Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Бактыбек КАЛМАМАТОВ,
ЖКнын депутаты:
""Ата Мекен"
өз принцибинен тайган жок!"
- "Ата Мекен" фракциясынын башкаруучу коалицияга, Бабанов башында турган өкмөткө партиянын өкүлдөрү да киргени принципиалдуулуктан тайыгандык катары бааланды. Буга макул белеңиз? Партия ичинде да өйдө-төмөн талашуулар болду деп угабыз.
- Жаңы система радикализмден арылтат. Эл шайлаган саясый күчтөр менен мамлекет кызыкчылыгы үчүн биргеликте иштөөгө даяр болуубуз зарыл. Президенттик шайлоодон кийин өлкөдө кырдаал өзгөрдү. Чайпалган элдин пейили да ордуна келди. Жаңы саясый кырдаалга ылайык, Өкмөттүн жаңы курамы жаралыш керек болчу. Шайлоонун жыйынтыгынан улам, "Ата Журт" партиясы аутсайдер болуп, башкаруучу коалициянын курамынан чыкты. Бул - табигый нерсе. Эл ичинде кеңири коалиция түзүү жөнүндө сөз эбактан бери жүрүп жаткан. Ошол вариант азыр ишке ашты. Социал-демократтар түптөгөн коалицияга "Ата Мекен" партиясы да өз талаптары менен кирди. Келишкис деп саналып келген "Республика" партиясы менен бир коалицияга киришибиз биз койгон талаптардын негиз катары кабыл алынышы менен акталган жана тарыхый жактан шартталган.
- Мурункудан айырмаланып, Өкмөт башчысын тандап алууда жумшак рейтинг ыкмасы каралып, анда силердин партиядан да талапкер чыкты. Коалицияга киребиз деп кол алышып, кайра шайлоого киши жылдыруу саясый ойт берүүчүлүк эмеспи?
- Коалициянын негизин түзгөн Соцдем жана "Республика" фракциялары өкмөт башчылыгына бирдиктүү талапкерин алып чыкты. Коалицияга кирүүгө макулдук берип, кол коюп жатып, колдойбуз деген убадаларды аткарбай коюу, сиз белгилегендей, саясый ойт бермечиликке жатмак, фракциябыздын кадыр-баркын түшүрмөк. Ал эми бизден чыккан талапкер Равшан мырза өзү деле бул милдеттемени түшүнүп турган. Бирок, анын негизги максаты өзүнүн келечек планын, реформалык программасын мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элдин сынына сунуштоону туура тапты. Балким анын программасындагы олуттуу, нерселерди, ушул Өкмөт дагы эске алгысы бардыр деген ниетте талапкер катары чыкты. Депутаттар эркин добуш берет, бирок, фракциялаш болгон соң, жарымыбыздан кем эмес добуш берип коюшубуз керек деп, фракция лидери бизден суранган. Ошого байланыштуу Равшан Жээнбековдун каалоосун аткаруу үчүн коалициялык макулдашуудагы "премьер-министрликке талапкерди фракция гана көрсөтөт" деген жобо депутаттар да талапкер жылдыра алат деп өзгөртүлгөн.
- Ошол Өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгында "Ата Мекен" фракциясынын талапкери өткөн жок. Фракция ичинде да бул боюнча ар кандай сөздөр жүргөнүн уктук. Айрымдар болсо "Ата Мекен" "Ар-Намыстын" жолоюна түшүп, экиге бөлүнгөнү калды дешти. Буга не дейсиң?
- Биздин фракция коалициялык биримдикте кол койгон келишимди колдоду. Ошону менен бирге эле андагы жобону өзгөртүп, арабыздан чыгууну каалаган талапкерге мүмкүнчүлүк түзүп. Бирок, шайлоодо фракциялаш болсок дагы кол койгон келишимден баш тарта албадык. Анын үстүнө жана айткандай, ал болгону өзүнүн билими менен тажрыйбасын эл менен бөлүшүп, өзүнүн саясатчы, мамлекеттик ишмер катары өсүп жетилгенин далилдегиси гана келген. Өкмөт башчысы келишимге ылайык Өмүрбек Бабанов болоору анык болчу да. Буга карабай, фракциядан беш депутат аны колдоп берди. Бул дагы жаман көрсөткүч эмес. Бул талапкерлик менен ал балким, өзүнүн келечектеги даяр Өкмөт башчысы экендигин көрсөттү. Себеби, анын реформалык программасындагы артыкчылыктарды коомчулук белгилеп жатпайбы. Бул жерде фракция же партия ичинде эч кандай ажырым болгон эмес. Баары алдын ала чечилип, эч ким таарына турган иш эмес болгон.
- Жакында эле оппозициялык маанайдагы депутат Камчыбек Ташиев "Ата Мекен" фракциясынын кадрларынын компетентсиздигин айтып, Транспорт министрлигин мисал келтирди?
- Сын айтуу үчүн ага алды менен негиз болушу керек. Камчыбек Ташиев "оппозиция болот деген ушул экен, сындаш керек экен" деп эле, ар нерсени айта бергенде оппозициялык лидерге айланып кетпешин айта кетейин. Транспорт министрлигине барган Калык Султанов, биздин партиянын өкүлү. Ал буга чейин да бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген, бай тажрыйбасы бар кадр. Азыр ишке жаңы барды. Демек, азыр анын иштермандыгы же чабалдыгы тууралуу сөз кылуу эрте. Жасаган иштери көзгө илинип, тармагындагы реформалык кадамдардын пайда болушу менен гана сын айтууга негиз болот болушу керек.
- Силердин партияда аял жолдоштор куугунтукталып жатканын айрым ММКлар жазып чыгышты. Гендердик саясатка кандай көз караштасың?
-Бул деле кезектеги кара пиардын бири десек болот. Бизде партиялык тизме гендердик балансты, жаштарды тартууну башынан жактап келген жана шайлоодо кандай түзүлсө, ошол кезек менен депутат болуп жатат. Эгер аялдарды куугунтуктоого алсак, жакында эле Гүлниза Бейшенбаева депутат болуп келмек эмес. Ал эми биз аткаруу бийлигине сунуштаган Гүласал Садырбаева менен Наталья Никитенко өздөрүнүн билим, тажрыйбалары менен ошол министрликтерге алгылыктуу иштөөгө татыктуу. Себеби, алар социалдык чөйрөдөн, жөнөкөй мугалимдиктен келишкен. Демек, булар ал тармактын маселелерин жакшы билет жана аны реформалоо боюнча бир катар демилгелердин авторлору. Муну эч ким куугунтуктоо деп түшүнбөшү керек. Тескерисинче, бул партиянын аларга ишеним көрсөтүүсү.

Маектешкен:
Тынчтык Алтымышев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??