Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Акча, акча жана акча!
Эсил кайран союз мезгилинде В. И Лениндин "Окуу, окуу жана окуу" деген девизи бар эле. Ошол мезгилдин окуучулары мектепке билим гана алуу үчүн келишерин аңдап сезишчү. Анан ал мезгилде мектепке эмне кийип барам, мугалимге канча акча бердим жана эми дагы канча беришим керек деп сарсанаа болушчу эмес. Ооба, ал мезгил дагы зуулдап өтүп кетти, заман-заң өзгөрүп, чынында мугалимдердин эмгек акысы өтө эле төмөн болуп келген. Ачык айтуу керек класстык бөлмөнүн босогосун аттаары менен эле мугалим окуучуга "акча, акча жана кана акча?" деп айтууга аргасыз болду. Бирок, мамлекет мугалимдердин эмгек акысын көбөйтсө деле, бул жаман көрүнүш бир аз да болсо азайгандын ордуна кайра күч алганын кандай түшүнсөк болот?
Өлкөбүздүн билим берүү жаатында коомчулукту бушайманга салган мындай жаман көрүнүш акыркы учурда калк арасында байма-бай айтылып, ага карата бир нече көз карандысыз эксперттер маалымат жыйынын өткөрүп, теле-радиолордон дагы видео-тасмалар көрсөтүлүп келди. Бирок, ага карабай эле негедир бул жагдай жакшы жакка өзгөрбөй койду. Анан бул кабар эл өкүлдөрүнө чейин жетип, 28-январда болуп өткөн парламенттин пленардык жыйынында дагы талкууланды. Анда "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев мугалимдердин акча талап кылган алкымын сынга алды. Анын айтымында, мектептерде акча алыштын амалы менен балдарга "2" койгон учурлар көп болууда. Дагы билим берүү тармагындагы мындай жат көрүнүш мектептерде гана эмес университеттерде дагы күч алып жатыптыр. Депутат Каныбек Осмоналиев буга мисал дагы келтирип кетти. Анын айтымында, Ж Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде бир группанын студенттери акчанын айынан толук "2" деген бааны алышыптыр. ЖОЖдордо билимине эмес акча беришпегендиги үчүн бир группанын бардык студенттерине "2" коюп жатса, анда мугалимдердин алкымына баракелде! Демек, "студент болсоң акчалуу бол" деген девиздин төгүнү жок турбайбы. Бекеринен Кыргызстанда көпчүлүк студенттер окуу маалында дагы жана окуудан тышкары дагы тытынып иштешпесе керек. Мындан тышкары Каныбек Осмоналиев Бишкек шаарындагы №48 мектептин директору Татьяна Родкинанын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча 20 дан ашык кат келип түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, "№48 мектептин директору - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты экен. Анан ал ата-энелер фондуна чогулган акчаны каалагандай пайдаланып, балдардын акчасына тайраңдап, эч кимди көзгө илбей жүрүптүр. Көрсө ал өзүнүн депутаттык макамына таянып алган. Татьяна Родкина айымга директорлук орун майлуу-сүттүү жана ага кошумча Бишкек шаардык кеңештин депутаттык макамы анын бийлигин жана мансабын дагы да бекемдедиби, ким билет. Айтор, ал дал ушул депутаттык макамына таянып, анын ишине нааразы болгон ата-энелерди кууп чыгып, анысы аз келгенсип, балдарды дагы куугунтуктаган учурлары болгон. Эч кимди тоотпой, мектеп казынасын каалагандай калчаган ушундай директорлордун жана акча десе туурасынан жата калган, ал эми акча болбосо "2" коюп коркуткан мугалимдердин айынан канчалаган окуучулар менен студенттер басмырланып жүрөт. Өткөн жылы мамлекеттик мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо боюнча каржы полициясы №68; 14; 72; 24; жана 91-мектептин мугалимдерине кылмыш ишин козгогон. Бул Кыргызстандагы мектептерде коррупция бар экенин айгинелеп турат. Мектептерде акча чогултуунун түрлөрү түркүн, аларды айта берсек түгөнбөйт, бир сөз менен айтканда кайрымдуулук фондусунан баштап, мектептин пол жуугучу менен аяктайт. Ал эми, ата-энелер чогулушу жалаң гана акча жыйноо маселесине дагы арналарын ата-энелер айтып эле жүрүшөт. Кыргыз элиндеги билими бар миңди жыгат деген кеп, эми акчасы барга айланып кетти окшойт.
Айгерим МАКЕШОВА





Мегакомго "мейли" мамиле жасоого болбойт

Учурда"Мегаком" компаниясынын айланасы дагы чаңдап эле жатып калды. Андан учкан чаң ооз-мурунга кирип, баарыбызды чүчкүртүп жатат. Мурда шыпыргы минген, жеткен жерин дароо шыпырганга көнгөн эл аралык деңгээлдеги жүгөнсүз шылуундар чаңдатса, эми өзүбүздүн эле күч структураларыбыз чаң сапырды. 142 млн.сомду ашап ийишти деди. Мегакомдун үч жетекчиси үч тамганын абагына жабылды.

