Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мамлекеттик деңгээлдеги уурулук

С өздүн ток этер жеринен баштасак, азыр Кыргызстандын экономикалык жактан өйдөгө кадам ташташына толук тарыхый шарт турат. Мына, өлкөдө өз билемдикке жол бербей турган башкаруу системасы-парламенттик башкаруунун ишке киргенине экинчи жыл аяк бас-ты. Легитимдүү делген президент, Өкмөт өз иштери менен алек. Коррупцияга каршы бир канча орган жулкунуп иш алып барууда. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, тышкы инвесторлордун келишине ачык-айкын аба ырайы жаралып, мамлекетте стабилдүүлүк өз өкүмүн жүргүзүүдө. Буга кошумча ач карышкырдай жутунуп, калктын кызылын кырып турчу криминалитет дегендин куйругу кыпчылып, четте жүрөт. Коңшу мамлекеттерден деле бейчеки кысым боло элек. Демек, эңкейген экономиканын боюн түзөгөнгө толук "шанс" турат. Бирок...


80 элдин соңунда
Бирок, кашайып, биздин элдин экономикасы кылчактаган бойдон артка кетүүдө. Мамлекеттик экономика жана каржы мекемелери ар ай сайын "бизде баары окей, алдыга кетип баратабыз" деп саймедирешкени менен, ага калктын ишеними жок. Анын үстүнө эл аралык эсепкор уюмдар өз тыянактары менен биздин мамлекеттик машинанын калпын кармап, шермендесин чыгарууда. Мисалга алсак, жакында эл аралык Heritage аттуу фонд 2012-жылы жарыяланган экономикалык эркиндик боюнча эл аралык рейтингде Кыргызстанды 88-орунга жайгаштырып, былтыркы жылкыдан дагы 8 орунга артка жылдырып таштаптыр. Көрсө, бизде жеке менчикке болгон эркиндик азайып, тескерисинче мамлекеттик чыгымдар арбып, анан экономиканын бирден бир түрткүчү болгон эркин ишкерлик жүргүзүү деген категориялардан кыйла төмөндөп кетиптирбиз.

Илмийген ишкерлик
Ооба, албетте, алар деле кашкайган чындыкты капка ката алган жок. Тиги жогорку жактагы чиновниктер көрмөксөнгө салганы менен карапайым калк, ишкерлик чөйрөсү жон териси менен сезип тургандай, апрель ыңкылабынан бери деле ишкерликтин ити чөп жеп кете элек. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздеги салык системасында оркойгон кемчиликтер, текшерүү органдарында одоно мамилелер арбын. Жеке менчиктин кайсыл түрүнө болбосун айрым учурларда мамлекет ачык киришип, керек болсо тартып алуу фактылары деле жок деп айта албайбыз да. Жанагы улутташтыруу деген ураандын алдында да бир топ жеке менчик ээлерине тиш салып жибергенибизди танып болбостур. Ишкерликке дагы бир бут тосуучулук бул - бюрократия. Азыр мамлекетте бизнеси дүркүрөп өсүп, атаандаштарын артка калтырып бараткандар, албетте-чиновниктер. Азыр Өкмөт менен Парламенттин өркөчүнө мингендин дээрлик 80 пайызы - жеке ишкерлер. Демек, аларга кимдир бирөөнүн атаандаш болуп, ишкерликте итинин чөп жегенинин эмне пайдасы бар? Ошондуктан бизде бизнес баштоочуларга ар кандай шылтоолор менен тиешелүү документтердин бүтпөшү, насыялардын татаал болушу, текшерүүчүлөрдүн үйрү менен жүрүшү кадыресе эле көрүнүшкө айланган.

