Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Каптагаев кайда камынууда?
Экс-оппозиционер, президенттик администрация башчысы кызматтан түшкөндөн бери, эл көзүнөн алыс. Айрым басылмалар аны АША менен таарынышып кеткенин, оппозицияга өтүп, өз ишин баштаарын да кыйытып жатышкан. Бирок, биздин билишибизче, анын азыркы Өкмөт менен акыйлашайын деген деле ою жок, кичи Мекенинде кышкы эс алуу менен алек болуп жатыптыр. Тескерисинче, эс алуудан кийин мамлекеттик кайсы бир маанилүү кызматка отуруп, бийликтин камчысын чабаары да угулууда. Кайсыл кызматтар бош турат, мээ чабыш кылып көргүлө!


Атаны курган дүнүйө, Алиясбек мырза кантти экен?
Өткөн жылдын эсебине ылайык, мамлекеттеги колоктоп бош жүргөндөрдүн саны дагы 8 миң кишиге толукталыптыр. Тактап айтканда, өлкөдөгү расмий каттоодо турган жумушу жоктордун саны 212 300 адамды түзүптүр. Бул албетте, жымсалдаганда. Болбосо жөн эле эсеп кылалычы, жыл сайын бизде 80 миңден, 120 миңге чейин улан-кыздар мектепти аякташат. Алардын дээрлик үчтөн бири иш таап, жогорку окуу жайларга баш катышат. Ушул сандарды эле салыштыра келгенде, 20 жылдан бери сазда жаткан Кыргызстанда араң 200 миң адам бош жүрөт дегенге ишенип болобу, Кудайды карап калп айтыш керек да?!
Баса, ушундай оор кырдаалда Жумуштуулук, миграция жана жаштар министрлигине келген Алиясбек мырзанын алы таза куруйт го? Бир жагынан жумуш таппай турса, экинчи жагынан "кыскартуу" деген балакеттин капшабы менен жумушсуздар толукталып? Иш чатак, кыскасы...


Аскарга асылып башташты
Кыргызда бир ит оору бар, бирөө баш көтөрүп, бир иш баштады дегиче таш ала чуркап, талпагын ташка жаюуга ашыккандар издетпей табылат. Көрө албастыктык көр пенделери. Бул жолу да ошондой окуя орун алууда. Коомдук ишмер Аскар Салымбеков "Мурас" деген партия түзүп, иш баштады эле ага ач кенедей асылып, ""акжолчуларды" кошуп алыптыр, парламентти кулатууга белсениптир, президенттикке чыгат имиш, кайсы кадыры үчүн" деп шыбап жатып калышты, айрымдар. Бирок, калыс сөздү учурунда айтып коюш керек го. Деги кайсы кыргыз Аскар Салымбековдон эмне жамандык көрдү эле? Ким айталат? Туура, ар кайсы бийликте жүргөндүр, мамлекеттик кызматты аркалагандыр. Бирок, ким Акаев, Бакиев менен иштешкен эмес. Анан дагы тескерисинче, "Дордойдун" атасы тону жокко тон, аты жокко ат бергенден башка, кыргыз спортун көтөргөндөн, миңдеген жумушчуларга иш таап бергенден, мамлекетке аздыр, көптүр салык төлөп, киреше киргизгенден башка зыяндуу иш кыла элек. Антип, ашынган акмакчылыкка барбай, абийирибиз менен эле болгон оңдур?!


Суракматов суудан чыкты
"Атажурт" партиясы оппозицияга өткөндөн бери бул фракцияда балык болуп отурган айрым депутаттар суудан чыкты. Бакылдап. Айталы, өткөн жумада бул фракциядан депутат Азиз Суракматовго тил бүтүп, чу дегенде эле "Билим берүү системасына жаңы мамилелер керек. Мен акы төлөп билим берүүнү мыйзамдаштырууну сунуш кылам. Ансыз деле мектептерге акча чогултуп жатабыз, давайте, мыйзамдаштырып, балдарыбызды атайын акы төлөп окуталы",-деген олигархтык сунушун киргизип отурбайбы.
Олигархтык дегенибиздин себеби, азыр Кыргызстанда калктын 90 пайызы балдарын акы төлөп окута алышпайт. Ал турсун акылап окутмак тургай, мамлекеттин эсебинен бекер окутууга да шарты болбой, чапан-чара, бутуна өтүк кийгизе албай өсөөрүп турганда, Азикенин мындай сунушту айтышы канчалык туура деген ой келет. Бул бери дегенде көпкөндүк, нары дегенде кыргыздын карапайым элдерин басмырлоо деп түшүнсөк деле болот го?!
Айтаарыбыз, Азике сиз "Американы ачам деп" көп нерседен алыс калганыңызды көргөздүңүз. Бизде атайын акы төлөтүп, окута турган жеке менчик мектеп, интернат, лицейлердин ачылганына көп болгон. Сиздей капчыктуулар эчак эле балдарын ошол жакка жетелеп барган. Бизге, карапайымдарга бооруңуз ачыганына рахмат, бирок, мамлекет жок дегенде мектептеги коррупцияны токтотуп, балдарыбызды бекер окутууну моюнга алсын да. Кандай эле баарына төлөй беребиз?!


