Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Депутаттык бөлмө
Эл багарларбы, же жан багарларбы?

Ө здөрүн "улуттун каймактары", "эл багарлары" деп эсептеген кыргыз парламенти: депутаттарга кызматтык машина керекпи, же керек эмеспи дешип, Сократтан бетер баш катырышып жатышат. Мушташканга чейин барышты. Бирок, ачыгын айтып коюу керек, биздин депутаттар канчалык ойлонбосун, алар Сократ эмес, анан калса, кызматтык машина демекчи, мында ойлоно турган деле, ойлонууга арзый турган деле эч нерсе жок. Депутаттар бири-бири менен мушташкан менен алардан Майкл Тайсон да чыкпайт. Болгону парламенттин кадыр-баркын кетирип, репутациясын түшүрүшөт.


Чындыгында, биерде маселе депутаттык машиналардан баш тартуу менен үнөмдөлө турган 140 миллион сом акчада деле эмес. Маселе, дүйнөнүн бир да мамлекетинде депутаттар кызматтык машиналардан жана кызматтык квартиралардан пайдаланбай тургандыгында. Кызматтык машина айланасындагы депутаттардын талаш-тартышын көрүп алып, карапайым адамдар, же тагыраагы шайлоочулар булар эл багарларбы, же жан багарларбы дешип, муштумдарын түйүп отурушат. Анан ачуу келбей турган жорукпу, депутаттар мукурап, колунда эч нерсеси жок олтуруп калган адамдар болсо бир жөн эле. Депутаттардын ар биринин бизнеси бар экенин, колунда бар бардар адамдар экенин улам-улам кайталап отуруунун кажети деле жоктур. Бирин-экин депутаттарды айтпаганда, кыргыз парламенти акыркы жыйырма жылда базаркомдор менен коммерсанттардан куралган парламентке айланып калганы эч кимге деле жашырын эмес. Муну эч бир депутат тана да албайт. Ар биринин астында карапайым адамдардын түшүнө кирип чыкпаган машинасы, үстүндө үйү бар адамдар десек эч жаңылышпайбыз. Ылайым эле ошондой болсун. Шайлоочулар алардын астындагы ашын тартып алалы, алар минген машинаны, биз минели, алар жашаган үйдө биз жашайлы дебейт. Дегеле, анткен да эмес. Элден айланса болот, элден айкөл, элден кеменгер барбы? Бирок, ошол карапайым эл шайлаган депутаттар орус элинин "царевна-лягушка" жомогундагы көз жоосун алып, жоодураган кыз бакага айланып калган сыңары, депутат болуп шайланып алар замат, өмүр бою бир жакшылык көрбөгөн бечарага, бомжго айланып калып жатышпайбы. Үйүм жок, астымда машинам жок деп ыйлап турса, жандарына киши чыдап тура алгыдай эмес го, чиркин.
Кызматтык машиналардан баш тартуу демилгеси көтөрүлгөндө тактекедей түйүлүп, чыңырып, жерге жата калып, ыйлагысы келген депутаттарды көрүп, ошол "царевна лягушка" эске түштү. Чындыгында, Өмүрбек Текебаевдин бул сунушу андай деле айрым айым депутаттар айткандай, жеңил пиар эмес. Бул турмуштук эле зарылдык. Эгер, Жогорку Кеңештин гаражында болгону 75 "Тойота Камри" машинасы болсо, анын 10у ИИМдин балансына берилген экен. Демек, депутаттарды 65 гана кызматтык машина тейлейт. Мунун өзү, депутаттык корпустун жарымы - 55 депутат өздөрүнүн жеке унаалары менен жүрүшөт дегенди түшүндүрөт. Ушул өңүттөн алганда деле, мамлекет же бардык депутаттарга иштөө үчүн бирдей шарттарды түзүп кызматтык машиналар менен камсыз кылуусу керек, же депутаттардын баары кызматтык машиналарынан баш тартууга тийиш маселе турат. Ушу экөөнүн бири. Мыйзам жазып жаткан депутаттар өздөрү биринин укугун бири тебелеп, бири кызматтык үйлөрдө жашап, бири кызматтык машиналардан пайдаланып, башкалар андай укукка ээ болбосо, карапайым адамдардын укуктары сакталышы тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Өз укуктарын теңдей албаса, анда депутаттар парламентте текей терип отурушабы?
Эң башкысы, биз, карапайым шайлоочулар парламентке мамлекет үчүн, эл үчүн иштейт экен деп, эл багарларды шайлагандай болду элек, тилекке каршы алар парламентке өтүп алганы жан багарлар болуп калганы, улуу урматтуу депутаттарыбыз бири-биринин укугун каалагандай тебелеп-тепсеп жатканы аябай эле өкүнүч жаратат. Андан да өкүнүчтүүсү, маселе депутаттардын кызматтык машиналардан баш тартуу менен үнөмдөлө турган 140 миллион акчада деле эмес. Маселе, депутаттар парламентке эмне үчүн, эмне максатта шайланып келгенин унутуп, көздөрүнө кызматтык машина менен кызматтык үйлөрдөн башка эч нерсе көрүнбөй, депутат болуу десе жан багарлыкты түшүнүп, жан багарлык депутаттык максатына айланып калганында болуп отурат.




