Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

СМС-пикир
"Алиби" гезити коомчулук менен байланышты жакындатып, окурмандардын ар кыл темадагы ачык, курч айткан пикирлерин, балким, бири-бирине болгон сый-урмат, сүйүү сезимдерин чагылдырып туруу максатында "СМС-пикир" атайын баракчасын ачты. Мындан ар кайсыл темада болбосун өзүңүздөрдүн кыска-нуска пикирлериңиздерди
0779 23 46 27
номерине СМС-каттарыңыздарды жөнөтүп туруңуздар. СМС жиберүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Анда эмесе кеттик, смсти эзчүлөр барбы?!?!?!


Депутаттарды жоюш керек. Алардын эч кандай пайдасы жок. Кээси ЖК да уктап отурса, калгандары сүйлөшүп эле отурушат, бири -бирин сыйлабайт. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн биринчи ынтымак керек! Аларды карап отуруп ойлойт экенсиң, булар кыргыздарбы?-деп. Душмандардай тирелишет.Айрыкча жериңден алыс жүргөндө аларды көрүп уяласың.
+77029561***

К.Тезекбаев жоолук салынган кыздарды шермендечилик деп сындаптыр. Шариятта жоолук өкүмү сакалдын өкүмүнөн да жогору турат. Көчөдө төшүн көргөзүп, эңкейсе трусасы көрүнүп жүргөн шермендечилик эмеспи?! Же сизге ошондой кыздар жагат го.
Амина, 779 1962***

Мен бир бөйрөк сатам, өзүмдүкүн. Кредитимди төлөшүм керек.
779 4374***

Кытайда ууру кылган адамдын колун кесип, түрмөгө отургузат экен. Бизде колуна баалуу сотка берип, дагы-дагы...жакшынакай кылып отургузат. Анан дагы ынтымактуулугун айтпайсыңбы! Бишкектеги түрмөдөгүлөрдү колдоп, Оштогу абактагылар ачкачылыкка барып атышат. Кайран СССР... Ал убакта дүкөнчүлөр 1 сом менен кармалса, соттолуп кетишчү. Азыр миллионду жегендер соттолмок турсун, депутат, министр болуп жатышат. Мамлекеттик чыккынчылардан кантип кутулабыз?!
777 4129***

Реформа кылам деген Шейшенбек Байзаковду парламентке чакырып, отчет алган, ишине тоскоол болгон депутаттар, кээ бир чиновниктер түрмөдөгүлөр менен мамилеңер барбы? Аларды коргобой, жетекчиге жолтоо болуп, бут тоспой, ишине жардам бербейсиңерби! Парламенттик башкаруу десе эле көзүңөрдү май басып, эч теке көрбөй калдыңар. Бакиевдин тушунда ошол бандиттерден запкы жеп эле жүрбөдүңөр беле...
772 8272***

Мен Алайдагы Күлчөгө караштуу айылдыктарга айтаар элем! Күлчөдөгү хирургия бөлүмүндө эаконго каршы, өздөрүнө канча акча керек болсо, ошончо талап кылат экен. Элдер буга жол бербегиле! Биринде бар, биринде жок, ойлонгула! Закон түрүндө бергиле! Антпесе, кооррупцияны кантип жоебуз?! Президентибиз да, Өкмөт да ошону талап кылып жатпайбы!
552 5516***

Урматту президент! Өзбекстан менен чектешкен жерлерди качан чычкан өткүс кылып тососуңар? Эң башкы маселе чек ара экенин эсиңерден чыгарбагыла!!!
773 36888***

Саламатсыңарбы "Алиби" гезитинин жамааты! Мен Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылындагы сүйүктүү ата-энеме салам жолдойм! Аларга кааларым чың ден соолук, узун өмүр, ар дайым бар болгула, бай болгула!
Калк-Аман,
778 4789***

Салам "Алиби!" Жаңы Өкмөт Казакстандагы кыргыздардын жагдайын карап көрсө? Прописка жагын бир жылдык кылып сүйлөшүп берсе жакшы болот эле!
Коля, Казакстандан,
770295661***

