Азимбек
Бекназаров: "Парламент кетсин"
2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революциялардын локомотиви Азимбек Бекназаров Президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоп, ал катта: "Элдин Жогорку Кеңеш сот реформасын жүргүзөт деген ишеними акталган жок, депутаттар бийлик менен акчаны гана бөлүштүрүп жатышат. Парламенттин "Акжолго" окшошуп калуу коркунучу бар. Депутаттар өздөрүн таркатып жибербес үчүн кандай демилгеге болбосун, келишүүгө даяр. Демек, азыр эки жол бар. Бири мыйзамдуу, экинчиси революциялык. Экинчисинин баасы кандай болорун баары жакшы билишет. Андыктан, Президент Жогорку Кеңешти тез арада таркатыш керек, анүчүн Атамбаев кааласа жол табат" деп кыштын күнүндөгү чагылгандай билдирүү жасады.
Бекназаров андан ары мындай парламент жана өкмөт менен эч кандай прогресс болбостугун билдирип, парламенттик шайлоого барыш зарылдыгын белгилеген. Эгер, өлкөдө реформа болбосо, эл президенттен жана парламенттен жооп берүүнү талап кылары шексиз экендигин айткан Азимбек мырза конституциялык реформаларды аягына чыгаруу зарыл деп эсептейт.
Азикеңдин ачуусу жаман эле, анан калса качан болбосун революциялар алдында чоң-чоң билдирүүлөрдү жасап калчу эле. Элдик революция деген эмне экенин билген президент анын айткандарын угар бекен, же эч кимди уккусу да, билгиси да келбей баратабы?


Байзаковго баатырдык!
Ушу тапта абактардагы курч кырдаал акырындап тынчтыкка түшө баштаганы айтылууда. Түшпөгөндө кайда бармак, ошол оозун тигип отургандар деле кимдир бирөөнүн буйругун аткарам деп, өз жанын өзү кыймакпы?! Баса, ушул жерден чыркыраган чындык сөзгө келсек, абак жайларынын анабашы Шейшенбек Байзаков мырзага баатырдык наамды ыйгарсак жарашчудай. Бул демилгени биздин редакцияга чалган ар бир экинчи окурман көтөрүп жатышат. Чынында эле ал тамыры жайылып, бутагы жер чийген криминалдык топтордун мамлекеттик машинага каршы коюлган аракетин таш каптырды. "Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" болуп келген кылмыш дүйнөсүнө чечкиндүүлүк менен каршы туруп, абактардагы акыркы айласына туруштук берди. Ооба, ага бүгүн колдоо гана керек. Кокус тайып, Өкмөт аны кызматтан шыпырды дегиче, криминалдардын жылдызы жанаары, кылмыш дүйнөсү темир тор артынан саясат жасаары турган иш эмеспи.


Каржы министрдин капчыгы бошоду…бу?!
Кыргыз капчыктууларынын бири, кадимки "түшпөс хан", Каржы министри Акылбек Жапаров буга чейин мамлекеттик декларация толтурууда өзүнүн капчыгынын чыныгы суммасын жашырып келгенин билебиз. Өткөн президенттик шайлоого чыгаар алдында да "Менин Атамбаев менен Ташиевдей бизнесим жок, акчам аз" деп байкуш болгонун да кулагыбыз чалган. Көрсө ал калп айтыптыр. Ага мисал катары анын жакында эле жалпы баасы 13 миллион АКШ доллары турган МИС ААКсын (мурдагы "Машиноиспытательная станция" көп тармактуу айыл чарба фермасы) сатып алганын айтсак болот.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, аталган ири чарбаны Бакиевдердин туугандары бутага алышса, кийинчерээк аны криминалдык чөйрөнүн лөктөрү ээлеп алууга аракет кылган имиш. Ошентип, ар кайсы "кыйындын" азабын тарткан чарба кожоюндарын акыры Каржы министри Акылбек Жапаров ыкка көндүрүп, сатып алууга жетишкен. Демек, эми эт, сүт, үрөн боюнча Акылбектин ирбити жүрөт окшоп калды...


