Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сырга Жапар кызы, "Шаттык" бий ансамблинин жетекчиси:
Өспүрүмдөрдү жаман жолдон сактайлы...
- Жеке бийчи болуп жүрүп эле кандайча ансамблге кетип калдыңыз?
- Башында өзүмчө кыялданып, ырдап-бийлеп эле жүрчүмүн. Эрик Вильданович болсо, балдар менен иштешкенди абдан жакшы көрчү. Балдар менен иштеш үчүн токтоо, анан моралдык жактан туруктуу адам болуш керек. "Мен эч качан балдар менен иштебейм, бийлеп эле жүрө берем" деп ойлочумун. Анан эле бир мугалим үй-бүлөлүк абалы боюнча иштен кетип калып, анын ордуна киши таппай калышты. Жолдошума абдан кыйын болгондуктан, алгач "2-3 ай жардам берип турайын" деп ансамблге келдим. Ошол бойдон "эми мугалим табылат, мына табылат" деп атып, арадан 2-3 жыл өттү. Ошентип балдарга да көнүп кетип, калып калдым.
- Бий- өспүрүмдүн калыптанышына кандай таасирин берет?
- Менимче бий гана эмес, баланы ар кандай ийримдерге берүү пайдалуу. Мисалга, бала сабактан кийин бийге барып, андан соң үйгө келип, тамагын ичип, сабагын окугуча эле кеч кирет. Эшикке ойногонго, аркы-терки, ээн-эркин басканга убактысы да жетпейт. Экинчиден, бала жашынан эмгекке үйрөнөт, кругозору өсөт. Акыркы кезде чындыгында баланы бош коюу коркунучтуу. Балдар менен иштешип келгендиктен алардын табиятын, бүгүнкү күндөгү көйгөйүн жакшы билем. 10-11-класстын балдары наркотиктин даамын бир жолу татып көрүшөт. Ушул тапта кыларга иши жок, ата-энеси жумуштагы балдар жаман жолго түшүп кетиши мүмкүн.
- "Шаттык" бий-ансамбли көптөгөн мамлекеттерге барып, Кыргызстандын желегин желбиретип келип атасыздар. Чындыгында эле ушул шартта 20-30 баланы чет мамлекетке алып барыш кыйын. Сиздер бул жагынан кантип жатасыздар?
- Азыр мен-мен деген ырчы деле демөөрчү издеп, мамлекеттик чиновникке барса "колуңан келсе бар, жок болсо жөн кой" деген сөздөрдү уккан учурлар көп эле болот. Ошондуктан чет жакка чыгарда, тамак-ашын, жаткан жерин төлөп бере турган фестивалдарды интернеттен издейм. Жол киресин ата-энелер өздөрү таап, баласынын 5-6 жылдан берки эмгегин сыйлап, бизге ишенип жиберишет. Россия тарапка арзанына карап поезд менен эле барабыз, башка жакка самолёт менен барганга туура келет. Бирок, эмнегедир башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде билеттер абдан кымбат. Чет мамлекеттерге барганда башка жактан келгендерден билет баасын сурасак, бири-250$ , бири - 300$ дейт. Бирок, эч качан биздикиндей 600-700$ дегенди укпайбыз. Алар да таң калышат "ушундай оор акыбалдасыңар, мамлекет тарабынан балдарга эмне үчүн жеңилдетилген мүмкүнчүлүк түзүлбөйт" деп. Ал эми фестивалдарга балдар менен кошуп мугалимдерди алып барыш үчүн концертибиздин билетин мектептерге сүйлөшүп өткөрүп, "демөөрчү болуп койгула" деп суранабыз. Себеби, балдар менен мугалимдер барганга тийишпиз, алар менен иштешип, көзөмөлдөп турушубуз керек. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн деңгээлин өзүбүздүкү менен салыштырып, көп нерсеге көзүбүз ачылып, мугалимдер "багаж" алып келет.




Таласбаева Саадат, "Шаттык" бий ансамблинин бийчи кызы:
"Мамлекет биздей жаш муундарга шарт түзүп берсе"...
"Шаттык" бий ансамблинин бийчи кызы, №63 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Таласбаева Саадат менен бий туурасында азын оолак маектештик. Саадат өзү мектепти "беш" деген баага окуу менен бий өнөрүнүн аркасында ансамбль менен биргеликте Россия, Казакстан, Армения, Япония, Түркия өңдүү бир нече мамлекеттерге барып, мекенибиздин желегин желбиретип келген.

- "Шаттык" бий ансамблинде канча жаштан баштап бийлейсиң?
- Бул ансамблге келгенимде 6 жашта болчумун. Ага чейин сахнада бийлөөнү абдан кыялданчымын. Телевизордон бийлеп жаткан өспүрүмдөрдү суктануу менен көрөөр элем. Мени бул чөйрө кооз музыкасы, жакшынакай кийимдери, жомоктогудай аурасы менен өзүнө тартчу.
- Бийлөө менен кандай жакшы нерселерге жетиштиң?
- Бийдин аркасы менен биздин кыздардын сырткы келбети суйкайып, баскан-турганы, өзүн алып жүрүүсү да жакшынакай болот. Бул жерден биз бийлегенди эле үйрөнбөстөн, элибиздин маданиятын, улуттук музыкаларын, кийимдерин, бийин, салттарын үйрөнөбүз. Андан тышкары, чет мамлекеттерде өткөн көптөгөн бий-фестивалдарга катышып, бир гана бийлөө чеберчилигибизди арттырып келбестен, жаш жеткинчек катары дүйнө таанымыбыз кеңейип, көп нерсеге көзүбүз ачылып келет. Мунун натыйжасы бийик максаттарды алдыга коюп, келечегибизди түз жолго багыттоого түртөт.
- Мамлеткетибиздин бий искусствосуна жасаган мамилеси, көңүл буруусу сени ынандырабы?
- Мен мындай шартта биздей келечек муундар үчүн өз күчү менен жакшы нерселерди жасап, эмгектенип аткан "Шаттык" бий-ансамблинин жетекчиси Латыпов Эрик Вильдановичке терең ыраазычылык билдирем. Бул адам мекенибиздин чыныгы патриоту. Мамлекет "жаш жеткинчектер келечегибиз" деп койгону менен биз үчүн эч кандай шарт түзүп деле бербейт. Мисалга, мамлекеттик иш-чараларда дайым бийлейбиз, бирок, эч качан мамлекет тарабынан жардам албайбыз. Иш-чара өлкөбүздүн кайсы аймагында болсо да, ага өз каражатыбыз менен барып келебиз. Чет мамлекеттерде өткөн фестивалдарга катышууда, жетекчилерибиз тамак-ашын, жатаканасын камсыздап бере ала турган фестивалдарды издешет. Жол киребизди ата-энелерибиз жана калган чыгымды Эрик Вильданович көтөрөт.


- Бийлөөдөн тышкары эмнеге кызыгасың?
- Бий менен катар музыкага кызыгам. Ушул жылы 7 жылдык музыкалык мектептин фортепиано классын аяктайм. Анан албетте, мектептеги сабактарды калтырбайм. Мектепти алтын медаль менен аяктасам деген максатым бар.

Нурайым Рысмамбетова








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??