Президент сот системасын оңойбу?
Кыргызстанда сот реформасы бир жыл мурун башталып, тилекке каршы ара жолдо калды. Мунун себебин коомчулукта парламенттеги депутаттардын өз кызыкчылыктары жеңип кеткенин айтышып, сотторду тандоо алардын келишпестиги реформаны өксүттү деген пикир жаралган. Эмнеси болсо да азыр бул сис-теманын күчүнө доо кетти, ондогон соттор колоктоп бош, орундар аңгырап ээн турат.
Бирок, бул реформаны ордунан жылдырууга президент Алмаз Атамбаев жең түрүнө киришип, коомдук өкүлдөрдөн, жарандык сектордон алынган 20га чукул атайын комиссия түзүп баштаганы, алар акты ак, караны кара деп, сотторду ачык сорттой турганы белгиленүүдө. Ай бирок, кантээр экен? Бул тармактагы түптөлүп калган коррупция, ажырагыс кызыкчылыктар тескерисинче, Президенттин аброюн жууп түшпөйбү? Сак болгой эле...


Кубаныч мырзага кулак кагыш
Кудай бербесин, айттырбай келген тилсиз жоонун апааты оор эмеспи. Айрыкча, кызыл жалын каптаган өрт кырсыгын бербесин! Бирок, тилегенибиз менен Кыргызстанды акыркы учурларда өрт чулгап баратат. Күн сайын куру эмес өрт чыгып, ондогон имараттар кара көөнүн алдында калууда. Биздин ӨКМ министрлиги болсо, жамандыктын жарчысындай болуп, "паланча жерде өрт чыкты, өчүрдүк" деген гана маалымат берүү менен алек. А эмнеге өрткө каршы алдын алуучу чаралар өз убагында өз деңгээлинде жүрбөйт? Өрт коопсуздугу сакталбаган жайлардын, үйлөрдүн тизмеси коомчулукка жарыяланып, "мына биз айттык, эскерттик, өз убалы өзүнө" деген катуу талап коюлбайт. Негизи министрликтин иши ушул го, же а дегенде өрт болуп, андан кийин иш болуш керекпи?
Ошон үчүн, жаңы Министр Кубанычбек Бороновго айтаарыбыз Сиз билесизби, жокпу, өлкөдө өрт өчүрүүчүлөр да коррупцияга малынган. Алар майрамдар алдында объектилерде пайда болуп, ""отметка" кылбасаңар, бир нерсе болсо өзүңөргө кыйын болот, достошуп турганыбыз оңдур, кокус керегибиз тийип калбасын" деп, кыйыр тооруп, а имараттын өрт коопсуздугун көңүл сыртында калтырып көнүшкөн. Муну токтотууга эркиңиз жетеби?!


Байболов байкаса болмок экен
Апрель окуясынан кийин мурдагы бийликтегилерге, тагыраагы ата-бала Бакиевдерге таандык деген банктык ячейкалардан алынган акчалардын чуусу кайрадан көтөрүлгөнү маалым. Бул демилгенин ээси Ахмат Келдибеков азыр кыл мурутун чыйратып, кезеги менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн "ыйлатып" туру. Актангандар аз эмес. Башкасын коелу, Убактылуу Өкмөттүн учурунда ИИМ министри, Башкы прокурор болгон Кубатбек Байболов ошол банк ячейкаларын ачкан мезгилдер түшүрүлгөн камералардын тасмалары же катуу дисктери жоголуп кеткенине кейип, алакан жайып отуру. "Бул атайын жасалган иш" деп. Угуп алып биз таң калдык, өзү кыраакы чекист болсо, ошо кезде күч структуралары колунда турса, "сактыкка кордук жок"деп, көчүрүп койсо деле болмок го?! Же башка коркок билиши болгонбу? Кыскасы, кызыктарды Келдибеков казып чыкканы калды.






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??