Колтойгон коррупция
Анан дагы эл аралык уюмдар сүйлөшүп алган немедей, өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин буга чейинки жылдардагыдай же тагыраагы биз жек көргөн кландык бийликтин тушундагыдай эле көктө калкып турганын айтышууда. Демек, өлкөдө азырынча уурулар өз өкүмүн жүргүзүп, көнгөн адаттарын таштай элек. Ондогон коррупциялык схемалар шакылдап иштеп, мамлекеттин энчисине таандык миллиондор айрым чөйрөлөрдүн чаар кабын толтуруп жаткандыр. Ооба, бул жагына келгенде айрыкча Энергетика, Каржы министрлигинен, бажы, чек ара кызматынан, мамлекеттик каттоо, салык органдарынан айрыкча шек саноого болот. Себеби, буларда коррупциялык айлампалар урагыс болуп калганы анык. Болбосо, бирөө дагы элге ачык картаны жайып, "мурда ушул схема менен момунча акча паланчанын чөнтөгүнө түшүп жатыптыр, муну моминтип жаптык эле, мына мынча каражат өзүбүзгө калды" деп көрсөтүп, ачык, ак иштеп жатканын далилдеп берген жок го?! Биз билгенден ИИМ гана өз ишин так аткарып, криминалдардын "акысына" бөгөт койгондой болду. Анда буга чейин коомчулукта айтылып келген, "криминалдарга мамлекеттик тендер аркылуу кетүүчү мамлекеттик бюджеттин 10 пайызын" азыр ким алып жатат деген суроого жооп берчүлөр барбы?

Чандайган чыгымдар
Ал эми мамлекеттик чыгымдарга келсек, бул кенедей Кыргызстандын башына түшкөн азаптуу бир комета. Илгери бирөө "коюнан койчусу көп" деп айткандай, бизде эмне көп, башкаруучулардын армиясы көп. Ар бир үчүнчү киши "чоң". Ар бир бешинчи киши, бөлүм башчы, ар бир жетинчи киши башкарма. Же алардын баары тер чачып иштегидей машакаттуу, көп жумуш болсочу... Карапайым калкты какшатып туруп кармап алган, ишкерлердин ичинен кан өткөрүп сыгып алган, инвесторлордун ичине кирип, кагып алган салыктардын дээрлик жарымы ушул чочойгон чоңдордун чоң суммадагы айлыктарына кетип жатканын какшап эле келе жатабыз. Бирок, бийлик буларды бир "шылый чаап", силкинип кеткенге эрк таппай, мажүрөө абалда турат. Күлкүнү келтирип, жаңы Өкмөт бул жылы 3000ден ашык мамлекеттик чиновникти кыскартаарын шардана кылууда. Ошондо эле казынабыз кампайып кетсе го жакшы деңизчи, бирок...

Ишенбеген инвесторлор
Демек, экономикабыз эңкейип баратса, мамлекетте коррупция бий болуп, салык саясаты корбашынын кейпин кийип турса, кайдагы инвестиция? Мына бир жылдан бери улутташтырып койгон, "сатабыз да чардайбыз" болуп жаткан объектилерге кызыккан жан болдубу? "Кумтөрдөн" кийинки эле кирешелүү делген "Мегакомду" байдын кызындай мактап, баасын киши уялаарлык деңгээлге чейин арзандатышса да жуучу түшкөндөр жок, жер карап турушат. Азырынча Европага кыска жол менен чыгып кетиш үчүн, өз кызыкчылыгы жогору үчүн Кытай гана "темир жол салып берейин" деп, Кыргызстанды кызыктырып турганы болбосо, кубаттуу инвесторлордон кабар жок. Орусия болсо жалкыган. АКШ деле аба майданынын айласын таппай, алдоо менен алек. Көрсө, биздеги улутташтыруу, мародерчулук деген жууса кеткис жаман адаттар, капчыктуу бейтааныштардын баарын сестентип койгон окшобойбу?!
Жыйынтыктай келгенде, көргөн күнүбүз ушул. Саясий эрктин жоктугу, бийликтегилердин коомдук ишмер эмес, ашынган саясатчы болушу, өз кызыкчылыктардын жетеги ушинетип, экономиканы өргө эмес, көргө сүйрөп туру. Сингапурдай экономикалык секирик жасап, Грузиядай мамлекеттик маанилүү реформа качан ишке ашаары күмөн бойдон калууда. Жашырганда жакшы көрүнмөк белек, айттык да...

Тынчтык Алтымышев,
60ev.alibi@mail.ru





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??