Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Ташка баткан элестер

Кыргыздын таланттуу сүрөтчүлөрүнүн бири Керимбек Букар 1959-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Терек айылында төрөлгөн. С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин, билим алуусун Москвадагы Суриков атындагы сүрөт окуу жайынан уланткан. Керимбек Букар андан кийин да Москвадагы орус сүрөт академиясында окуп, билимин жана сүрөтчү катары чеберчилигин тереңдеткен, өркүндөткөн.

Ошондон уламбы, ал сүрөт катары дүйнөнү көрө билип, полотного түшүрүү стили боюнча өз муунундагы сүрөтчүлөрдөн кескин айырмаланып турат. Анын кыл калеминен жаралган картиналар бир убакта эле жөнөкөй да, бир убакта эле татаал. Аны жөнөкөйлүктүн татаалдыгы, татаалдыктын жөнөкөйлүгү десек болот. Эң башкысы, анын таланттуу экендигинде талаш жок. Андагы дагы бир артыкчылык, ал дайыма изденет, дайыма жаңы табылгаларды, боекторду таап, өз картиналарында пайдаланат. Андан тышкары, анын чыгармачылыгындагы өзгөчөлүк анын таштарга оюу салып, таштарга жан киргизгендиги. Бул сүрөтчүлүктөгү өтө татаал ыкма.
Анын картиналары 1988-жылдан баштап Москва, Ленинград, Бишкек, Новосибирск, Алматы, Магдебург, Любляна, Дака ж.б. шаарларда, чет мамлекеттерде өткөн эл аралык деңгээлдеги сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлуп келатат.

Нуржигит Бейшебаев







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??