Депутаттар жашообуз жаман десе ишенбегиле
Айдаганың "Мерседес", кечиресиз "Лексус"

Өз мезгилинде, "Mercedes-Benz" машиналардын алды болчу. Азыр депутаты болобу, министриби, же катардагы эле бизнесменби, фермерби дээрлик "Mercedes-Benz" минбей калышты. "Сенин досуң ким экенин айтып берсең, мен сенин ким экениңи айтып берем" дегендей, депутаттардын минген машинасына карап, алар тууралуу айтса болот.


Айталы, айтымда кызматтык машиналардан баш тартуу демилгесин көтөргөн Өмүрбек Текебаев 0112 KG номерлүү "Тойота Камри" машинасын минет экен. Жаңылбасак, 75 "Тойота Камри" машинасы "Ак жол" партиясынан куралган депутаттар үчүн Бакиев бийлиги тушунда 2007-2008-жылдарда сатылып алынган. Андай болгондо, Өмүрбек Чиркешович деле кызматтык машиналардан баш тартуу демилгесин көтөргөн менен көп депутаттын бириндей кызматтык машина менен жүрөт окшойт. "Тойота Камрилер" базарда 17500дөн 21400 АКШ долларына чейин турат. Мындай унааны албетте, айылдагы карапайым физик мугалими сатып алышы кыйын. Анүчүн ал мугалим өмүр бою ичпей-жебей, эмгектениши жана да эмгектениши керек. Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы чоң болгон менен, алар деле ичпей-жебей 1,5-2 жыл иштегенде гана, "Тойота Камриге" жетет.
"Атажуртчу" депутаттар Азамат Арапбаев ("Лексус LX570" 0028KG) менен Улан Чолпонбаев ("Лексус LX570" 0030KG) "Лексус LX570" унааларынын кызматынан пайдаланат деп айтышат. Биз билгенден, Жогорку Кеңештин гаражында "Лексус LX570" машинасы жок. Демек, Азамат менен Улан мырзалар жеке машиналарын минет десек болот. Мындай унаанын баасы Бишкекте 87 миң АКШ доллары турат. Демек, "Лексус LX570" маркасындагы машинаны колунда бар гана депутат минери айтпаса да түшүнүктүү. А катардагы депутат "Лексус LX570" тууралуу кыялданбай да койсо болот. Дегенибиз, депутаттык маянаны ичпей-жебей беш жыл чогултса да, бир мөөнөт аралыгында аталган маркадагы машинаны сатып ала албайт. Анүчүн айрым депутат айымдарыбыз сыяктуу көйнөк-көнчөк алуу үчүн, төрагадан гумжардам алып турууга тийиш.
Игорь Гусаров деген "Ар-Намысчыл" депутатыбыз бар. Айтымда, ал 0065KG номерлүү "Рэйндж Ровер" кызматтык унаасын минет экен. "Рэйндж Ровер" анын өздүк машинасы экени айтпаса да түшүнүктүүдүр. Бул маркадагы машиналар базарда 68-74 миң АКШ доллары турат. Бишкекте андай машиналар чанда бир сатылып, АКШдан атайын заказ менен сатылып алынып келет экен. Мына ушундай машина минүү үчүн маселен, сиз окурман Россияга барып, канча жыл иштеп келүү керек деп ойлойсуз, аны өзүңүз эсептеп алсаңыз болот.
"Ар-Намысчыл" дагы бир депутатыбыз Кожобек Рыспаев 0074 KG номерлүү 2003-2010-жылдары чыккан "Тойота Лэнд Крузер Прадо" унаасын минет экен. "Тойота Лэнд Крузер Прадо" депутатыбыздын өз машинасы чыгар деп ойлойбуз. Айтымда, мындай машиналар чыккан жылына жараша, 29500 АКШ долларынан 53000 АКШ долларына чейин турат. Маселен, катардагы журналист мындай машинага жетиш үчүн 20 жыл эч нерсе жебей-ичпей, кагаздан баш көтөрбөй иштеши керек. Жогорку Кеңештин депутаты деле өз айлык акысына беш жылдык мөөнөт ичинде"Тойота Лэнд Крузер Прадо" машинасын сатып алышы күмөн.
Айтор, депутаттар биринен бири кем машина минбейт экен. Эгер, "Республикачыл" Назарали Ариповдун 0088KG номерлүү "Лексус LX470" (албетте, өзүнүкү болсо керек) машинасын минерин эске алсак, мындай маркадагы машиналар чыккан жылына жараша 26300 АКШ долларынан 45000 АКШ долларына чейин турат. Көз жоосун алган андай машинага жетиш үчүн милиция кызматкери өмүр бою ичпей-жебей, үйлөнбөй акча чогултуш керек.
Ширин Айтматова деген ширин кызыбыз 0123 KG номерлүү "Лексус RX330" маркасындагы унаанын кызматынан пайдаланат экен. Айтымда, бул маркадагы машиналар 22500-30000 АКШ долларынын айланасында. Демек, мындай машинага жетүү үчүн акын, же жазуучу болом деген адам ал оюнан баш тартышы керек. Болбосо, көрүнгөн бизнесменге, депутатка барып жалдырап, китебимди чыгарып берип кой деп жалдыраган акын менен жазуучу кыялында гана андай машина минбесе, "Лексус RX330" машинасына бул жашоосунда жетиши кыйын, ыраспы, акын - депутат Эгемберди Эрматов мырза?


Бетти даярдаган
Болотбек Таштаналиев







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??