Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кайран тилим кор болду, кадыр баркы жок болду...

Өткөн аптада болгон парламенттеги мамлекеттик тил жана расмий тил боюнча талаш көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Жогорку Кеңеште "мамлекеттик тилде иш алып баралы" деген кээ бир депутаттардын чакырыгына орус тилдүү кесиптештери оңкосунан кетип, "кыргыз тилин билбегендердин укугу тебеленип атат" деп каяша айтууга үлгүрүштү. Ырас, алар антип жатканда биз карап турабызбы, алды менен маанилүү бир суроого жооп таап алсак. Деги бизге улут керекпи же укук керекпи?

Алды менен улутка келели. Кыргызстандын негизги титулдук улуту бул - кыргыз эли. Көп улуттуу мамлекет болгонубуз менен кыргыздар элдин негизин, мамлекеттүүлүктүн маңызын түзөбүз. Демек, кыргыздын эне тили, кыргыз тили мамлекеттик тил. Бирок, мамлекеттин жараны болуп туруп, болгондо да үч бийликтин бир бутагына конуп туруп, мамлекеттик тилди билбегендигин доомат кылган Карамушкина сыяктуу башка улуттагы мекендештерибиз, өз эне тилине түкүргөн, ар намыстан куржалак калган замандаштарыбыз кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты мончого кийип барганы аз келгенсип, тилибизге шек келтирип отурууга кандай акысы бар? Бул деген улутту басмырлоо, дүңүнөн укугун тебелөө эмеспи, ыя? Кыргыз элинде жакшы накыл кеп бар "кимдин арабасына түшсөң, ошонун ырын ырдайсың" деген. Анын сыңарындай, эл атынан депутат шайланып, элдин таламын талашам деп бийликке жетип алып, анан элди экиге бөлүп туруу адамгерчиликке сыябы деген суроо туулат. Ушул улуттун добушу жакшы, берген кызматы майлуу, анан эле тилге келгенде баары жаман болуп калабы? Демек, биринчи кезекте улут деген улуу нерсеге шек келүүдө. Ал жерде Аманбаева баштагандар же кыргыз, же орус улуту тууралуу маселе көтөрбөсө да, аны улутка таңуулап көрсөткөндөргө жол болсун. Ушинтип атыңарды чыгаргыча, саманканаңарды өрттөп жиберсеңер деле оң болмоктур...
Андан жүрүп, укук маселесине келели. Укук деген бул бизге орустарда же башка улуттардан көчүрүп алган, кыргызга жаңы кирип, жапырт мода кыла турган түшүнүк эмес. Кыргыздар тең укуктуулуктуу тээ атамзаманда эле туу тутуп келген, башка бирөөнүн укугун бейчеки тебелей бербейт. Учур талашына келсек, кыргыз тилинде сүйлөгүлө деген чакырык менен биз эч кимдин укугун чектеген жерибиз жок. Бирок, ачык айталы, акыры барып баарыңар кыргыз тилин билүүгө, сүйлөөгө өтөсүңөр. Себеби, мамлекетти өнүктүрүү жана сактоо үчүн алды менен баары бир кыргыз тилин жогору коебуз. "Жыгачтын жумшагын курт жейт" болуп, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча сыйда мамиледе болгонубуз, суранганыбыз, силерге жетпесе, өзүңөр билгиле. "Биз чөгөлөбөйбүз"! Укукташабыз!
Ал эми тил боюнча саясатка келгенде кеп башка, Кыргызстан эгемен мамлекет болгонуна 20 жылдан ашты. Ушул кезге чейин мамлекеттик тилди, кыргыз тилин өнүктүрүүдө бийлик башындагылар илбериңки иш алып барды. Ошол эле мезгилде кыргыз тилин үйрөнгүсү келбегендер уюшкан топтордой болуп эле, кыргыз тили тууралуу ооз ачкандарды баса калууну адатка айландырып, шовинисттик көз караш менен муунтуп турбадыбы?! Бир эле мисал, былтыр эле, ушул маалда "жер-суунун аттарын кайрадан мурунку тарыхый аталышына кайрып, кыргызчалаталы" деген идеясы менен Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимов ушулардын курмандыгына айланып кетти го?!
Бирок, бул анын эле асмандан алган идеясы эмес болчу. Буга байланышкан маселе 1990-жылдары да мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, анда да ошол эле орустар Москвага чейин чыгышып "кыргыздар шаарларынын баарын которуп атышат" деген чоң ызы-чуу чыккан экен. А кезде СССРде Генсек болуп турган Горбачёв: "Эгерде тарыхый аттары бар болсо эмне үчүн которгонго болбосун. Биз деле мына Россияда Ленинградды-Санкт-Петербург, Горкийди-Саратов кылдык"деп айтканда, бул маселе Горбачёвдун деңгээлинде чечилип калып, ызы-чуу токтогон дешет. Ошондо, Фрунзе, Пржевальский, Рыбачье, Киров району, Панфилов району өңдүү аталыштарды кыргызчалоо жүрүп Бишкек, Балыкчы, Каракол, Кара-Буура району болуп которулганы белгилүү.
Орустар "Мы славяне..." деп эле жазып келишкен. Аларга эч ким унчукпайт. Күнөөлөй да албайт. Бизге келгенде эле "улутчулдук" маселеси кайдандыр пайда боло калат. Сөөгү эчак сөпөт болгон СССР убагынан бери эле не деген элдик баалуу мурастарыбыз, эл келечегин ойлогон кандай гана залкар инсандарыбыз ушул "улутчулдук" деген аттын көлөкөсүндө улутубуздун кызыкчылыгын оозангандыгы үчүн садага чабылып кетти. Ошол кордуктан эми деле кутула албай келебиз.
Бирок, ар нерсенин өз маалы болот. Кызыгы, бул расмий тил анан мамтил деген маселе дүйнөдө эки же үч эле мамлекетте бар. Калганы тил саясатын ордуна эбак коюп койгон. Ошон үчүн бул маселени маалкатпай эле "тарс" чечип, "Кыргызстанда мамлекеттик да, расмий да, улут аралык да тил кыргыз тили" деп бадырайтып жазып, мыйзамга киргизип, мамлекеттик кызматкерлерге ушул талапты коркпой эле кое турган кез келди. Кечиккенибиз келечекке балта урат. Орусчаны ойдолотуп, орус тилин таштагысы келбегендер, Орусияны карай кете берсин, алар кол чаап тосуп алгыдай болсо....




