Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргызстан "ажалдуу чымын" кейпинде

Биздин саясатчылардан, мамлекетибиздин бүгүнкүдөй мышык ыйлай турган абалга кептелип калышынын себептерин сурай келсең, "Кыргызстан аябай жаш мамлекет, кагылат, согулат акыры бир күн укмуштуудай мезгил келет. Бул кадимки көрүнүш, оңолобуз" деп оптимисттик маанайда жооп берип кутулушат. 20 жылдан ашуун убакыт болду өз алдыбызча мамлекет болгонубузга, кайсы жаштыгыбыз калды? Биз менен жашташ Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Грузиянын акыбалы кандай да, биздин акыбалыбыз кандай? Мына ушул өңдүү суроолор, биздин саясий эрки жок, саясий элитабызды көп ойлонтпойт окшобойбу. Же биздин мамлекетибиз азыркы күндө чоң державалардын "пешкасына" айланып калгандыгын сезишпейби? Кызыгы мындай абалды карапайым калк жапжакшынакай сезип, көрүп-билип турат.


Жаңы жана табышмактуу үмүттөр
Жаңы президенттин шайланышы менен бизде ар убак жаңы үмүттөр жаралат. Бирок, аз жыл өтпөй ал үмүттөр да, жаңы ажого болгон ишенич да кумга сиңген суудай тыптыйпыл жоголот. Бул тажрыйбадан өткөн көрүнүш. Азыркы ажо А.Атамбаев тактыга келген күндөн тарта да, укмуштуудай сөздөр сүйлөнүп, көкүрөк опкоолжуп турат. Коңшу мамлекеттерди түрө кыдырып, Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы нөлгө түшүп калган рейтингин көтөрүүнү максат кылып жатканы түшүнүктүү. Бирок, тышкы саясатта туура кадамдар жүргүзүлүп жатабы? Азыркы укмуштуудай убадалар, эртең унутулуп, ажобуздун "аптарийкаты" төгүлүп калбайбы? Бул өзүнчө маселе.
"Кыргызстан Орто Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат" бул саясатчыларыбыздын дүжүр сөзү. Атамбаев да колдонуп жүрөт. Өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуу үчүн, эң ириде ажобуз Турцияга таянып иш алып бара баштады. Жашырганда эмне, Турциянын президенти менен биздин президент саясаттан тышкары да досчулук мамилеси бар дешет. Дос-тук достугу менен, бирок, бизге инвесторлор керек. А инвесторлорго тынч, стабилдүү өлкө болсо болду. Акыркы революциялар, таланган түрк ишканалары, ошол эле "Бета Сторесстин" тонолгон кейпи түрк ишкерлерин Кыргызстанга бизнес ачууга шыктандырат деп айтуу кыйын болчу. Бирок, ажобуз Турцияга сапар алды. Режеп Тайып Эрдоган менен жабык эшик артында дээрлик үч саатка чейин баарлашты. Салабаттуу, абройлуу делген түрк ишкерлери менен байма-бай жолугушуулар болду. Ошентип сапарга кеткендер сырдуу жылмайып кайтышты. Ажобуз "көптөгөн алдыдагы чоң пландар тууралуу сүйлөштүк, жарыялабай турайын көз тийип калбасын" деди кубантып. Жанында коштоп баргандар "Кудай буюрса көптөгөн пландар ишке ашканы турат" дешти. Бирок, бир дагы такталган, атайын бир белгиленген күнү биздин экономикабызга оң таасир тийгизе турган мына мындай иш башталганы турат деп айткандар болбоду. Кыскасы бардыгы табышмак бойдон калды. Демек, сыр бойдон катылып калган ал сүйлөшүүлөргө ишеним артып болобу? А балким жолугушуулар ийгиликсиз болуп калгандыр? А бирок, бул арада айрым бир эксперттер "Түркия эч убакта күч берүүчү инвестор боло албайт, болгон да эмес" деп жар салып койгонго жетишишти. Ал эми чет жерге болгон сапарларды азайтуу менен Кыргызстан тышкы карызынан эбак кутулуп коймок деп Режеп Тайып Эрдогандын айтканы "тонкий намек" болуп калган сыңары. Кыскасы, саясатчылар өздөрү айтмакчы бардыгын убакыт көргөзөт окшойт.

