Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
"Алибиге" сурооңуз барбы?

"Алибиге" сурооңуз барбы? Буюрса, бул рубрика алдында суроо-жооптор үзгүлтүксүз чыга баштайт. Урматтуу окурман калк, сурооңуз болсо, 0778809095 телефонуна кайрылсаңыз, же СМС жөнөтсөңүз болот. Кабарлашкыла, сиздерден кызык суроолорду күтөбүз.


Электриктердин эсеби мыйзамдуубу?
Мен шаардагы жаңы конуштардын биринде жашайм. Быйыл жарык өчпөйт дегенинен үйгө үч фазалык токту киргизгем. Бирок, жарык өчкөнүнө байланыштуу, от жагып турабыз. Үч фазалык токту электр энергиясы барда гана колдонобуз. Эсептөөчтү (счётчик) текшерген көзөмөлчүбүздү бир нече айдан бери көрө элекмин. Эсептөөчтөгү көрсөткүчтү эч ким жазып кетпейт, бирок, мага дүмүрчөк келип турат. Мага келген квт саат көрсөткүчтөрү кандай алынып жатат.
Кубат Атабаев,
Ак-Өргө конушу


Көзөмөлчү ар кандай себептер менен эсептөөчтү текшергенге келе албай калышы ыктымал: өргүүгө чыкканда, жумушунан бошотулганда же абонент жок болгон учурда, эсептөөчтү текшербей калат. Мындай учурларда, эсеп орточо жүргүзүлөт (дүмүрчөккө, кашанын ичине "м" тамгасы жазылат).
Эсеп төмөндөгүчө жасалат: коммуналдык бөлүктө орточо кубатуулук 1,2 кВт. Бул сан 24 саатка жана эсеп жүргүзүлгөн күнгө (М: 20 же 25 күнгө) көбөйтүлөт. Ушинтип орточо эсеп чыгарылат. Ал эми жер тамдар (менчик үйлөр) тууралуу орточо кубаттуулук 2,2 кВт, үч фазасы бар тамдардыкы 5,5 кВт. Бул сандар мыйзамдуу түрдө бекитилген жана ар бир үй жана батирдин техникалык тыянагында көрсөтүлгөн. Бирок, сиздерге орточо эсеп менен чыгарылган дүмүрчөк келсе, аны төлөө милдет эмес. Сиз өзүңүз эсептөөчтөгү көрсөткүчтү жазып барып, ошонун негизинде төлөсөңүз болот.





Карышкыр оюн
Өткөн саныңарда жаңылмачтарды, кыргыздын каада-салттарын бир аз чакан кылып чыгарыптырсыңар. Аныңар жакшы. Менин сунушум: кыргыз оюндарын да чыгарсаңар жакшы болор эле.
Акун Бекешов, Талас шаары


Карышкыр оюн. Бул оюнга 8-16 киши катышып, оюн кенен аянтчада, же талаада өтөт. Оюнда чапан, күрмө, тон колдонулат.
Оюнчулар сырткы кийимдерин чечишип, аларды бүктөп, короодогу койлордой кылып катар коюшкандан кийин, эки топко бөлүнүшүп, оюн башталат. Андан кийин оюнчулардын макулдашуусу боюнча биринчи топтогулар "койчу", экинчилер "карышкырдын" ролунда болушат.
Оюндун максаты. "Карышкырлар" билдирбей келишип, бир же бир канча "койлорду" уурдап кетүүгө аракеттенишет. Ал эми, "Койчулар" "карышкырларды" кубалашып, аларды баш кийимдери менен урушат. Эгерде, "карышкырлар" кармалып калса, алар "койлорго" кошулат. Оюн "карышкырлар" же "койлор" калбай калгыча ойнолот. Оюн 2-3 жолу кайталанышы мүмкүн. "Карышкырлар" же "койчулардын" ролун жакшы аткарган оюнчулардын тобу жеңишет.
Оюндун эрежеси. Кармалган "карышкырларга" кайрадан оюнга кирүүгө, чурулдоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө болбойт.
Оюндун тарбиялык мааниси. Оюнда күчтүүлүккө, ылдамдыкка тарбиялап, бир нерсеге көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.