"Алиби" пресс




Атамбаев, Бабанов, Оторбаевдер бизнесмендерге бейиш, карапайым калкка тозок курууда
(Башталышы өткөн санда)
- Жакындан бери Кыргызстанга Индиядан буйволдун этин ташып келип жатыптыр деген сөз жүрүп жатат. Сиздин пикириңиз кандай?
- Бул деле коррупция жыттанып турат. Себеп дегенде кандай сапатта келип жатат, жогоруда айтканымдай ким текшерип жатыптыр. Түпкүлүгүндө буйвол Индия, Пакистан, Таиланд, Камбоджа ж.б. толуп жаткан өлкөлөрдө багылат. Жалпы саны 70 млн.го жакын. Индиялыктар уйдун этин жебегени менен буйволду жешет. Букасы 1000 кг.га чейин эт берсе, ургаачысы 500-700 кг.га чейин эт берет. Сүтүнүн майлуулугу 8 пайызга жакын. Ар кандай ооруларга да туруктуу асыл мал. Мунусу го жакшы. Бирок, буйволдун этинин келиши менен Кыргызстанда эттин баасы арзандап кеттиби? Алып келишкенине жараша эттин баасына таасир берсе дурус болбойт беле. БУУнун азык-түлүктөр боюнча комиссиясынын иликтөөсү боюнча Кыргызстандын калкынын 2 млн.ну жакырчылыктын чегинде жашайт экен. Анын 70 пайызы айылда болсо, 20 пайызын шаардыктар түзөт. Ушуга жетип калдыкпы? Иликтеп көрсөм калктын негизги бөлүгү нанга басым жасайт экен. Азык - түлүк коопсуздугу деген нандан тышкары жашылча, эт, сүт өңдүү азыктар менен толук камсыз болуу дегендик. Жашылчаны жайына коелу, эттин баасы 300-400 сомго жетти. Мындай баанын айынан элдин негизги катмары этке жетпей калды. Илимий жактан алганда бир киши жылына 65 кг эт керектөөсү тийиш болсо, азыр 25 кг.га жетпейт. Эттин тутумунда белок, темир өңдүү адамга жагымдуу пайдалуу заттар бар. Жанагы аз кандуулук ушундан келип чыгууда. Анын айынан азап тарткан жарандарыбыз, айрыкча аялдар көбөйдү. Этке жетпей калгандан кийин кайдагы азык-түлүк коопсуздугун айтасыңар?!
- Сиздин пикириңизче буга ким күнөөлүү? Карапайым элибиз иштеп жаткансыйт. Ошол эле учурда анчалык мантыга албай да турушкансыйт...
- Кыргыздардай малчы барбы. Учурашканда эле мал-жаның аманбы деп сурайт эмеспи. Бирок, мал чарбачылыгыбызды масштабдуу өнүктүрө албай жатпайбызбы. Кыргызстанда 9,5 млн. жайыт бар же тоюттун 70 пайызын берет. Баса, 5 млн. калкы бар Кыргызстан жайыт боюнча дүйнөдө Казакстан, Австралия, Англиядан кийинки эле 4 - орунда турат. Тигилердин калкынын санын карагыла, биздикин карагыла. Анан ушундай жерде туруп элибизди эт менен камсыз кылалбай сырттан буйволдун этин, буштун бутун ташып жатканыбыз уят. Шүгүрчүлүк азыр кой-эчкинин саны 5 млн.го, уй 1 млн.300 миңге, жылкы 400 миңге, чочко 65-70 миңге, тоок 5 млн.го жетип калды. Ушунча малыбыз туруп эмне үчүн эт кымбат дейбиз да?! Мындан 3 жыл мурда эле калкыбызды 90 пайыз өзүбүздүн эт менен камсыз кылып калганбыз. Себеп дегенде сыртка чыгарбай, өзүбүзгө жумшачубуз. Анан экспорт деген башталды. Кызыл кулактар жеринде барып эки-үч эсе арзан алат да сыртка уруп жатышат. Фермерлер өздөрү базарга алып келип саталы десе 150 сомдон ашык өткөздүрбөйт. Ал жерде туташ мафия бар. Ошондуктан фермерлер жер-жерлерде арзан сатууга аргасыз. Ал эми жанагы кызыл кулактар элге 350 сомдон сатып, ортодон 200 сом пайда таап жатпайбы. Муну караган жан барбы? Мамлекет кайда?! Үч тамгасы, прокуратурасы, милициясы кайда?!
