжылоо жүргүздүк. Себеби, мындай тагдырга кабылгандар бир гана Сезим эмес, көптөп саналат.


Назгүл,
мээрман
айым:
- Кереги барбы? Жокпу? Так айталбайм. Бирок, жанагы Сезимге окшогон кыздардын укугун коргоп, эң болбоду дегенде жардам берип коюшу керек эле да. Чет жерге чыгып аткан адамдарга ошол мамлекет тууралуу маалымат берүү, эмнеге укугу бар экендигин үйрөтүү сыяктуу иштерди жасашса туура болор эле.
Азамат,
сүрөтчү:
Албетте, кетип аткан адамдарга жумуш таап берип, учётко отургузуп ж.б. жардам бергенге министрлик керек.. Бул жактан элчиликтен катталыш керек. Алар антпей эле кетип жатышат, ошол себептен укугу жок болуп калып жатат. Ооруканага кайрылып калышы мүмкүн. Кыскасы чет мамлекетке барганда, коопсуздук жагынан анча-мынча кепилдик болушу зарыл. Эгер ушул нерселердин бардыгын четке кетип атканга жарандарга Миграция министрлиги камсыздап бере албаса, анда министрликтин структурасы иштөө принцибин тактап, жаңы кадр-ларды алып, жаңыланышы абзел.

Жаңыл,
мугалим:
- 16 жаштан өйдө кыргыздын жаштарынан баштап, кары-картаңдарга чейин жардамга абдан муктажбыз. Азыр толук кандуу эч бир өкмөт, министрлик көңүл бөлбөйт. Жумушсуздуктун айынан балдарыбыз айла жоктон "жашообуз оңолсун" деп чет жерге кетип атат. Биздин өкмөт, министрликтер элди ойлогон жери жок. Мына Улуттук Банк кредитин төлөй албай калгандарды кыштын күнү үйүн алып, үй-бүлөсү менен сыртка чыгарып коюуда. Биздин тагдырды ким ойлоп атыптыр? Эмнеге биздин балдар кор болушу керек? Өз ишин билбеген чалакайым, жеп-ичер атка минерлердин айынан элибиз кор болуп кетти. Элди миграцияң, ички иштериң же башка бийлигиң дагы жыргаткан жок. Өзүбүздү өзүбүз багып атабыз.

Султан, Ай-пи системасынын кызматкери:
- Чет жакка чыккан жаштардын кээ бир кырсыктарга кабылып калышы, алардын өз укугун билбегендигинде болуп атат деп ойлойм. Мен өзүм көп жерлерде иштеп келгем. Чет мамлекетке барганда алгач, ал жактан сенин укугуңду коргой турган органга каттоодон өтүп коюшуң керек. Ал жерде дайының жок болсо, эч ким карабайт. Ал эмес өз өлкөңдө деле эч жерде катталбасаң ким карайт? Ошентсе да, чет жерде жүргөн эмгек мигранттардын укугун, көзөмөлдөп туруу Миграция министрлигинин милдети бирок, ушул заманда өзүңө гана ишенишиң керек.

Бактияр
Закиров,
жумушсуз:
- Негизи чиновниктерге караганда, мамлекетке пайданы Кыргызстандан чет жерге кеткен ошол эмгек мигранттары алып келип жатат. Жылына канчалаган акчаларды салууда. Эми Миграция министрлиги ошолордун да укугун коргоп бере албаса, мамлекеттин эсебинен айлык алып, бекер аш ичпестен, иштей турганга ордун бошотуп беришсин.
Бетти даярдаган
Нурайым Рысмамбетова








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??