Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына
Кыргыз Республикасынын Президентине
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

Кайрылуу
Урматтуу КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары !
Урматтуу Алмазбек
Шаршенович!
Урматтуу Өмүрбек
Токтогулович!

Акыркы убакта биз бардыгыбыз оюн-зоок ишмердигине тыюу салуунун айланасында түзүлгөн кырдаалга күбө болуп турабыз. Казинолордун ишсиз калган жумушчулары митингге чыгып, мамлекетке болгон талаптарын байма-бай айтып жатканы белгилүү.
"Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу" боюнча кабыл алынган мыйзамга байланыштуу, аталган катмардын ишкерлери өз каршылыктарын билдирип жатышат. Бизнес коомчулуктун негизги нааразычылыгы жогоруда айтылган мыйзам, алардын ой-пикирисиз эле кабыл алынгандыгында. Мыйзамдын жыйынтыгы кандай болоору тууралуу алдын ала анализ да жүргүзүлгөн эмес. Баса белгилей кетүүчү нерсе, Парламенттин жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча чечимине, Өкмөт каршы болгон, бул тууралуу "Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу" боюнча мыйзамга болгон Өкмөттүн корутундусунда айтылат. Өкмөт мындай чечимдин аркасында жумуш ордуларын жоготкондор көбөйөөрүн, мамлекетке зыян келип, капитал чөгүп, мамлекеттин имиджи солгундап жана экономикага болгон салымдар жоголоорун алдын ала көрө билген.
Адегенде, оюн-зоок ишмердигин көзөмөлдөөчү мыйзамдар, жылдан-жылга катуулады. Айына, бир оюн столуна алынуучу 50 миң сом милдеттүү патент, 300 миң сомго көтөрүлгөндүгү эле буга далил. "КРдагы оюн зоок ишмердиги" боюнча 2008 ж. 11-августундагы мыйзам лицензия алуу үчүн атайын талаптарды койгон. Маселен казинону иштетүү үчүн, 100дөн кем эмес отуруучу жайы бар ресторан, жана 20дан кем эмес номерлүү мейманкана да болушу шарт эле.
Жогорудагы талаптарды аткаруу гана, оюн-зоок ишмердигине жол берген лицензияны алууга мүмкүндүк берчү. Лицензияларды берип жатып, мамлекет ишкерлерге, аталган тармактагы максаттарды ишке ашырууга 10 жыл кепилдик берди. Ишкерлер көрсөтүлгөн убакытка карап алдыдагы иштерди пландап, бардык талаптарды аткарышкан. Бирок, ишкердиктин көптөгөн субъектилери лицензия алгандан бери, эки жыл иштегенге жетишишкен жок, антсе да, мейманкананын, ресторандардын курулушуна жана инфраструктуранын пайда болушуна зор инвестиция жумшап коюшкан.
Конституциянын 5-п. 6-ст. ылайык "Жаңы милдеттерди орноткон же жоопкерчиликти жогорулаткан мыйзам же башка укуктук нормативдик акт кайра кайтарылууга күчү жок." Мындан тышкары КРнын "Ишкерлерди коргоо боюнча" мыйзамынын негизинде, мамлекет ишкерлердин укугун коргоого кепилдик берип, ошого катар эле аларга мамлекеттик колдоо көргөзөт. Ал эми кабыл алынган мыйзам, артка кайтарылууга мүмкүнчүлүк бербеген принциптин бузулушун, кырдаалдын начарлап, ишкерлердин укугу бузулгандыгынан кабар берип турат.
Жалпысынан алганда кабыл алынган мыйзам, 7 нормативдик укуктук анын ичинде эл аралык актка каршы келет. Ошондой эле, кабыл алууда процессуалдык катачылыктар кеткендиги тууралуу фактыны да айта кетүүбүз керек. Биз парламентте мыйзам долбоорун кабыл алууда бир нече жолу бул тууралуу эскертип өттүк.
Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуудан мамбюджет, казинолордун чыгымын кайтарып берип жана салык төгүүдөн кур жалак калып 5,5млрд сом зыян тартат.
Оюн-зоок ишмердигине тыюу салуу боюнча мыйзамга окшогондор, ишкерлердин укугун бузуп жатат. Мындай нерсе чочулоону пайда кылат. Учурда, бөлөк тармактагы ишкерлер да коркунучта турушат. Себеби, мамлекеттин жогорудагыдай кадамдары экономиканын бөлөк тармагындагыларга колдонуп калышы ажеп эмес.
Биз, КРнын жараны жана салык төлөөчүлөр катары, бийлик өкүлдөрүнүн өздөрүнө кеткен чыгымын кыскартуу демилгесин толугу менен колдойбуз. Ооба, ушундай жолдор менен гана биз бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскарта алабыз, бирок бул жетиштүү эмес. Мамлекеттик бюджетке кирешелерди дагы көбөйтүү зарыл.