- Президент А.Атамбаев баанын кымбаттыгы эт өндүрүүчүлөргө жакшы эле таасир берип, алар байып жатышат деп жатпайбы. Сиз башкача айтып жатасыз?
- Дагы айтам мындан ортодо кызыл кулактар гана байып, эттин баасын асмандатып жатышат. Бул жерде ортомчулар гана жыргап жатат. Элге анча таасирин тийгизген жок. Карапайым эт өндүрүүчү 150 сомдон ашык сата албай келет. Кайра иштетүүгө же этти өзүбүздөн чыгарбоого аракет кылбасак болбойт. Буга аябагандай чиеленишкен коррупция аралашкан. Арасында депутаттар бар деп ачык эле айтып жатышпайбы. Алар "крыша" болуп мампайып отурушпайбы.Фермерлерге жарытып эч нерсе тийген жок.
Биздин койлорубуздун, баглан козуларыбыздын 90 пайызы Иранга кетүүдө. Уй этинин 55 пайызы Тажикстанга кетет экен. Казакстан шарп, бруцеллёз ооруларына байланыштуу тыюу салганына карабастан алып сатарлар ал жакка да айдап жатышат. Муну мамлекет эмне үчүн өз колуна албайт?! Баягы мал этин, атургай терисинен, туягына чейин элден жыйнап туруучу даярдоо конторалары кайда? Макул ал болбосо, этти өзүбүздө кайра иштетүүчү ишканаларды уюштурууга эмне үчүн болбосун? Андай эт комбинаттары Балыкчыда, атүгүл Нарында бар эмес беле. Мамлекет этти өзү сатып алып, кайра иштетип, ошондон баюунун ордуна демилгени кызыл кулактарга алдырып, оозун ачып карап отурат. Кезегинде айыл чарба өндүрүшүнүн 60 пайызын (эт,сүт, жашылча-жемиш),пахтаны 100 пайыз кайра иштетчүбүз. Азыр айыл чарба өндүрүш товарлары 7 пайыз гана кайра иштетилет. Анын ичинде этти кайра иштетүү 1,2 гана пайызды түзөт. Натыйжада мамлекет көңүл бурбагандан кийин эт өндүрүүчүлөр ортомчуларга жем болууда. Ошону менен калкыбыз 57 пайыз гана эт менен камсыздалып калды. Мындан чыгуунун бир жолу Путинди туураш керек. Эсиңиздерде болсо керек мурдагы жылы Орусиянын эгини күйүп кеткенде, буудайын сыртка чыгарууга тыюу салып коюшкан. Биз дагы ошондой жолго түшпөсөк болбойт. Ошондо барып эт арзандайт. Башка жол жок.
- Ушинтип эле кол жайып отура беребизбизби? Же азык кооопсуздугун камсыздоочу башка мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Бир сөз менен мамлекет азык-түлүк коопсуздугу боюнча эч нерсе кылган жок. Кур дегенде эт менен өзүбүздү 100 пайыз камсыз кылсак болот болчу. Азыр мал көбөйүп калды дедик. Бирок, аларды тоют менен камсыздандыруу бар болгону 22 пайызды түзөт. Мындай шарттарда эмне үчүн алыскы жайыттарды пайдаланбайбыз, Ырас, Соң-Көлдүн, Суусамырдын чаңы чыгып баратат. Ал эми Сыртты, Арпаны, Алайды эмне үчүн пайдаланбайбыз?! Мамлекет эмне үчүн муну колго албайт?! Бүгүнкү күндө Кыргызстандын этке болгон керектөөсү 250 миң тонна болсо, анын 45 миң тоннасы жетпейт экен. 45 миң түгүл 100 миңден ашыгы сыртка кетип, пайдасын бир ууч адамдар, мафия, коррупция көрүп жатпайбы. Айтор, ойлонбосок арымыбыз арыбайт.

Маектешкен
Темирбек АЛЫМБЕКОВ