"Алибиге" сурооңуз барбы?

"Алибиге" сурооңуз барбы? Буюрса, бул рубрика алдында суроо-жооптор үзгүлтүксүз чыга баштайт. Урматтуу окурман калк, сурооңуз болсо, 0778809095 телефонуна кайрылсаңыз, же СМС жөнөтсөңүз болот. Кабарлашкыла, сиздерден кызык суроолорду күтөбүз.

Кыргызстанда канча улуттун өкүлдөрү жашайт?
"Урматтуу "Алиби" гезити! Илгери союз мезгилинде Кыргызстанда 80ден ашуун улут өкүлдөрү бар дечү элек. Азыр өлкөнүн аймагынан башка улуттар эле эмес, кыргыздар да чыгып кетишти. Андай болгондо, азыр Кыргызстанда канча улуттун өкүлдөрү жашайт жана сандык катышы кандай?"

Соотбек Токтогазиев,
Талас областы, Улуттук революцияны коргоо комитетинин төрагасы

Соотбек ага, Уикипедия маалыматы боюнча, "Кыргызстандын калкы 5 миллиондон ашуун адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улуттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Түпкүлүктүү улуту - кыргыздар 3128 миң адам. Кыргызстанда калктын 35%ы шаардыктар, ал эми 65%ын айыл калкы түзөт.(1999) Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар - 8,7% түзөт". Кыргыз уикипедиячылары ушул маалыматты таратып жатышат. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы төмөндөгүдөй:
Баштагы союз өлкөлөрүнүн ичинен Россияда гана улут өкүлдөрү көп. 2002-жылда өткөн эл санак боюнча Россияда 160 улут өкүлү бар экени такталган. Ошентсе да, РФтин калкынын 80%ти орустар. Россияда жүздөн ашуун тилде жана диалектилерде сүйлөшөт. Орус тили Россиянын 130 миллион элинин эне тили болуп эсептелет. 2009-жылы ЮНЕСКО Россиянын аймагындагы 136 тилди жоголуп кетүү коркунучунда турат деп тапкан.




Иш бизде деле бар го?
Мен жана менин кызым кийим тигүү цехинде эмгектенебиз. Бизде эле 500дөн ашык адам иштейт. Алган айлыгыбыз да жаман дешке болбойт. Биз тиккен кийимдер Россия, Казакстан, Украина өлкөлөрүнө чейин кетет. Мени кызыктырганы, бизге окшоп, кийим тигүү тармагында канча киши иштейт болду экен? Бизде атайын кийим тиккен мамлекеттик ишкана ачып койсо болоттур, балдарыбызды чет жактарга кетип, иштөөсүнө мажбур кылбай?
Жайна Кубан кызы, Бишкек шаары


Кыргызстанда тигүү тармагында 150 миңден ашуун киши эмгектенет. Жыл сайын тигүү тармагында иш тапкан адамдардын саны өсүүдө. Сиз айткандай, Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер Россия, Казакстан өлкөлөрүнө экспорттолот. Маалымат үчүн айта кетсек, былтыр тигүү тармагынан бюджетке 7 млрд. сом акча каражат түшкөн.





Сиз билесизби?
Кызыктар тууралуу кыскача маалыматтардан жарыялап койсоңуздар?
Максат Ишенбаев,
Токмок шары
Экватордо жыл бою күн, түн менен бирдей.
Европа өлкөлөрүнүн бири болгон Даниянын аймагынын көпчүлүк бөлүгү бир аралда, ал эми борбор шаары башка аралда жайгашкан.
Кызыл деңизи Жер шарында абдан туздуу.
Аллюминий жер кыртышында эң кеңири тараган темир.
Японияга дүйнөдөгү жер титирөөлөрдүн үчтөн бир бөлүгү туура келет




Чыр эмне болду?
Баягыда, "Тай тебиш" мушташ өнөрүнүн түптөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев менен болгон маекти окудум. Аны диний кастыкты козутууга аракеттенген деп айыптап жатыптыр. Мен кыргыз уулу катары, бул чыр тынч эле бүтсө экен деп турам. Анткени, бул чырдын уланышына кызыкдар тараптар болушу ыктымал. Бул чыр кандай өнүгүүдө?
Жеңиш Сарыбаев, Ысык-Көл областы


Урматтуу Жеңиш мырза, бул чыр Кудайым буйруса тынч эле аяктады. Эки тарап тең мунасага барып, чыны менен диний кастыкты козутпайлы деп чечишти.
УКМКга кат менен кайрылган "Апрель баатырлары" коомдук уюмунун төрагасы Турусбек Сагынаев Кубанычбек мырзага эч кандай дооматы жоктугун белгилөөдө. Өз кезегинде К. Тезекбаев да чыныгы мусулмандардын кадырына шек келтиргени үчүн кечирим суроого даяр экенин билдирип, мындай дейт: "Ажылардын арасында кыргыздын каада-салтын сыйлагандар бар. Алардын кадыр-баркына шек келтирген жокмун деп ойлойм. Менин айткандарым динди туура эмес түшүнгөндөргө багытталган болчу".
Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалилов да бул иштин тынч жолу менен бүтүүсүн колдоого аларын ырастаган: "Бул жерде кеп "Тай тебиште" же исламда эмес, бул жерде маселе кыргыздарды бөлүп-жарууда болуп жатат. Кандайдыр бир сырткы күчтөр астында намаз окуган кыргыздар менен улуттук каада-салттарды бийик койгон кыргыздарды бөлүп-жарып, мусулманчылыкты "Манаска" каршы коюп, ошондон чыр чыгарууга аракет сыяктуу сезилип жатат. Бул маселеге маани бербешибиз керек. Ишти жаап, кайым айтышты кыскартуу демилгесин мен колдойм. Бүгүн бардык соттошууларды токтотууга буюруп, кечирим бердик".
Мына окурман, эки кыргыз жигити мунасага келип, эл арасында жаралган өөрчүндү улантпай, тынч жолун тандап кетишти.