Балбан билек
Дүйнөнү багындыруучу балбан АКШда

Мушташ өнөрү кыргыздын канында бар. Кыргыз кыргыз болгону ат жалында шамалдай ойноп, жөө күрөшкө келгенде далысы жер жыттабаган өжөр, кармашкандын каруусунан кан чыгарган күчтүү, эр көкүрөк эл эмеспи. Бул боюнча кадимки Манаста да "найза менен сайышып, кылычташа калышып, андай айла болбосо багелектен алышып, бучкакташа калышып, омуроодон алышып, буттан чала калышып" деген саптар бар. Ошондон уламбы, ушу бүгүн да кыргыз жигиттери дүйнөнүн ар бурчунда спорттун көп түрү боюнча ийгиликтерди жаратып, кызыл туубузду кылкылдатып келишет. Алардын бири эрежесиз эр уруш (бой без правил), кармаш уруш (панкратион), аскердик самбо (боевое самбо) спорттук мелдештеринин Кыргызстан боюнча бир нече жолку чемпиону, Вале-тудо, Ушу-саньда таймаштары боюнча эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багынткан Болот Абдыкеев . Ал ушу тапта Американын Филадельфия шаарында машыгуудан өтүп, чукулда дүйнө биринчилигине чыкканы турат. Алысты жакындаткан "агент" менен азыноолак маектештик...