Өкмөттүн программасын ишке ашыруу да финансылык чыгымдарды талап кылат. Мамлекетке зор суммадагы салык төлөөчүлөр, өкмөттүн программасынын ишке ашышына өз салымыбызды кошконго даярбыз. Биз болгону ачык-айкын, мыйзамдуу ишкердүүлүккө тоскоолдук жаратпагыла деп суранып жатабыз.
Учурда казино ээлерине, оюн-зоок ишмердүүлүгүн алып кетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар коңшу мамлекеттерден сунуштар түшүп жатканына карабай, биз өз активдерибизди алып чыгып башка мамлекеттердин экономикасын көтөргүбүз келген жок. Биз КРнын жарандары, бийликтен, жарандарды республика аймагынан чыгып кетүүгө аргасыз кылбай, тескерисинче легалдуу ишкердиктин иш алып барышына, мамлекеттеги экономиканын жана инфраструктуранын өнүгүшүнө шарт түзүп беришин суранып жатабыз.
Оюн-зоок тармагында иш алып барган ишкерлер, бизнес жүргүзүүдөгү убакыт аралыгында, талаптар катуулап, салык көбөйтүлгөн мезгилде да мыйзамга баш ийип келишкен.
Биз Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө саясий эрктүүлүк менен, оюн-зоок ишмердүүлүгүн мындан аркы уюштурулушу боюнча керектүү чечим кабыл алынышын сунуштайбыз. Мындай болгон учурда, биз сунуш кылынган шарттарды аткарууга милдеттенебиз. Буга катар бюджеттин киреше бөлүгүн 550 млн(өткөн жылдагы) сомдон 1 млрд сомго көбөйтүүнү милдеттенебиз, албетте бул нерсе калктын жашоо шартынын өзгөрүшүнө оң таасир берет. Салыктын бюджетке түшкөнүнөн сырткары, ишкердиктен түшкөн киреше инфраструктуранын өнүгүшүнө багытталат.
Биз бийлик өкүлдөрүн сүйлөшүүлөр столуна отуруп, консенсустун жолу менен мамлекеттин да, ишкерлердин да, коомчулуктун да кызыкчылыгы карала турган чечим кабыл алууга чакырабыз.
Оюн-зоок тармагында иш алып барган ишкерлер, оюн-зоок тармагын көзөмөлдөө үчүн төмөнкү шарттарды сунушташат.
1)КРнын аймагында оюн жана көңүл ачуу залдарынын ишмердүүлүгүнө тыюуу салуу:
Дал ушул оюн автоматтарынын ишмердүүлүгү коомчулукта чыңалууну жаратып жатат. Себеби бюджетке аз акча алып келүү менен катар, жаштарды жана аз камсыз болгон жарандарды өздөрүнө тартып жатат.
1) Казино иштетип жана кызмат көрсөтүүгө лицензия алган ишкерлерге мурда берилген лицензияда көрсөтүлгөн убакыттын аягына чейин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү:
Бул, ишкерлердин, мамлекет кепилдик кылган ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга, ишкерлердин укугунун корголушуна, жумуш орундарынын пайда болушуна, казинонун мурунку жумушчулары арасындагы социалдык чыңалуунун жоголушуна жол берет.
Буга катар эле, ишкерлер төмөндөгү талаптарды коюп жана аларды аткарууну милдеттенишет:
- Казинодогу минималдуу сандагы столдор 15-100 оюн автоматы;
- КРнын жарандарына кирүү төлөмү 300 АКШ долларынан кем эмес (бул талап чет элдиктерге иштебейт)
- Кирүүгө 21 жаштан өйдө;
- Ар бир казиного социалдык секторго колдоо көрсөтүү боюнча акча фондун түзүү талабы. Өзүнө балдар жана карылар үйүн ж.б камтыйт. Бул программанын негизине кумар оюндарына көз каранды болгон жарандарга, жана туугандарына психологиялык жардам көрсөтүү да камтылат
- black list ("кара тизме") - бул оюн-зоок жайларына кирүүгө болгон тыюу. Атайын жарандын же туугандарынын арызынын негизинде каралат. Бул шартка милдеттүү статус берүү сунушталат. (азыркыдай сот ишине кайрылбастан)
Муну менен биз мамлекеттин киреше бөлүгүнө жылына 1 млрд сом төлөп турууну милдеттенебиз, мурунку жумуш ордуларын сактап, жаңыларын түзөбүз, албетте калктын жашоо шартына, республикадагы инфраструктуранын өнүгүшүнө, инвестициялар тартылып, туристтик тармакка жагымдуу шарттардын түзүлүшүнө салым кошулат.
Оюн-зоок тармагынын ишкерлеринин атынан,
Оюн-зоок комплекстери Ассоциациясынын
Президенти
Мирлан Ташманбетов