Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Тилди тишке катканда
Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Рыскелди Момбековдун кыргыз тилин көтөрүүгө болгон орчундуу демилгеси бир топ орус тилдүүлөрдүн уйкусун бузду. Чочуп ойгонгон алар баягы эле эски обондорун заңкылдап, Акүйдү карап токо наалат айтып коюшту эле, биздин бийликтин билегинен сап кетип, жүрөгүнөн кап кетип, калчылдап калганын эшиттик. Орусия менен ой-даа дос болуп жаткан чакта, бул чатактын ырбашынан корккон алар Ырыскелди мырзага көз ымдап, "Акеси, азырынча ушуну жөн эле кое турчу, сабыр кылчы" деп телефон кагышканын да айтып жатышат. Эгер бул каңшаар чын болсо, анда Атамбаев ант берүү аземинде кыргыз тил жөнүндө калп эле күйүп бышканбы? Эх, эне тил, өз балдарыңдан өгөйлөнүп дагы канчага жүрөөр экенсиң, байкушум...

Буйвол жеген элденбиз, бурта чайнап келгенбиз
Кызыгы түшкүр, Кыргызстанга Кытайдан тоок менен эчкинин эти, Монголиядан жылкы менен төөнүн эти ташылып келип жатканы аз келгенсип, мээ кайнаткан Индиядан буйволдун эти да келип жатканы маалым болду. Шумдук! Ушунун өзү эле биздин бийликтегилердин кызыл кулак болуп бүткөнүн, алардын эл менен эч бир иши жогунун айгинеси эмеспи. Болбосо, өзүбүздө кой быкпырдай кайнап, бодо мал деле кудайга шүгүр жер бетин бербей келет. Бирок, баасы текейден арзан болуп, малчылардын акыбетин актабай турат. Эгер биздин мамлекеттин башындагылар чындап эле Атамекендик чийки зат өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргосо, элдин саламаттыгын ойлосо, тигинтип ар кимден текшерилип, текшерилбегени далилсиз эттерди ташып келет беле?!
Баса, ошол чийки заттар менен кошо Кыргызстандын таза жаратылышына айтсаң тил сына турган вирустар түшүп, мал жандыгыбыздын маңкасы агып туру. Бул кызыл кулак саясатты ким, качан токтотот, ыя?!

"Ширшовдук схемалар" жок кылынууда дейби?
2010-жылдын 7-апрелине чейин энергетика тармагында "ширшовдук схемалар" аталган айтылуу мыйзамсыз акча табуу схемалары жашап, бул схемалар аркылуу миллиондогон акчалар мамлекеттин бюджетин кыйгап өтүп, Акаев менен Бакиев үй-бүлөлөрүнүн жана алардын дос-тамыр, таяке-жээн, бөлө, ойношторунун чет мамлекеттеги банктардагы эсептерине түшүп турганы эч кимге жашырын эмес. Мамлекеттин жана элдин байлыгы мамлекетти, элди бакпай эле жеке үй-бүлөнү жана Ширшовдорду байытып келген болчу. 7-апрелдеги элдик революциядан кийин келген бийлик, тактап айтканда энергетика министрлиги "ширшовдук схемаларды" талкалоонун үстүндө ырааттуу иштеп жатат. Азыр ширшовчулардын, "Ширшов и К"нын акырынан жем жеп калгандардын ичинен кан өтүп турган чагы.
Буюрса, гезитибиздин эмки санында: Кыргызстанда веердик өчүрүүлөр болуп, эл суткалап, айлап караңгылыкта жашап жатканда, электр энергиясынын экспорту арзандатылган баада, эреже катары, ортомчу фирмалар тарабынан ишке ашырылып, Россия Федерациясына - кВсааты 0,5 центтен, Казакстан Республикасына кВсааты - 0,9-0,2 центтен, Өзбекстан Республикасына 1,1 центтен экспорттолуп келгени; Бишкек шаарынын ТЭЦин көмүр менен камсыз кылууда сапатсыз көмүрлөр кымбат баада, сатылып алынгандыгы туурасында журналисттик иликтөөбүздү бермекчибиз. "Ширшовдук схемалар" "Алибиден" гана окуй аласыздар.

Жаңы оппозицияда эски күчтөр
Ушу тапта баягы эле Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Марат Иманкулов, Өмүрбек Суваналиев, Эркин Булекбаевдер башында турган күчтөр өз ара ымалага келип, радикалдуу оппозиция болуп чыгаары, жаз алды менен Өкмөттүн 100 күнүн кескин сынга алып, өздөрүнүн реформалык пландарын элге жеткирээри тууралуу маалыматтар тарай баштады. Албетте, оппозицияны тескей турган ким бар, буларга Камчыбек Ташиев, Ахмат Келдибековдор түгөлү менен, ал тургай Элмурза Сатыбалдиев, Молдомуса Конгантиевдер да кол сунуп жатышканын кошумчалашат. Мындай болсо, булардын чоң күч болоруна ишеним бер деңизчи, бирок, алардын никеси алыска бараарына да күмөн жетишээрлик. Себеби, буларың кыл чайнашкан душмандар эмеспи. Элестетип көргүлө Катани менен Конгантиевдин кол жууп, тасмалда отурганын....

Атамбаевди "аракеч" деди эле
Бир кезде КСДПнын катарында туруп, кийин Атамбаевдин командасына жат болуп чыга келген, "Жаңы Ордо" гезити аркылуу партлидерди "аракеч" деп жар салган кадимки Жусупжан Жээнбеков азыр уялбай эле Ош жана Жалалабад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башында отурат. Бул жерди буга чейин азыркы аппарат башчы Жантөрө Сатыбалдиев "майкандаган" эле. Ал убакта Жусупжан аке орун басар болчу.
Бул кишинин минтип даяр орунга жылып барып калышына ошол, мурдагы шефи Жантөрө аканын таасири чоң болгонун, анткени табакташтардын тилеги бир экендигин айтып жатышат. Бирок, бизге жеткен маалыматтар боюнча, жакынкы күндөрдө Ош мэри Мелис Мырзакматов аталган дирекциянын алешем иштери боюнча билдирүү жасап, өкмөттүк комиссия түзүүгө кам ураары айтылууда. Ненин башы жатканын ким билсин...






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??