Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПТЕР

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов
"Андаш" кенин кайра карап чыкмай болду

Т алас өрөөнүндөгү "Андаш" кени көптөн бери талаш-тартышка түшүп, Көпүрө-Базарлыктардын көпчүлүгү "ачылсын", экинчи тарабы "жабылсын" дешип, кен "ит-тартыш" болуп келүүдө. Кен ачылып иштей баштаса элге кандай пайда алып келери жана ага каршы болуп жаткан азчылык тараптын да өз кызыкчылыктары тууралуу мурун да кеп кылып келген элек. Эми дагы ошол "Андаш" кени ачылып иштей баштаса кандай пайда алып келерин жалпы жумурай -журт билсе деген ойду айталы деп турабыз. Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Ө. Бабанов да ушул жылдын 27-январында Талас эли менен жолугуу учурунда "Андаш" кенине көңүл буруп, кенди иштетүү маселесин тез арада чечип берүүгө убада кылды.

"Андаш" кенинин жергиликтүү элге келтирген пайда-зыяны
Эгерде "Андаш" кени иштей баштаса элге пайдасынан бөлөк эч зыяны жок. Элди дүрбөлөңгө түшүрүп: " Кен иштей баштаса уу заттар бөлүнүп чыгып ар кандай оорулар пайда болот"- деп, ар кандай ушак-айыңдарды таратып жаткан ошол жердеги жергиликтүү байлар. Алар баягы колхоз-совхоз тараганда чарбанын байлыктарын талап-тоноп алып байышып, 2-4 миңден кой, үйүр-үйүр жылкы күтүшкөндөр. Жергиликтүү эл болсо арзыбаган акчага алардын малын багышып, ж.б. жумуштарын кылышат. Соцфондго эч нерсе которулбагандыктан, алар пенсия жөнүндө ойлоп да коюшпайт. Кен иштей баштаса элдин баары көп маяна чыккан жакка кетип, "байлар" болсо арзан жумушчу күчүнөн ажырашарына көздөрү жеткендиктен, болгон күчтөрүн, айла-амалдарын колдонушуп, кандай болсо да кенди иштетпөөнүн аракетинде болуп жатат.
Ал эми кен иштей баштаса элге кандай пайдасы бар? "Андаш" кенинин азыркы инвестору Австралиянын "Кентор Голд" компаниясы, регионалдык директору Хью Маккинон мырза тоо-кен иштери боюнча өтө тажрыйбалуу адис. Анын айтуусу боюнча "Андаш" кенинин элдин ден-соолугуна эч зыяны жок, анткени, "Андаш" алтын-жез аралашкан кен. Адегенде алтын менен жезди аралашма түрүндө казып алышып, анан ошол концентрациядан алтын менен жезди бөлүш үчүн башка мамлекетке (Казакстанга) алып барып иштетишет. Башка кендердегидей цианид колдонулбайт. Радиоактивдүү нурдануу деген такыр жок. Кенди казып алууда флотация ыкмасы колдонулгандыктан эч коркунучсуз, айлана -чөйрө булганбайт. Тиги элди дүрбөткөндөр айтышкандай, Талас суусуна бир тамчы да кенден чыккан булганч суу куюлбайт. Мындай кепилдикти биздин кыргыз окумуштуулары да тастыктап жатышат.
Бул кенде 500 адам жумуш орду менен камсыз кылынып, анын 70 пайызын (300-350 адам) жергиликтүү элден алынган жумушчулар түзөт. Орточо айлык акы 25 миң сом болот. Өндүрүш ишке кирген күндөн баштап Көпүрө-Базар айлындагы ар бир түтүн айына 3000 сомдон акча алып турушат. Жылына Көпүрө-Базар айлынын бюджетине 35 млн сом бөлүнөт. Бул бир райондун жылдык бюджетине тете акча! Айылдын туруктуу өнүгүшү үчүн атайын 5 пайыз менен кредит линиясын ачуу белгиленип, ага 40 млн сом каралат. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар ачылып, МТС(машина-трактор станциясы) уюшулуп, айылды өнүктүрүү программасы ишке ашат. Айыл ичиндеги жолдор оңдолуп, чакан подстанциялар алынып келип, ар бир үйгө 3 электр фазасы киргизилет. Ооруканага жаңы жабдуулар, мектептерде компьютердик класстар ачылат.