Азыркы ажобуз да саясий оюн баштадыбы?
А бирок, кээ бир маселелер убакыттын өтүшүнө көз каранды болбогондой. Дегенибиз Манас аэропортунун аймагындагы "Ганси" авиабазасы 2014-жылы чыгат деген убада бар болчу. Саясатчыларыбыздын акыркы берген маалыматтарына таянсак, 2014-жылдан кийин бөлөк форматтагы база болууну АКШга сунуштайбыз деп жатышат. Адистердин айтымында, ажо жарыштын алдында мындай убадалар байма-бай айтылып, бирок эле ишке ашпай калчу нерсе экен. Себеби, бюджети тешик Кыргызстан өлкөсүнө ижара акысына төлөнүүчү 60 млн доллардан баш тартуу кыйынга турууда. Ал эми негизги өнөктөш болгон Россия мамлекети КРнын аймагында бул авиабазанын жок болушу үчүн аябагандай эле аракет кылып келүүдө. Жакында эле Россия тараптын 500 млн рублдук аскер техникасын тартуулаганы да өзүнчө бир нерседен кабар берип тургандай. Мындай кырдаалда биздин өлкө баягы кагыша турган эки төөнүн ортосундагы ажалдуу чымындын кейпин кийип отурат. Себеби , Ганси авиабазасынын айланасындагы маселе учуру келгенде курчуй турганы айтпаса да белгилүү. Бул арада АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча, кулак кагыш кылууда. Мындай кадамды АКШда жакынкы арада болуп өтүүчү президенттик шайлоонун астындагы үгүт иши, пиар катары баалап жаткандар четтен чыгат. АКШ жарым аскерин чыгарып, жарымын Афганистанды кайра калыбына келтирүү үчүн деген шылтоо менен алып калат дешет адистер. Андай болгон учурда АКШ "Гансини" кандай да болсо биздин аймакта кол тийбес бойдон сактап калууга далалат кылары белгилүү. Демек, ижара акысын көбөйтүү маселеси козголот. Маселени бул жагынан алып караганда, ажобуз ижара акыны көбөйтүү үчүн саясий оюн жүргүзүп жаткандай туюлат. Бул тууралуу айтылуу "АльДжазира" да жазып чыкты. Оюн-оюну менен деңизчи антсе дагы, эки тоонун чөбүн эңсеген теке ачка өлүптүр деген сөздү да унутушпаса оң болор беле. Тагыраагы туура эмес саясаттын негизинде, Кыргызстан АКШ менен Россиянын колдоосунан кур жалак калып, же болбосо кызыкчылыгын уттуруп жиберген бирөөсүнүн (же АКШнын, же Россиянын) агрессиясына дуушар болуу коркунучу бар. Андай болгон мезгилде "Араб жазы" өңдүү чоң долбоордун курмандыгы да болуп калышы ажеп эмес. Ал эми адистер болсо, дагы бир тополоңду биздин мамлекет көтөрө албай тургандыгын айтып келишүүдө. Турция же инвесторлорду бизге жибере ала турган башка бир тараптар, эки төө ортосундагы биздин мамлекетке өз ишкерлерин жиберүүнү каалайт болду бекен? Маселенин бул тарабына бийлик азырынча көңүл бурууга ашыккан жок.

Мирлан Өмүралиев




"Соодада" достук жок
Кыргызстан: кимиси дос, кимиси тууган?
Кыргызда "атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар" деген кеменгер кеп бар. Анысы кандай, Кыргызстан жалгыздыктын кордугун далай эле тартты. Жашырганда эмне, биз Кыргызстан "душмандан" эмес, туугандан күйдүк, "түбөлүк достордун" азабын тартып келатабыз. Жападан жалгыз кылкылдаган Кытайды айтпаганда, башка кошуналар - Кыргызстан менен түбөлүк достук тууралуу келишимге кол коюшкан өлкөлөр иш жүзүндө, турмушта Кыргызстан менен кандай дос экенин далилдеп да келатат. Ошол эле Россияны алалы, Казакстанды алалы, Өзбекстанды алалы. Ошол үчүн Кыргызстан менен ким чыныгы дос да, ким чыныгы тууган деген маселени күн тартибине кабыргасынан койсок жарашат. Анткени, Кыргызстан менен дос дегендерибиздин достуктан башка да, финансылык кызыкчылыктары жатканын биз жашырбай эле айтышыбыз керек.
Маселен, кечээ жакында Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстан менен Азия Өнүктүрүү Банкы ортосунда болгон кызматташуу түзүлгөндөн тарта, алардан жардам катары 1 миллиард доллардан ашык каражат алганыбызды, демек, бул банктын Кыргызстанга дос экенин көрсөтөрүн" айтып чыкты. Албетте, дос деген сөз кулакка жакшы угулат, бирок, Азия өнүктүрүү банкы бизге бекер акча берип жатыптырбы? Алгандын бермеги бар дегендей, эртеби-кечпи 1 миллиард долларды төлөй турганыбызды унутпашыбыз керек.

Агабыз Түркия
Алмазбек Атамбаев президент катары алгачкы иш сапары менен боордош Түркияга барып: "Кыргызстанга Түркиядай башка эч бир өлкө жардам берген жок" деген билдирүү жасап ийди. Мүмкүн, акыркы жыйырма жылда бизге кимдер гана жардам берген жок. Баары беришти, жадагалса, Африка мамлекеттери да Кыргызстанга жардам берди. Демек, дүйнөлүк масштабдан айтканда, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнашты өтө эле ысык, бизге Түркиядай эч ким жардам берген жок дегенде болбойт. Түркия берген жардамды башка мамлекеттер деле берип жатат, Түркиядан он эсе, жүз эсе көп жардам берген мамлекеттер, эл аралык финансы уюмдары бар. Ал эми Түркия менен Алмазбек Шаршеновичтин жеке мамилеси бул башка кеп.
Биз, Түркиянын Кыргызстанга болгон "туугандык" мамилесинин "төркүнүн" да билип отурабыз. Эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр учурунда Түркия тарап, жүк ташуу борборун Кыргызстан калтырып турса жакшы болот деген өтүнүчүн айтты окшойт. Боордош Түркиянын бул өтүнүчүнөн кийин, Түркия кайсы мамлекеттин камчысын чаап турганын биз кыйырынан түшүндүк. Ал жүк ташуу борбору Кыргызстандын аймагында турганда, Кыргызстан үчүн кандай кооптуу экенин билип туруп, Түркия тараптын бул айтканы, туугандын, достун иши эмес. Жүк ташуу борборунун Кыргызстанда жайгашышы жаратылышка гана эмес, мамлекеттин өзүнө да коркунуч жаратарын саясатчылар бизге караганда жакшы билсе керек. Алмазбек Атамбаев мырза деле президенттик шайлоодон соң, өткөн пресс-конференциясында "Манас" эл аралык аэропортундагы жүк ташуу борборунун Кыргызстанда калышы биз үчүн кооптуу, жүк ташуу борборун чыгаруу зарыл деп айтканы бар. 2014-жылы чыга турган болгон америкалыктардын жүк ташуу борборунун биздин өлкөнүн аймагында кала турган болсо, анда иштин бүткөнү...

(Уландысы 12-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??