- Боке, панкратион, Вале-тудо жана кармаш уруш спортуна кантип келип калдың эле?
- Кыргыздын канында бар эмеспи, жерден боорду көтөргөндөн тартып эле эркек балдар күрөшмөй, мушташмай өнөрдү улап, чогулган жерде кармашып калабыз. Мен дагы кичинекейимде шок чыгып, кой десе болбой эле ар ким менен күрөшүп, алым жеткен, жетпеген менен деле мушташа калып жүрдүм. Антпесең, айылда "атагың" чыкпай, атамандыктан кол жууйсуң да, тамаша. Ошентип жүрүп, спорттун эркин күрөш жагына кирип кеттим. Биринчи жолу ушул эркин күрөш менен айыл аралык, райондук мелдештерге катыша баштадым. Бирок, ошол кезде Кыргызстанда кикбокс, панкратион спорту катуу башталып, кыргыз жигиттери каршылашын жалпайта чаап, даңктуу боло баштаган. Кийин Бишкекке келгенде спорттун ушул жагы мени өзүнө тартып, анын үстүнө машыгууга да шарттар түзүлүп калган экен, баш отум менен кирип кеттим. Алгач кармаш эрежесиз эр уруш, кармаштын бразилиялык түрү болгон вале-тудо, согуштук самбо боюнча тынбай машыга бердим. Бул боюнча мага өзүнүн бай тажрыйбасын бөлүшүп, машыктырып, кеңешин айтып, ийгиликтерге жеткирген агайым Бообек Тотошев болду. Ошону менен көп жеңиштерге жетишип, өзүмө улам жаңы максаттарды кое баштадым.
- Ушуга чейин көп эле кармашка чыгыпсың, олуттуу жаракат алып, ооруканага чыккан учуруң болдубу? Же болбосо чоң спорт ден соолукту жейт деп коюшат го?
- Эми спорт деген спорт да. Антип, ден соолугуңду аяп отуруп алсаң, эч нерсеге жетпейсиң. Бирок, мен жеңем деп, өмүрүңдү, саламаттыгыңды да садага чабуу туура эмес. Бардыгы сенин туура машыкканыңдан, атаандашыңдын таза кыймыл-аракетинен көз каранды. Кармаш учурунда көп эле окуялар болду. Кармаш уруш боюнча дүйнөлүк биринчиликке чыкканымда, үчүнчү атаандашым орусиялык Илияз Абаев менен бет келип, ийнимден катуу жаракат алгам. Кыйналганымды айтпа. Бир жумадан кийин Кыргызстанга келип, операция жасаткам. Дарыгерлер спортту ташта деп, мен көшөрүп жүрүп, бирок, спорттук карьерама 2 жылдан ашуун "каникул" болгон. Ошентсе да 4-шаардык ооруканадагы Эркин жана Жыргалбек деген дарыгер агаларга ыраазычылык билдирем. Алар жакшы дарылаган үчүн минтип, спортту улантып келе жатам.
- Азыр Америкада экенсиң. Күндөрдү кантип өткөрөсүң?
- Америкада стабилдүү жумушум деле жок, азырынча. Бул жак Алатоомдогудай өз үй, өлөң төшөгүм эмес да. Уктабайм деле, эрте ойгоном. Тамак-аш жагы биздикине жетмек беле, кыйынчылыктар көп. Биздин айран, сүт, каймак, чучук, жарма, кымыз көзгө элестейт. Машыгуу оор, кубаты жок тамак-ашты айласыз жейсиң, ал кетет. Филадельфия шаарында аба ырайы да бир кыйла ысык. Машыгуучу залым ошол шаардын бир бурчунда. Залда ар кошкон улуттар машыгабыз, жалпы досчулук маанай бар. Кээде Кыргызстандан келген туугандар тамак-аш ала келет, аны ушул жердеги жаңы достор менен бөлүшөм. Чучук менен кымызды баары тамшанып ичип жешет.
- Машыктыруучулар же ошол айланаңдагылар кыргыздар тууралуу билеби? Эмнелерди айтышат?
- Ооба, кыргыздар тууралуу билгени да, тилекке каршы, билбегени да бар. Бирок, жанагы 7-апрель окуясын, 100гө чукул жигиттердин окко карай чуркаганы тууралуу көбү билишет. Аны айтып жатышса, арданам. Качан биз бийлик талаш, паракорчулук, жаман жагыбыздан эмес, жакшы жагыбыз менен таанылабыз деп кейийм. Чехиялык досум бар, аябай маданияттуу жигит. Ошону менен орус тилинде сүйлөшкөндө бийлик башындагы кары адамдар, аймактык бөлүнүү тууралуу айтсам, ал аябай таң калды. Менин бетиме эле "мындай болбойт да, бул маңкурттук" деп, ошондон бери мага эне тил боюнча саясатын жүргүзөт. Мен ичимден "эхх, алы жаны азайып бараткан эне тилимди кантим сактап калам" деп ойлонуп калам.
- Сен турган жерде спортчуларга кандай мамиле кылышат экен? Колдоо жакшыбы?
- Бул жакта спортчуларга болобу, же жөн эле адамдарга болобу тең карашат. Коррупция дегенди, бийлиги бар, байлыгы бар дегенди такыр билишпейт. Ар бир жарандын эмгегин баалап, өз эмгегин өзүнө туура беришет. Албетте, мен Мекенибизден эч бир жерди өйдө койбойм, бирок, чындык улуу да. Бул жакта мыйзам чегинде иш кылсаң, өз ишиңди билсең, баары менен укугуң бир. Кодулаган эч ким болбойт экен. Кудай буйруп, Кыргызстанда спорттун шарттары Американыкына жакындаса, өз жерибизден машыкканга не жетсин?! Ичимен ошону тилеп, кыргыз жигиттердин спортко болгон тартылуусу көп болсо экен, желекти көтөрүп, гимнди жаңыртып, жеңиштерге жетсек экен деп жүрөм.
- Жакында дүйнөлүк чемпионатка чыгат экенсиң?
- Ооба, Кудай буюрса дүйнөлүк чемпионатка жакынкы күндөрү же 4-февралда чыгам. Бул мелдеш жиу-житсу түрү боюнча. Андан кийин ММА, М-1, жана UFCке чыгып, өзүмдү сынап көрөйүн деп чечтим. Мен бул максаттарымды колдогон Эмил Өмүракунов, Бакыт Жусубалиев, Алмаз Эгембердиев агаларыма, чоң таякем Эрмек Жумабаевдерге ыраазычылык билдирем. Сиздерге да рахмат, нускаңар көбөйүп, алыс-жакындарды жазып жүрө бергиле.

Тынчтык Алтымышев