Ө. Бабанов өткөн 2011-жылы Өкмөттүн пландагы 18 млрд сом бюджети толуп, дагы 3 млрд сом 2012-жылдын пайдасына артып калгандыгын, жакшылап иштесе эле акча өзүбүздөн чыгаарын Талас эли менен ушул жолугушууда айтып өттү. Мамлекеттин бюджетин толтурууда тоо-кен өнөр жайынын маанисин, айрыкча "Кумтөр" алтын кени 2011-жылы берген каражат, 2012-жылы дагы көбөйөрүн баса белгиледи. Мындан тышкары Талас обулусундагы "Жер-Үй" алтын кени да жакын арада ишке киргизилерин элге билдирди. Бул кендердин иштеши менен Республикалык, айылдык жергиликтүү бюджетке жана социалдык жактан өнүгүүгө канчалаган каражат түшөрүн, кендерди инвесторлор тарабынан иштетүүдө мамлекет 20 % га чейин акцияга ээ болорун, жалпы кирешеден жергиликтүү мамлекеттик администрацияга 2% дан түшүп турарын айтып, бул деген аябагандай чоң акча каражаты экендигин белгиледи. Ушул жылдын март айына чейин ар бир айыл өкмөтү кайра иштетүү боюнча чакан ишканалар, техсервистерди уюштуруу боюнча бизнес долбоорлорун иштеп чыгып берүүсүн өтүндү. Мындан тышкары айыл чарбасын колдоого 7-9 % дык кредит караштырып жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары 2 тепкичтүү финансылык бюджет кабыл алынарын айтты.
Эл арасында дагы кандай көйгөйлүү маселелер жөнүндө суроо-жооп болгондо, Кыргыз өкмөтүнүн уруксаты болуп туруп, 6-7 жылдан бери ишке кирише албай жаткан "Андаш" алтын кенинин инвестору австралиялык "Кентор Голд" компаниясы тууралуу да сөз болду. Р. Айдаралиев айыл округуна караштуу Көпүрө-Базар айлынын тургуну Батырбаев Акберди аксакал КР Президентине, Өкмөтүнө жана Жогорку Кенешке 28-ноябрь, 2011-жылы 500 кишинин колу коюлган, "Андаш" кенин иштетип берүү боюнча жазылган өтүнүч каттын жообун ушу күнгө дейре ала албагандыктарын айтып, дагы 1000 киши кол койгон ошондой эле катты жолугушуу учурунда Ө. Бабановдун өзүнө тапшырды. "Кен иштеп кетсе биздин жаштарыбыз жумуш издеп, алыскы мамлекеттерге тентип кетпейт эле жана ушул каттын жообун жакын арада алабыз деген үмүттөбүз"- деп кошумчалады карыя.
Экинчи тараптан келген Сабатаров Жумабек (Бузурман) да эгер "Андаш" кени ачылып иштей баштаса, анда Талас дайрасына доо кетерин Ө. Бабановго билдирип, элге айтып жана кенди иштетпей жаап берүүсүн суранды.
"Биз дыйкандарга 7-9 үстөк пайыз кредит берели деп акча каражат жагын издештирип кыйналып жатканда, ар бир түтүнгө 50 миң сомдон 5 % дык кредитти 3 жылдык мөөнөт менен бүгүн десе бүгүн, эртең десе эртең берели деп жаткан "Кентор Голд" компаниясын эмне үчүн колдобойбуз? "Колдо бар алтындын баркы жок" болбойлу.
Мындан тышкары, жогоруда аты аталган компания жолдорду оңдоого жана жазгы талаа жумуштарына дыйкандарга жардам кылып бир эксковатор, бир автомашина жана бир грейдер бөлүп, ага кеткен бардык чыгымдарды өз моюндарыбызга алалык деген сунуштарына ошол айыл өкмөтүнүн депутаттары каршы болуп жаткандыктары айтылды.
"Жаратылыш ресурстары" министрлигиндеги Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы, тоо-кен өнөр жайынын тажрыйбалуу адиси Орозбек Дүйшеев аксакал "Андаш" кени боюнча оюн сураганымда төмөнкүлөрдү айтып берген эле: "Бул маселе боюнча 2008-жылы көп чыр-чатактар чыгып, ошол кездеги чакырылыштагы депутаттар атайын комиссия түзүшүп, бизди да чакырып, көптөгөн адис-тер менен бирге изилдеп чыгып, "Андаш" кенин иштетүүдө эч зыяны жок, социалдык-экономикалык бир топ маселелер оң жагына чечилет деп корутунду жазып бергенбиз. Мен ошондо эле айткам, ушул маселенин бардыгына келишим түзүп, ошол келишимдин негизинде Өкмөттүн токтомун чыгарып, ал токтомду ЖК дан бекитип бергиле, анан ошол документтерди көтөрүп алып, биз адистер эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү дегенбиз. Тилекке каршы, андай документ ошол убагында даярдалган эмес".
Эми, андан бери далай суулар агып, коомдо эчен өзгөрүүлөр болду. "Андаш" кенин иштетүүнүн убакыт-сааты бышып-жетилди го, дейм.

Кеңеш Бакир уулу








КИТЕПТЕР


кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


а ­е¦Є.НҐй«