Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жашоо - бул көкбөрү
Илгери, Манас атабыз өзүнүн чоролору согуш өнөрүн унутуп калбасы үчүн көкбөрү тарттырып, эрлерди ат үстүнөн эңиштирип, билектерден кармаштырып күрөштүрүп күч сынатып турчу экен. Антип, Манас бабабыз эле көкбөрү тарткан экен дейин десек, анын аталаш бир туугандары Абыке менен Көбөш да атасы Жакыптын байлыгына чиренип көпкөндүктөн, ары бекерчиликтен, ары Манаска катыла албай, ага келген жинин улактан чыгаргандыктан көкбөрү тартышкан. Кыргыз саясатчылары көкбөрү тартыптыр деген кабарды угуп, Манас бабабызды да, анын бир туугандары Абыке менен Көбөштөрдү да эстедик. Эгер, биздин саясатчылар көкбөрү тартып жатса, анда алардын кан кызытып, көкбөрү тартып жатышында бир сыр бар. Манас жана анын чоролору го, согуш өнөрүн унутпайлы деп көкбөрү тартчу дедик, а Абыке менен Көбөштүн көкбөрү тартканы көпкөнчүлүктүн иши экен. А биздин саясатчы эрендерибиз тууралуу эмне деп айтсак? "Согуш өнөрүн" унутпайлы дегениби, же көпкөнчүлүкпү?
Акаев менен Бакиев бийлиги тушунда, алардын оппозициясы чээнге кирип, дайын-дарексиз жоголуп кеткенде, "каякка кеттиңер" десек, "аттарды такалап жатабыз" дечү. Тээ, анда такалуу аттарды минип, көкбөрү тарткандарга не деп суроо узатарыбызды билбей турабыз. Алдыда жаз келатат...
Манас бабабызды, Абыке жана Көбөштү эстебегенде да, эл үшүп-тоңуп, ачка олтурганда саясатчылардын көкбөрү тартып, каткырык салып, бири-бирине чапан жаап турганы өтө эле өөн учурайт экен. Элдин каймагыбыз, элге кызмат кылып жатабыз дейт, башкасы бүтүп, эми элди көкбөрү тартып баккысы келгени кызык. Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө шор дүйнө деген ушул экен да.




"Кызматтык токолдун" кереги жокпу?
Кыргызстан дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири экенине карабас-тан, министрлерге, алардын орунбасарларына, губернаторлорго жана алардын орун басарларына, депутаттарга кызматтык үй, кызматтык машина, атайын поликлиника, атайын оорукана, резиденция сыяктуу артыкчылыктарды берүү, бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү, уюштуруу жагынан дүйнөдөгү эч бир мамлекетти алдына салбайт. Мамлекеттик жогорку даражадагы чиновниктерди бөпөлөп, хандын баласынан бетер кастарлоо жагынан байманасы ашып-ташып турган бай АКШ Кыргызстанга караандабайт десек болот. "Кызматтык машина", "кызматтык квартира" деген ураандын астында, министри да, депутаты да, губернатор, акими тойлоп жатышат. Мамлекеттик жогорку даражадагы чиновникке сый көрсөтүү үчүн бардык шылтоолор даяр. Айталы, депутат менен министрге Бишкектен кызматтык үй бергиси келсе, мамлекет анүчүн ойлонуп олтурбастан, шаарда үйү жок экен деген шылтоону бетке кармашат. Ошол эле учурда, министрге, же депутатка кызматтык машина берип жатканда, алардын машинасы бары, же жогу таптакыр эле артка сүрүлүп калат.
Анча болду, мамлекеттик чиновниктерди биздин мамлекет урматтайт экен, сыйлайт экен, анда алар үчүн "кызматтык аял", же тагыраагы "токол" кызматын уюштурсак кантет? Байкуш министрлер, депутаттар, губернаторлор мамлекет тарабынан "кызматтык токол" берилбесе да, андай кызматтан пайдаланып келатканы жалган бекен? Болгону, ал кызматты мыйзамдаштарып койсок, алар да, "кызматтык токолдор" кыйналбай, баары "прозрачный" болмок.




