Кокуй күн
Коррупцияга каршы күрөш кантип жүрүүдө?

Кыргызстанда коррупцияга каршы ачык күрөш жарыяланды. Атамбаев айтмакчы, бул жети баштуу "ажыдаар" менен күрөшүү албетте, оңойго турбасы анык. Ошентсе да учурда бул кармашка каржы полициясы, ИИМдин атайын бөлүмү, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү баш болуп шайма шай ишке киришти. Жыйынтык чыгат деп ишенгендер арбын. Бирок, аттиң, ушул жерде иттик сот системасы менен кадр дайындоо деген жерден кетип калып жатпайбы. Буга бир катар мисалдар бар. Айталы учурда айрым кызматтарда мурда коррупцияга шеги бар делген, ал тургай аралашып жүргөнү ачык билингендер деле иштеп, ал тургай өлкөнүн башкаруучу органы парламетте деле очоюп отурашат. Бул жолу да сөзүбүз кургак болбосун үчүн бир тармактагы башаламандыкка абай салып көрөлү.


Кош жетекчи
Учурда КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарындагы транспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды жана айдоочулук күбөлүктү каттоо бөлүмүнө апрель ыңкылабынын аркасы менен келип калган Алмаматов Насырбек аттуу жигит мыйзамга ылайык кызматынан түшкөн. Бирок, ал дагы өзүнүн ошол кызматтан кетишин мыйзамсыз деп баалап, сот аркылуу кайрадан кызматына келүүгө уруксат берген чечимди чечтирип алып, мамкаттоонун эшигинде "кызматымды кайрып бергиле" деп жүргөн имиш. Мунун өзү эле биздин соттордун кубулма жүзүнөн кабар берип, кафе, ресторандары же болбосо колунда бар, эски чиновниктердин ишаараттарына айттырбай баш ийээрин көрсөтүп тургандай. Анткени....


Алмаматовдун арты таза беле?
Угушубузга караганда, так ушул Насырбек Алмаматов мырза Мамкаттоо кызматынын Бишкек шаардык транспортторду, атайын технологиялык машиналарды жана айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо боюнча бөлүмүн башкарып турган маалда бир катар мыйзам бузуулар орун алган. Мисалы, ошол жылдары 80ге чукул чет өлкөнүн жарандарына жасалма документтер менен айдоочулук күбөлүк берилгени тууралуу фактылар каржы полициясы тарабынан аныкталып, бул боюнча иш прокуратурага жөнөтүлгөн. Мисалы, 2011-жылдын 17-февралында каржы полициясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, каржы полициясынын подполковниги М. Жалгасынов атайын токтом чыгарып, анда Мамкаттоо кызматынын Бишкек шаардык транспортторду жана атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо бөлүмүндөгү мыйзам бузууларды ачык көргөзүп, Кытай Эл Республикасынын жарандарына жасалма документтер аркылуу эл аралык айдоочулук күбөлүк бергендиги үчүн КРнын Кылмыш Кодексинин 350 беренесинин 1-, 2- беренелери боюнча иш козгоо чечимин чыгарып, ишти Бишкек шаардык сотуна жөнөткөн. Бирок, кызыгы иштин аягы келип, прокуратура тарабынан кумга сиңген суудай жок болот. Болбосо, бул боюнча иштин жоопкерчилиги албетте, аталган мекеменин башчысы Насырбек Алмаматовго жүктөлүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек болучу. Кыскасын айтканда, ушул өңдүү токтомдорду прокуратура негедир тоготпой, аталган иштер "адалданып" кеткени ачыкка чыгып отурат.


Уурулуктун учугу
Ошентип, Каржы полициясы жогорудагыдай бир эмес эки жолу токтом чыгарып, жасалма документтерди болгондо да эл аралык маанидеги кагаздарды чет өлкөлүк конокторго белектеп жиберген органды сот жообуна тартуу аракетинен майнап чыккан эмес. Акырында бул боюнча мурдагыдан да масштабдуураак негизде каржы полициясы токтом чыгарып, анда КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаарындагы транспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды жана айдоочулук күбөлүктү каттоо бөлүмү тарабынан жалпысынан 79 чет өлкөлүк жаранга, (анын 78 кытайлык, 1 түркиялык) жасалма документтерди толтуруу менен эл аралык стандарттагы айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени айтылып, бул боюнча кечиктирилгис иш козгоону прокуратурага тапшырат. Ал арада коомчулукта да бул жерде мындан башка да коррупциялык схемалар иштей турганы, ошол кездеги жетекчи Насырбек Алмаматов чет өлкөлүк эле эмес, кыргызстандык ондогон адамдарга айдоочулук күбөлүк алып берип турганы сыяктуу чуу башталат. Ошондон чочулаганбы, айтор бул иш азыр сот органдарында териштирүүдө жаткан кербези. Бирок, биздеги сот органдарынын, прокуратура кызматкерлеринин өз билемдигинен улам бул иш деле күтүлгөн жыйынтыкты берип, жооптуулар айып тартаары күмөн. Анткени, азыркы учурда Башкы прокуратурадагы таасирдүү адамдар көмүскөдөн муштум көрсөтүп, бул Насырбек мырзага түздөн түз байланышкан сот ишин токтотуу буйругун жылдырып жатканы маалым болду.
Ошентип, азыр деле кайда баспа, "Мамайдын көрү". Мыйзам менен ойноп, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына түкүрүп басып кеткендер бутуңа чалынат. Болбосо, бир эле убакта бир жетекчилик кызмат боюнча эки кишинин тең суроосун канаатандырып, кызмат талаштырганга кайсы соттун абийири чыдады экен? Анан дагы артында алешем иштери, калбыры калдайган Насырбек Алмаматовдун ишмердигине, тагыраагы ал иштеп турган учурдагы мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк боюнча сот иши аягына чыга электе, аны актап, кызматын кайтарып алууга жолдомо бере салган Биринчи Май райондук сотуна "данк" медалын тапшыра калганыбыз оң болбосун?! Же колунда басып койгон байлыгы бар, борборго ачып койгон рестораны бар адамдын айтканы айткандай, дегени дегендей боло береби? Качанкыга чейин?! ....
Балким буга Насырбек мырза өзү жооп берээр.
Тынчтык Алтымышев