Гуппи - үй балыгы

Гуппи... Учурда балыктын бул түрүн дүйнөдөгү ар бир мамлекетте үй балыгы катары кармашат. Ал мамлекеттердин катарында Кыргызстан да бар. Гуппи - үй шартында эле эмес, табигый шарттарда жашаган, абдан кооз, көрктүү балыктардын бири. Өзү кичине болсо да, элдин сүймөнчүгү болгон гуппи тууралуу маалымат бере кетели.

1886-жылы англиялык биолог Роберт Джон Лечмер Гуппи Түштүк Америкадан бир нече балык алып келип, алар икра таштабай, тукумун сүт эмүүчүлөр сыяктуу курсагына көтөрүп жүрөрүн жар салган. Окумуштуу Роберт Гуппинин билдирүүсү Лондондук падышачылык чөйрөсүндө чоң өөрчүн жараткан. Аны шылдыңга алгандар да болгон. Ошондон кийин балыкка "гуппи" деген ат - окумуштуунун атынан ыйгарылган.
XX кылымда гуппи тууралуу бүтүндөй Европа сөз кылып калышкан. Европа боюнча балыкка арналган көргөзмөлөр өтүп, гуппилер арасында сулуулар сынагы уюштурулчу. Учурда, гуппилер арасында сынак дагы да болсо өтүп турат. Мисалга алсак, Россияда сынак бир жылда бир жолу өтөт (эгер өтсө). Батыш Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө конкурс ар бир 2 айда уюшулат. Сынактын аягында, балыктар аукционго коюлат. Аукционго ар бир каалоочу катыша алат. Баалар 5 евродон 100 еврого чейин жетет.
Гуппинин эркек, ургаачысы бири-биринен көлөмү, түспөлү менен айырмаланышат. Эркектеринин көлөмү 1,5-4 см, ургаачыныкы 2,8-7 см. Ургаачы гуппилердин түйүлдүктү боюнда көтөргөн учуру 30-40 күнгө созулат. Чоң гуппилер бир ай бою ачка жүрө алышат. Бул балыктар ар кандай түскө ээ жана гуппини ар кайсы мамлекетте атайы багып, өстүрүшөт.
Бул балыктар табигый шартка салыштырмалуу, үй шартында жакшы чоңоюп, көп жылга чейин жашайт. Өзгөчө, буларды чоң аквариумга бакса, ошончолук, кооз, көрктүү жана чоң болушат. Алар +18тен +30 градус температурада жашап кете алышат. Температура канчалык төмөн болсо, балыктын өсүүсү да ошончо натыйжалуу болот. Ошентсе да, гуппинин ургаачысынын икрасы +18 градус температурада жакшы өөрчүбөй, тукумдун өсүүсү токтоп калышы да толук ыктымал. Гуппи Венесуэла, Гвиана, Амазонкадан түндүк тарапта, Бразилиянын түндүк бөлүгүндө, Барбадос жана Тринидад аралдарынын сууларында көп болушат. Безгек чиркейлеринин личинкалары менен күрөшүү үчүн гуппини дүйнөнүн жылуу көлмөлөрүнө коё беришкен.

Нуржигит Бейшебаев