Албетте камалгандардын күнөөсү болсо сот гана аныктайт. Аларга адвокат болгон эч ким жок. Бирок, Мегаком мындай ишти баштан өткөрбөсө унчукпай деле коймокпуз. Артында шектүү күчтөр турган жокпу деген ойдон улам бул саптарды жазып жатабыз. Анда былтыркы жылдын жазы болчу. Ушул эле А.Мурзалиев тышкы башкаруучу болуп иштеп жаткан. Бакиевдер качкандан кийин көп узабай куйругун түйгөн А.Силич деген эргул түндүктөн түшкөнсүп пайда болгон. Ал бакиевдердин тушунда "Альфа-Телекомду" каалаганындай өкчөп, Максимдин максымын актап ичип, миллиондогон долларларды оффшордук аймактарга суудай агызып турган неме болчу. Апрель революциясынан кийин аз эле убакыттын ичинде 27 млн.долларды бир эле сугунган. Артынан суу уурттап да койгон эмес.Ошол кыраан келээри менен Генпрокуратураны, анын ал кездеги ана башчысы К.Байболовдун өзүн ишке чегип, А.Мурзалиевди айдатып чыккан. Атургай иш козготуп да жибергендей болду эле.
Кудай жалгап Мегакомду жаңыдан иштетип жаткан жаш муундагы башкаруучулардын ишинин агынанбы айтор, ал жолу өздөн чыккан жаттардан, Мегакомдон көзү өткөн сырткы күчтөрдан араң-араң алып калганбыз. Жакында Мегакомго байланыштуу сот болмок. Анын мүлкүнүн тагдыры чечилмек. Дал ушул маалда учурдагы бийликтин Мегакомду баса калышынын артында кандайдыр бир күчтөр, же болбосо баягы эле эски күчтөр башкача формада аракет кылып жатпасын дегендей ойго кетесиң. Андай болсо иш чатак. Акыры барып Мегакомдон, андагы талашка түшкөн 51 пайыздан айрылып калышыбыз мүмкүн. (49 пайызды учурда мамлекеттики) .Эми мунун баары текшерилет. Өлкө бийлиги коррупцияга каршы катуу чараларды көрө баштады. Мындай шарттарда кандайдыр бир көз боемо иштерди жасоо да кыйындап баратат. Артын күтөлү.
Ошондой болсо да Мегакомдун мурунку бакиевчил башкаруучулары кыргыздардын колунан мындай масштабдуу ири компанияны башкаруу, тейлөө колунан келбейт деп тескери сүйлөгөнүн эске алсак, А.Мурзалиев башында турган команда кыска убакыттын ичинде эле эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөтө алганын кантип жашырабыз. Фактыларга таянсак, Мегаком учурда республикадагы 10 ири компаниянын катарына өсүп жетти. Абоненттеринин саны 2,5 млн.ду чапчыды. 2009-2010-жылдарда 49 пайыз мамлекеттик акция үчүн дивиденд катары 860 млн.сом бюджетке төктү. Ал эми 2011-жылы Мегакомдун жылдык кирешеси 21 пайызга өсүп, 381 млн.сом же 46 млн.доллар кызылдай киреше тапты.
Ушул эле 2011-жылы спонсорлук же кайрымдуулук акцияларына 45 млн.сом жумшашыптыр. Мунун баары компаниянын бирдеме таап, анысын ачык-айкын жүргүзүп, коомчулук менен бөлүшүп жатканынын далили.
Дагы бир айтпай кетпей турган нерсе, Мегакомдун республикабыздын билим берүү тармагын сүрөөнгө алган "Мега Билим" программасы. Бул боюнча аттын буту жетпеген алыскы айылдардын мектеп балдары үчүн атайын жабдылган компьютердик класстарды ача башташы, ага жогорку ылдамдыктагы интернет байланыштарды жеткириши баарыбызга эле жакчу. Мунусун колдоо гана керек деп ойлойбуз. Ал эми "Мега Футбол" аталган программасы республиканын бардык облустарында чакан футбол аянтчаларын курууну көздөп алды иштей баштаган.
Ошондой эле Мегаком кары-картаңдардын, эмгектин жана согуштун ардагерлеринин, афганчы-чернобылчылардын жакындан жардамдашкан досу. Бул багыттта 1000ге жакын адамдар жардам алышат. Мындан тышкары республика боюнча жети балдар интернатын колдоого алганын көрүп турабыз. Мегаком учурдагы изденген компания. Буга 30 млн.доллар инвестиция тартып, компанияны заманбап технологиялар менен жабдууга аракет кылып жатканын мисал келтирсек болот.
Айтор, коомчулуктун көңүл чордонунда турган Мегаком компаниясынын айланасындагы иштер, кандай болсо да калыстыкты талап кылат. Бул жерден жаза басуу ар кандай өңүттөгү кесепеттерге (саясый-экономикалык) алып келиши мүмкүн.

Эржигит Байболгуров








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??