Баракелде, "Джентельмен удачи"
Турсунбек Акун. Бу киши адамды такыр зериктирбейт го. Баарынан бизди таңгалдырганы, Турсунбек Акун качан да болсо, саясаттабы, же өз ишмердигиндеби куду боксерлор колдонгон "двойной ударды" ыктуу пайдалана, колдоно билгендигинде. Ал качан болбосун, бул жагын да, ал жагын да сого берет. Эмне дейбиз, ал ошон үчүн "Джентельмен удачи". №1-СИЗОнун айланасындагы окуяга түшүндүрмө берип жатып, "Спецназ абактагылардын өпкөсүн үзүп, коркутуу иретинде кыргызча аракет кылышкан" деп, бир убакта эле Омбудсмен да, адвокат да боло калып жатпайбы. Ии, ушуну менен токтоп калат десек, кайра ГСИНди, анын жетекчиси Ш.Байзаковду жактап, бир Байзаковдун оппоненттеринин маңдайынан сылап, чыныгы талантын көрсөттү.
Талаш жок, уникалдуу адам. Акаев доорунда бекен, кай доордо экени эсте жок, айтор жоголуп кеткен. Куду "Джентельмен удачи" киносундагы бала бакчанын тарбиячысы жоголуп кеткен сыяктуу. Анан бир замандарда досу Мелис Арыпбек мырза менен араздашып жүрдү. Ортолорун кайсы кара мышык аралап өткөнүн ким билет. Мелис Арыпбек Турсунбек Акун тууралуу фактылар менде жетиштүү дечү. Сыягы ал фактылар Турсунбек мырзанын "двойной" жүрүш-туруштары тууралуу болсо керек эле. Бирок да, аны Бакиев Курманбек канатына калкалап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, даражасын көтөрүп, Президенттик администрациянын укук коргоо бөлүмүн башкартып койду. Турсунбек мырза президенттин жанында олтуруп алып эле, президентти сындап атчу. Бакиев муну укук коргоочулук кызматка албай, Бакиевдин өзүн сындап туруучу кызматка алганбы деген ой кетчү бизде. Башкалар Курманбек Салиевичти сындай коем деп, арка-мойну үзүлүп жатса, Турсунбек Акундун ооматы келип, Президенттик укук коргоочулук кызматтан дароо эле Омбудсмендик кызматка секирди. Баракелде дебеске арга да, амал да жок.
Аны менен тирешем дегендер эч качан жеңген эмес. Турсунбек Акун менен күрөшөм деген Акаев эмне болду? Турсунбай Бакир уулу аны менен тирешем деп жүрүп, акыры ал да жеңилгенин мойнуна алды көрүнөт. Турсунбек Акун "Келдибеков, Келдибеков" деп калды акыркы айларда, ал да кызматынан кетти. ГСИНдин башчысы Шейшенбек Байзаков муну эсинен эч убакта чыгарбаганы оң. Шейшенбек мырза самбист деп айтышат, антсе да "двойной удар" дегениң жаман. Бакиев деле кантип кызматтан кеткенин билбей калган. Ушундай эмеспи, Омбудс-мен мырза!




Кыргыздан деле Черчилль чыгат
Кыргыздан Черчилль Уинстон чыгат десе ишенесизби? Маселен, биз ишенебиз. Таланттуу адамдар бардык жагынан таланттуу болушат. Биз муну Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун мисалынан улам айтып жатабыз. Ал ириде таланттуу обончу катары узун элдин учуна кыска элдин кыйырына таанылган болчу. Кийин жогорку окуу жайында иштеп, профессор даражасына жетти. Бакиев бийликке келгенде болсо, "Ак жол" аркылуу депутаттыкка өтүп, кара кылды как жарган депутат катары таанылды. Саясатчы катары такшалды. Кийин Маданият министри катары да өз күчүн сынады. Айтор, кагылды, согулду, анын депутат саясатчы, асыресе министр катары талантын да баалашты көрүнөт, ал өлкөнүн вице-премьерлик кызматын да аркалады.
Бизге, Ибрагим Жунусовдун Уинстон Черчиллдикиндей учкул, канаттуу сөздөрү жагат. Эсиңиздерде бекен, былтыр ал вице болуп турганда, Куйручук олуянын 140 жылдык мааракесинде сүйлөгөн сөзүндө "Эгер Куйручук депутат болгондо, жакшы депутат болмок, анда ал коррупционерлердин куйругун толгомок" деген сөзү аябай жаккан. Анысы кандай, анын өз сөзү менен айтканда, эгер Ибрагим Жунусов жазуучу болсо, анда андан Айтматовдой чоң жазуучу чыкмак. Эгер, ал акын болсо, Алыкулдай акын болмок.
Улуу Британияны башкарган Уинстон Черчилль учкул сөздөрдүн устаты болгон дешет. Бирок, ал деле баары бир учкул сөздөрдү таамай жана так айтуу жагынан Ибрагим аке Жунусовго жетиши кыйын. Мына ал жакында министр болуп дайындалар менен, "Маданият министрлиги маркумдарды акыркы сапарга узатуу боюнча бюрого айланып калган" деп кыштын күнүндө түшкөн чагылгандай жарк эткен сөздү айтты. Азыр анын сөзүн баары цитаталап жатышат. Кыргыздан Черчилль чыкпайт дедиңер беле? Чыгат. Тааныбасаңар, анда таанып алгыла. Билбесеңер билип алгыла. Ал Ибрагим Жунусов Маданият жана туризм министри эмеспи!


Болотбек Таштаналиев








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"







??.??