Күттүм сени, күн баткандан таң сүрүлүп атканча,... деген ырдагыдай болуп, күтүп эле келатабыз. Ажо Акаев кыргыз жерин Швецария кылам деген. Көпкө күттүк. Эч кандай Швецария болгон жок. Бакиев келди. Анын сөзүнүн бири да аткарылган жок. Анан апчем, байкем, дагы канча ажо келет... Күттүм, күттүм... Жоок. Андай болбойт! Күттүм сени, сен да мени күтөөрсүң! Сүйгөндөрдүн кайыгына калагы жок түшөрсүң...
Илбирс 2

Тилибиз жок боло турган болду дейбиз. Башка улуттар тилибизди билбейт, үйрөнгүлөрү келбейт дейбиз. Бирөөгө таңуулабай, тилибизди коргоп калууну үйрөнсөк. Жолу жөнөкөй, "папа", "мама"дебей ата-апага үйрөтсөк, "остановите"дебей токтотуп койгула десек. Орус тилин окута бергиле бирок, үйдө кыргызча сүйлөөгө үйрөтүш керек. Англисче деле окутуп жатабыз ,англисче үйдө сүйлөгөн жокпуз да. Биринчи өзүбүздөн башаташ керек!
Жаркынай, 773 2664***

Ажыдаар жылы деген Кытайлар ойлоп тапкан, 12 айынын ичинен бирден бир мифтик каарманы экен. Анан эмнеге кыргыздар аны өзүбүзгө ыйгарып алдык? Кыргызда Балык жылы эле болуш керек да.
Эрнис,555 0305***

Хирург Сабыр Жумабеков, апрель баатырына Орусия жасай албаган операцияны жасап, элди кубантты. Колуңузга береке! Кыргыз жигиттеринен ушундай таланты менен дүйнөгө кыргызды тааныткан бул дарыгерибизге ийгилик каалайбыз!
Апрель баатырларынын
атынан Нуржан

Салам Алиби! Биз силердин гезитти урматтайбыз. Үзбөй окууга аракет кылабыз, бирок, биздин райондо гезит саткан күркө жок. Тегерегибиздеги дүкөнчөлөргө гезиттерди койсоңор, анткени "Алиби"ж.б. үчүн шаарга баруу керек болуп жатат. Биздин район Горький жана Чолпон -Ата көчөсү менен кесилишкен жер, жаңы конуштар
Надиров З., 779 6398***




