Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Уурунун эмес, улуттун укугу тебеленгенде...
Эрендер эмес көз чукушпаган каргалар бийлеп жатышабы?
УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталинов Кыргызстанга кайтып келгени, бизде аябагандай профессионалдуу адвокаттар жана Конституцияга эмес жогоркулардын айтканына таянган сабатсыз соттор бар экени ачык-айкын болуп калды. Дегенибиз, 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтындагы демонстранттарды көздөй ок атылышына негизги себепкер катары, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөө тагылган Суталинов мырза айтпай дебей "7-апрель боюнча" сот ишине кирип келип (ишенген кожосу бардай), сюрприз жасабадыбы. 90го чамалаш кишинин өлүмүнө түздөн-түз күнөөлүү болгону аз келгенсип, кулак жапырып чет жерде качып жүргөн Суталиновду адвокаттары ушунчалык жан дили менен берилип коргоп, мунун негизинде ишти алып барып жаткан сот мыйзамдан тайгаланып, аны үй камагына чыгарып берип салды. Мындай кадам, "Мурат мырза үйүңүзгө тынч эле жата бериңиз, бул жакты өзүбүз жайгарып коебуз" дегендей эле көрүндү. Байлардын кыйшык ооз балдарынын жасоолдору тайраңдаганын койчудай эмес, айтор. Кыргызстанда мыйзам барбы (?) деген суроо келип чыгат мындайда.

УКМКчы,
УКМКчыны
"уф" дей албайт
Эгер бар болсо, адам өлүмүнө шектүү делгендер биринчи эле соттук отурумда, логикалык жактан алганда күнөөлүү экендиги көрүнүп турган жагдайда эмнеге үй камагына чыгарылат!? Эгер мыйзам бар болсо, интерполдун тизмесинде издөөдө жүргөн адамды атайын кызматтар эмне үчүн көргөн жерден баса калып, сотко сүйрөп келгенге алдары жеткен жок!? Себеби, эч ким издеген эмес, себеби акчалууларга "уф" дегенге алыбыз жетпейт. 7-апрелде жакынын жоготкондор ызы-чуу түшүп, бул кадамга нааразычылык билдирген соң гана аны УКМКнын СИЗОсуна камакка алышты. Жок, күнөөлөнүп жаткан иши боюнча эмес. Чек араны мыйзамсыз басып өткөнү үчүн камакка алынды. Көпчүлүк а балким 7-апрель боюнча иши эбак жабылып калгандыр деп божомолдоп коюшту. А бийлик башындагылар эч бир комментарий бергенге жарашкан жок. Баягы Бакиев, Акаев заманындагыдай эле карапайым калктын укугу тебеленип, бири-биринин көзүн чукубаган "каргалар" мыйзамдан бийик туруп алышты.
7-апрелде каза тапкандардын туугандарынын айтымында, азыркы УКМК башчысы Шамиль Атаханов Мурат Суталиновдун камакка алынышы боюнча маселе көтөрүлгөндө, "наглеть этпегилечи" дегендей жооп узатыптыр. Кызык, жакындарыбызды аткандар камакка алынсын дегендер "наглеть этип" жатышабы же издөөдө жүргөндү кармап келе албаган, келип берсе камай албагандар "наглеть этишүүдөбү?" Ойлонуп көргүлөчү, байболгурлар!

Суталинов
эмес Максим да
өткөн Акжолдон
Баса, чек араны мыйзамсыз түрдө басып өткөндүгү боюнча "Ата-Мекен" фракциясында маселе көтөрүлүп ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге суроо узатылганда, министр мырза "Суталинов Алматыда жашынып жүргөн, аны кармоо үчүн бир канча жолу кызматкерлерди жиберип, бирок, иш жыйынтыксыз болуп калган. Акжол бажы постунан Суталиновдун өтүшүнө эски достору болгон Алматы полиция департаментинин начальниги, Алматы шаарынын улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы жардам беришкен экен" деп жооп берди. Дагы бир ирээт кыргыз улутунун укугу тебеленип отурат. Демек Казак өлкөсүнүн жарандары биздин мамлекетке кимди өткөрүп, кимди өткөрбөштү өздөрү билет турбайбы. Суталиновдун өтүшүнө көмөктөшкөн кызматкерлерди таап жазалоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат дешет. Жоо кеткен соң (бул учурда жоо келген соң болуп калат го) кылычыңды ташка чап деген киши жок. Бүтүндөй мамлекеттин беделине шек келип отурат. Бул көрүнүштү сырттан байкап турган экстремисстик күчтөр "аа өтсө болот турбайбы?" деп эбак алакан ушалап калышкандыр. Бир караганда биздин укук коргоо кызматкерлери жумуш ордуларында бүтүндөй мамлекеттин укугун тебелетип чемичке чагып эле отурушкан өңдүү. Себеби айрым маалыматтарга таянсак, Суталинов буга чейин Кыргызстанга бир канча жолу келип, керек болсо кадимки издөөдө жүрбөгөн кишидей эле жашап жүргөн экен. Ошого катар эле, мурунку ханзада Максимдин да Кыргызстанга келип, азыркы бийлик төбөлдөрү менен жолугушуп кеткени имиш-имиш болуп таркап кетти. Жел болбосо чөптүн башы кантип кыймылдасын? Анын үстүнө, Суталиновду жан алы калбай коргоп калууга аракет кылынып жатканын көргөнүңдө аргасыздан, балким жогорку имиш-имиштин баары чындык болуп жүрбөсүн деген да ой келбей койбойт.
Кыргызда абалтан жазылбаган мыйзам бар, жалпы калк эрендерге таянат. Өз кезегинде эрлер эл четинде, жоо бетинде болуп улуттун укугун, намысын коргойт. Бирок биздин бүгүнкү эрендерибиз, эрен эмей эле көз чукушпаган карга кейиптенип турганы өкүндүрөт. Болбосо бир кезде, азыркы бийлик башындагылар оппозицияда элге таянып жүргөн учурда, ошол эле Суталинов "колун чычайта" көргөзүп, баарынын беделине шек келтирбеди беле.
Намысы болсо, азыркы эрендерибиз ошол кылмышы үчүн да Суталиновду сот жообуна тартып коюушса негиздүү болмок. Төбөлдөр! Кезинде карапайым калк каны менен силерди коргогонун унутуп, эл тилегин аткара албай, намысын намыстай, укугун укуктай таш бетине жайып тебелете берсеңер, Мурат Суталиновдун элден безип, арыктаган кейпин кийип калышыңар ажеп эмес.
Мирлан
Өмүралиев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??