Расмий тилдин кереги барбы?

Дүйнө жүзү өнүгүп, эки эмес беш- алты тилде эркин сүйлөө заман талабы болууда. Биз "башка тилди үйрөнбө, кыргыз тилинде гана сүйлө" деп эч качан мажбурлабайбыз. Болгону, Кыргызстанда кыргыз тили "мамлекеттик тил" статусунда иш алпаралбай турганы абдан өкүнүчтүү. Коңшулар эч кандай расмий тилсиз эле бизге караганда алда канча жакшы жашоодо. Ушул тапта бизге расмий тилдин зарылчылыгы бар беле?

Мукамбет, таксист:
- Кыргызстанда жашап аткандан кийин кыргыз тилин сөз жок билишибиз керек. Депутаттар өздөрү үлгү болуп кыргыз тилинде сүйлөп, мамлекеттик тилдин деңгээлин жогорулатуу боюнча маселе көтөрбөсө, карапайым адамдар эч качан өнүктүрө албайбыз. Көп улуттуу мамлекет болгондон кийин "орус тилинде сүйлөбө" деп эч кимди тыйбайбыз, бирок мамлекеттик тил өз деңгээлин жоготуп койду. Кыргызстанда жашагандан кийин кыргыз тилин сөзсүз түрдө билиши керек.