Бай болгурлар, баш мыйзамды бузбагыла
"Кыргыз тилин көтөрөлү", "кыргызча сүйлөйлү" деген сөз болсо эле чуу түшүп калмай адатка айланды. Кыргыз тили мамлекеттик тил болгонуна жыйырма жылдан ашты, бирок, көзгө көрүнөөрлүк өнүгүү жокко эсе. Ал тургай канкор ажобуздун эрке талтаң Максими кыргыз тили коомун жоюуга кам урду. Ошондо бүгүн чуу көтөргөн жарандык коомдор кыргыз тилин басмырлоо деп айттыбы? Жок айткан жок, айтпайт дагы, кыргыз тилинин алар үчүн кереги жок, бүгүн ойлоп жатам, аларга тилдин эле эмес кыргыздын да кереги жок экен. Адам катары Ошурахунованы, Карамушкинаны сыйлайм, кыргыздын көбү сыйлашат, алар дагы бизди сыйлашы керекпи? Карамушкина: "Тил үйрөнүп жатам, мен кыргыз элин сыйлайм"- деп коет, чын дилин койсо жыйырма жылда кыргыз тилинде менден артык сүйлөмөк, анткени абдан билимдүү, бардык нерсеге жөндөмдүү адам.
Урматтуу президент, өкмөт башчы, эл шайлаган депутаттар сиздерден баштап баш мыйзам бузулууда. Баш мыйзамда кыргыз тили мамлекеттик тил деп көрсөтүлгөнүнө карабай иш кагаздары расмий тилде жазылып, анан барып мамлекеттик тилге которулат. Баш мыйзам боюнча кыргыз тилинин статусу жогору экенин эсепке албай жатасыңар. Расмий тилге кысым көрсөтүп жатат деп депутат Урмат Аманбаева айымды сотко бергидей кандай негиз бар, же орус тилдүү кызматкерди кыргызча жооп бер деп айттыбы? Айтса кыргызды айтты. Болбосо, орусча сүйлөбө кыргызча сүйлө деп Карамушкинага, Ошурахуновага айтылдыбы? Бир жолку сессияда Жолдошева баштаган депутаттар Скрипкинага кыргызча суроо берип атты, ал киши орусча жооп берди, эч кимдин кылы кыйшайган жок. Алыста жашаган орусча толук түшүнбөгөн айылдыктар, Скрипкинаны сыйлап калдык, ал кыргыз элин сыйлаган инсан экен деп кубандык.
"Ырдайлы кыргыз ырларын" деген берүүнү алыскы элеттиктер кубануу менен көрүшөт. Ырдап аткан Кыргызстандын орус тилдүү жарандары жаман болуп калышкан жок. Тетирисинче эл сүймөнчүлүгүнө айланып, өлкөбүздөгү бардык улуттардын ынтымагын, түпкү кыргыз элине болгон урмат-сыйын көрсөтүп жатышат. Кыргызча сүйлөйлү дегенде эле тебеленип калган кандай укук, мамлекеттик тилде суроо берип, мамлекеттик тилде жооп алууну каалаган Аманбаеванын укугун Ошурахунова сотко берем деп, тебелеп жаткан жокпу? Кыргызча үйрөнбөгөндөр өздөрү күнөөлүү, котормо аркылуу иштешсин. Жүз жыйырма депутаттын 15- 20сы кыргызча билбейт эле деп, сессия сөзсүз расмий тилде өтүшү керекпи? Батыштын божомолчулары жакынкы аралыкта кыргыз эли жоголуп кетүүчү элдин катарында дегендерин, "киргиздер" менен орус тилдүү биздин жарандар уккан эмеспи? Улут сакталыш үчүн тили, салты, үрп-адаттары сакталышы зарыл экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Эгемендүү өлкө болгонубуздун 20 жылдыгын белгиледик, эгемендүү өлкө катары мамлекеттик тилде сүйлөйлү деген күнөөбү?.. Жарандык коомдун өкүлдөрү эгемендүүлүгүбүздү тааный элекпи? Расмий тилди сыйлап, кысым көрсөтпөгөн үчүн бир дагы орус тилдүү инсан жашабаган, айыл- кыштактарда орус тилин, кыргыз тили менен катар балдарыбызга окутуп жатканыбыз жалганбы?
Эмне үчүн орус тилиндеги мектептерде кыргыз тилин окутууну жакшы карабайбыз? Бүгүн чырдагандар балдарын кыргыз тилин жакшы бил, кыргыздын салт-санаасын, үрп-адатын толук үйрөн деп айтышты бекен? Карамушкина менен Ошурахунованын балдары кыргызча билишеби, билсе канчалык деңгээлде? Кыргыз тилин нары-бери калчабай, жакшы окуткан болсок, шаардагы отуз жаштан ылдыйкы орус тилдүү жаштарыбыз кыргызча жакшы сүйлөп калмак. Жарандык коомдор бул боюнча кандай иш жүргүзүштү, же кыргыз элинин укугунун аларга кереги жокпу? Карамушкина эгер кыргыз тилинде сүйлөйлү дей берсек улуттар арасында чыр чыгышы мүмкүн дейт, бул эмне орус тилдүү улуттарга таштаган кыргыздарга каршы чакырыгыбы? Кыргыз улутундагыларды өз тилибизде сүйлөйлү дегенге күнөөлөшсө, Кыргызстанда кыргыздар канчанчы сорттогу эл болуп калганбыз? " Жамандын бойдогу, жардынын коногу билет" болуп калдыкпы? Суроо артынан суроо туулат… Бала бакчадан баштап жогорку окуу жайына чейин өзбек тилинде окуган, өзбек элин Батыров баштаган чагымчылар араздашууга алып чыгышпадыбы. Ошондуктан баш мыйзамды одоно бузбай бала бакчадагы тарбия иштерин, мектептеги окутууну, ЖОЖдордо( кээ бир атайын багытталган бөлүмдөрүнөн башкасын) окутууну мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү зарыл. Бул эки тилден башка тилдеги, бир дагы мектеп бюджеттен каржыланбашы керек. Кыргызстандагы башка тилде ачылган мектептерде кыргыз тили окутулуп, ар бир класстан окуу жылынын аягында сынак тапшыруусу зарыл. Президентке талапкер эле эмес, ар бир мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилде эркин сүйлөп жаза билиш керек. Ошондо мамлекеттик тил өзүнүн статусуна ээ боло алат жана өнүгөт.
Азис Мамбетмусаев,
Бишкек шаары








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??