Кайсынысы жакшы?
Мен жер тамда жашайм. Жаз келери менен жаңы үй салганы жаткам. Үйүмө кандай терезени коюуну билбей турам. Анткени, бири жыгач терезе жакшы десе, башкалары пластикалык терезени жакшы дешет. Кайсы терезени коюу жакшы?
Жалил Асанбаев,
Ак-Ордо конушу


Учурда үй курууда пластикалык терезелер кеңири колдонулууда. Бирок, тамдарга жыгач терезе эле койгон оң. Себеби, пластикалык терезеге салыштырмалуу жыгачтан жасалган терезелерди көп жылдар бою колдонууга болот. Ал биринчиден жайдын ысык мезгилинде дем алып, үйдү тумчуктурбайт. Экинчиден кышында да үйдү суук кылбайт. Жыгач терезелер -50 дөн +50гө чейинки температураны көтөрө алат (бирок, бул да терезенин кайсы жыгачтан жасалганына байланыштуу). Ал эми пластикалык терезелер дем албайт жана аны чыгарууда адамдын ден соолугуна зыян келтирген кошулмалар бар. Учурда, пластикалык терезелерди жасоодо адамдын саламаттыгына залал келтирбеген кошулмалары бар терезелер чыгууда, бирок, ал ошого жараша баасы жогору.
Мисалга айтсак, Европада пластикалык терезелерге болгон суроо-талап түшө баштаган. Норвегия жана Финляндияда терезелердин 70%ы, Швецияда 76%ы жыгачтан жасалат.


Саясатчылар интрига кылбай, жумуш ордун түзсө
Биздин саясатчылар интрига, кызмат ордун талашмайын, саясий оюндарын токтотуша албай коюшту. Элди ойлогон бир да бийлик адамы жок экенине көзүм жетти. Мына жакында уулум бул жакта жумуш жоктугуна байланыштуу Россияга кеткен. Туруктуу иш таап алыптыр. Эми Россиянын жарандыгын алганы жатат. Менин балама окшоп, Россиянын жарандыгын алган канча кыргызстандык бар болду экен?

Нуриса Байтерекова,
Жалал-Абад областы


270 миңден ашык кыргызстандыктар Россиянын жарандыгын алышкан. Өзүңүздөр билгендей эле 1 миллиондон ашуун кыргыздар чет жерлерде иштеп, жашап жүрүшөт. Маалымат үчүн айта кетсем, 2011-жылы 84 миңден ашык жумуш орун түзүлгөн.





Ломбардды кантип ачып иштетсе болот?
Атым Турат. Мен ломбард ачайын дегем. Азыркы убакта иштеп жаткан ломбарддар кайсы иш кагаздын негизинде иштешет. Мурда ломбарддарга лицензияны КРнын Улуттук Банкы берчү. Бирок, 2011-жылдын 11-апрелиндеги кабыл алынган мыйзам Улуттук банк-тын ал милдетин алып салганын уккам. Ломбарддын иштешине кайсы бир органдан уруксат алуу керекпи же башка иш кагаздардын негизинде иштей берсе болобу?
Турат Имашев,
Бишкек шаары


Ломбард коммерциялык уюм катары каалаган уюштуруучулук-укуктук түрдө негизделсе болот жана ал Кыргыз Республикасынын "Юридикалык тараптардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоосу жөнүндөгү" жана "Чарбалык коом жана шериктер тууралуу" мыйзамдары менен тескелет. Мындан тышкары, ломбарддын иш кагаздарынын тизмеси, мамлекеттик каттоонун тартиби жана убактысы КРнын "Юридикалык тараптардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик каттоосу жөнүндөгү" мыйзамдын 10чу жана 11-беренелеринде жазылган.


Р.S. Жооптор интернет жана маалымат булактарынан алынып даярдалды.
Даярдаган Нуржигит Бейшебаев






кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??