Майрам, мугалим:
- Советтик мезгилде орус тилин кадимкидей жапырт үйрөнгөнбүз. Эмне үчүн азыр Кыргызстанда жашап туруп кыргыз тилин билишпейт. Үйрөнүшсүн. Депутат Карамушкина КРнын өкмөтүндө отуруп алып кыргыз тилин билбейм дегенден уялсын. Ар бир адам өз каалоосу менен беш-алты тилде сүйлөй алат. Орус тили ансыз да өнүккөн тил. Бизге эч кандай расмий тилдин кереги жок. Зарылчылыктан улам, эл аралык тил болгондон кийин, орус тилин ансыз да үйрөнүп алышат. Бирок, Кыргызстанда анын деңгээлин мамлекетттик тилдин деңгээлинде көтөрүүгө каршымын.

Чолпон,
мугалим:
- Өздүк өнүгүшүбүз үчүн орус тили керек. Бирок, кыргыз мамлекетинде мектептерди, билим берүү системаларын, мамлекеттик иш кагаздарды кыргызчалашыбыз керек. Мына коңшу Казакстанда 70% эл казакча сүйлөйт. Балдар да казакча окуйт. Бизге ушул абдан зарыл. "Киргиздер" абдан көбөйүп кетти. Ошол себептен балдарыбыз көчөдөн да кыргыз тилинде сүйлөгөнүн каалайм.

Айгүл, мугалим:
- Мен шаарда туулуп өскөм. Биздин убакта Т.Усубалиев мектептерде орус тилин басымдуу кылып салгандыгы үчүн, өз тилибизди, менталитетибизди жакшы билбеген орусчалыш муун өсүп чыктык. Мына эми мамлекеттик тилдин статусун, мыйзамдарды жандандырып өнүктүрүүчү мезгил келип турат. Бул жагынан коңшу казактардан сабак алышыбыз керек.

Амантай
Кутманалиев,
акын:
- Эгемендүүлүк алганыбызга 20 жылдын жүзү болду. Тилге да зарылчылык болсо, эл үйрөнөт. Мына бизде 70-80 жыл жашап жүргөн орустар эки ооз сөз кыргызча билишпейт. Алар үйрөнгүсү да келбейт. Дагы деле 100 жыл жашаса деле үйрөнүшпөйт. Ал үчүн тил үйрөнүү муктаждыгын жаратуу керек. Мисалга, мамлекеттик тил билбейин кызматка кире албагандай кылып коюш керек. Россияда ошондой. Орусча билбесең, көчө шыпыргыч да болуп иштей албайсың. Расмий тилдин бизге кереги жок. Бул жер Кыргызстан. Мамлекеттик тилдин душманы Карамушкина эмес, ириде ошол өкмөттө отурган өз тилин билебеген "киргиз чиновниктер".

Чолпон, сатуучу:
Мен көп жыл иштеп, Казакстандан кечээ жакында эле келдим. Ал жакта кыргызча сүйлөсөң, көчөдө жөн эле кетип бараткан ар бир казак "ай, шеше не казакча сүйлөбөйсүң. Кайсы жерде жүрөсүң?" деп сурашат. Ал эми бизде мамлекеттик жыйындар өз тилибизде өтпөйт. Мен Казакстандан патриот болуп келдим. Мына казактар расмий тили жок өнүгүп атат. Эч кандай орус тилисиз эле.

Дүйшөн,
сатуучу:
- Бизге эч кандай расмий тилдин кереги жок. Расмий тилсиз эле коңшу казактар, өзбектер өнүгүп атышат. Орус тилин ансыз деле билебиз. Расмий тилдин мамлекеттик тилдин статусун түшүргөндөн башка эч кандай пайдасы жок.

Адис, сатуучу:
- Негизи орус тили керек. Бирок, Кыргызстанда кыргыз тили ээн-эркин иш жүргүзүшү керек. Учурда шаарда бүт бардыгы эле орус тилинде маектешет. Мектеп окуучулары, студенттер, кыргыз менталитетинен алыстап, өз улутунун баалуулуктарын жоготуп баратышат. Расмий тилсиз эле мамлекеттик тилди көтөрүп, өз мекенибизде өз тилибизди барктабасак, башка кайсы мамлекетке барып, кыргыз тилинде ээн-эркин сүйлөп жүрө алабыз?

Бетти даярдаган
Нурайым Рысмамбетова







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??