БАЛА ТӨРӨЛГӨНДӨ
Кыргыздар илгертен салт- санаа, ырым-жырымга бай келген. Мисалга, бала төрөлгөндөн балакатка жеткенге чейин ар түрдүү ырым-жырым менен коштолгон. Айрым учурларына токтоло кетели.
Бала төрөлүп, жарыкка келгенде эле киндик энеси сүйүнчү айтуу менен баштайт. Сүйүнчү - төрөлгөн бала эркек болсо, атасы жана анын жакын дос-туугандары сүйүнчү беришет. Сүйүнчүлөгөндөн соң, ата-энеси кошуналарын чакырып, камдап жүргөн май, куруттарын жентек деп таратат. Бир нече күндөн кийин баланын атасы мал союп, элди чакырып той берет да, айылдагы аксакал кишиге алдына артыкча табак тартып, колунан келсе чапан кийгизип, ат мингизип, балага ат койдурат. Эскертүү: кыз балага андай ырымдар кылынбайт.
Жентек - жаңыдан бала төрөлгөндө куда, достору жентектеп мал, чапан, тамак алып келишет. Баланы көрүүгө келгендер көрүндүк берип көрүшөт.
Баланы асыроого берүү -балдары токтобой жүргөн адам жаңы төрөлөрү менен баланы башка бирөөгө тез берип жиберет. Бир топ күн же бир нече ай, же бир нече жылдан кийин мал, бычак, шибеге ж. б. Темир тезектер берип, баланы кайта сатып алат. Мындай ырымдар жасалган балдардын жолу жакшы болуп, балдары токтобой жүргөндөр токтоп да калат. "Элөөсүз" калсын деген ырым менен балага эң жөнөкөй аттар да коюлат. Мисалы: Бокчу, Күчүк жана башкалар. Төрөлгөн күндөн жети күн өткөн соң баланы бешикке салууга болот.
Кыркын чыгаруу - баланын төрөлгөнүнө кырк күн толгондо энеси бүтүн айылды кыдырып кырк курак сурайт, жыйнап келген майда чүпүрөктөрдөн курап көйнөк тигип, тамак-аш даярдап айылдагыларды чакырып даам берет. Муну баланын кыркын чыгаруу деп айтышат.
Баланын чачын алдыруу - бала төрөлгөндөн бир нече күндөрдөн кийин эркек жана кыз баланын чачтарын алдыруу да, бир жашка толгондо кыз баланын кулагын көзөтүү да жакын досунун өзүнө, зайыбына аш-тамак, белек-бечкек буюмдар алып барып чач алынып, кулак көзөтүлөт. Анда да мал энчилеп берүү, кийимдер берүү салты болот.
Бешикке салуу бул ырым кыргыздарда кадимки чоң той менен коштолот. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Бешик наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлуу. Салт боюнча бешикти төрөлгөн наристенин таенеси алып келет. Ал эми наристенин бешикке салынган күнүн бешик тою дешет. Илгертен эле бешик тоюнда нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чакырылган. Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишкен коноктор наристени алкашып, бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Ошол салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Баланы бешикке көптү көрүп, көп жашаган, көп төрөгөн, дөөлөттүү байбичеге салдырышат. Эгер ымыркай кыз болсо - бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо - чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп "бар бол", "оң бол" деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бешикке бөлөөрдүн алдында алгач ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: "Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!"-деп алып барып жаткырышып, "Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!" деп таңат. Бөлөп жаткан учурда ыйлаак болбосун деп салып жаткан байбиче оозуна боорсок тиштеп алат. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп жети нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Анан байбичелердин эң улуусу бешикти минип алып, камчылана теминет. "Ой, кайда жөнөдүң? Кайда барасың?"-деп сураганда: "Мекеге баратам",-деп жооп берет.

Бегайым Канатбек кызы





Көңүл күүсү
Балалыгым
калды эле
Кашка-Сууда

Кочкордун төр жагында, асманында,
Ээ, тууган болдуң бекен Кашка-Сууда.
Жайлоо ал, жабыкканың чыгат эстен,
Жарышкан суусун бойлоп басканыңда.

Басындым барбай жүргөн айыбыма,
Батпадым эргүүм ташып жайыгына.
Көралбай кыйла мезгил көзүм каткан,
Көр турмуш салып кетип кайыгына.

Бала кезде көп ойногон таштарымды,
Бакыр башым жаңылбай таппадымбы.
Курбуларды көргөндөй сагынышкан,
Кучактап улам бирин жатпадымбы.

Чейрек кылым болуптур кеткениме,
Чегилген сөз толуптур беттерине.
Баягы эле ордундагы ташты көрүп,
Барып келдим балалык кездериме.

Ал таштарга эчкидей чыгар элем,
Ар тарапка көз салып турар элем.
Бууруккан Майкулактын чокусуна,
Буулугуп караганга кумар элем.

Таштарым үн чыгарбайт сөздөрү жок,
Таштыгынан жүрөгүмдү сезгени жок.
Агып жашым, айланып көпкө турдум,
Ата-энемдин журту турат, өздөрү жок.

Кашка-Суунун жээгин жайлап алып,
Кара бээсин жалгыз эле байлап алып.
Каралдым атам-энем жүрүүчү эле,
Жандыгын анча-мынча айдап алып.

Табылчудай алардын изин издеп,
Табылгынын чогундай ичим түтөп.
Эңшерилип капталым толбой турду,
Эч кайрылбас андагы күндү күсөп.

Кайрылбас балалыктын учканын айт,
Какшаткан Кашка-Суунун муздагын айт.
Табалбай бир кездеги жоготконду,
Таштай катып көңүлдүн түшкөнүн айт.

Келбеген күндөрүмө катуу сынып,
Кейип турсам өзүмө ичтен сызып.
Ээрчий келген неберем күлүп турат,
Эртеги мен ойногон ташка чыгып.

Таап алгандай балалык күндөрүмдү,
Ташты жара каткырып күлбөдүмбү.
Кашка-Суудай кайрылбай аккан өмүр,
Калаарын балдарыңда билбедимби.

Кочкордун төр жагында, асманында,
Ээ, тууган болдуң бекен Кашка-Сууда.
Барсаңар балким ала келээрсиңер,
Балалыгым калды эле таштарында.

Темирбек Алымбеков