Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Алтын тырмак
Мааниси тереңдеги Манас ата күүлөрү
Кыргыз менен комуз бирге жаралган деп жүрөбүз. Демек, экөө киндиктеш болгон болсо, анда ошол экөөнү айрылгыс кылып байлап турган, бирин экинчисин кынап турган улуу нерсе бул-комуз күүлөрү. Кыргызда күүнүн саны миң болсо, анын сыры сан жеткис. Сандаган жылдар мезгилдер бою бул кыргыз эли өзүнүн көргөн-билгенин, кубанчы менен кайгысын тирлиги менен түйшүгүн, арзуусу менен сүйүүсүн, арманы менен өксүүсүн күүгө салып, комуздун керемет добушу аркылуу жан дүйнөсүнө да, жаратылышка да аваздатып сиңирип келген. Бул улуу сырлар ушу тапта чекесинен ачылып, өз баасына, өз наркына жете баштаганы, кыргыздын кылымы келатканынын айныксыз далили болуп жүрбөсүн?!
Ооба, арабызда эле жашап, бүгүнкү адамдын кулк-мүнөзүн өзүнө баш ийдирип келаткан техниканын заманында ойлору сан кылымдарга сүңгүп, ошол улуу сырлардын, улуу касиеттердин учугун чубап келе жаткан замандаштарыбыз арбын. Алардын бири ушул Кенжебек Алдаяр. Кенжекени жакындан билгендер анын өнөрүнө баш ийип, таазим кыла, комузда ойногон колдоруна тооп кылышат. Оюна ортоктош болуп, талантынын ташкындашына өбөлгө болушат. Аттиң, аны барк албай, анын уңгулуу ойлорун "жаңы ойлоп табуу" катары түшүнгөндөр да жок эмес...
Жакында ошол алтын колдуу агабыз өзүнүн улуу күүлөрүн күңгүрөтүп, уккан жандардын жарпын жазды. Бул боюнча ат жалында алты ооз кеп курдук...

- Кенжебек тууган, чукулда улуу күүлөрдү элге тартуулапсыз, кепти ошондон баштасак?
- Ооба, жакында улуттун улуу күүлөрүн баалаган, сыйлаган, аны арзып уккан адамдарга атайын чакан концертимди тартууладым. Албетте, комуздун кадырына жеткен замандаштарыбыз мен күткөндөн арбын болду. Бул жерде негизинен кыргыз тарыхында унутулуп бараткан же кайсы бир көбүбүз билбеген тарых барактарындагы окуяларды камтыган улуу күүлөр чертилди. Анткени, менин бул улуу күүлөргө кайрадан жан киргизгениме кубанган айрым адамдар, "Кенжебек сенин күүлөрүңдү арзып укчулар арбын болот. "Эл укпайт, баалабайт" деп кабагыңды салып, өзүңчө капалана бербей, эл алдына көп чык. Атайын комуз ышкыбоздорун чакырып, күүлөрүңдү черт. Сенин да өнөрүңдү улап алчулар табылсын, эл бааласын" деп суранышкан эле. Чынында эле күү кыргыздын канында бар белем, барган сайын мени түшүнгөндөр көбөйүп, өзүмө да эргүү келип калды.
- Айрымдар ошол күүлөргө кош көңүл карап жүрөбү?
- Эл болгон соң, ар кандай болот да. Мен улуу окуяларды баяндап, чечмелеп, бирде кайгылуу, бирде аянычтуу, бирде кубанычтуу добуш менен берип, кайрыктары да көп салттуу күүлөрдөн айырмалантып турганымды айрымдар түшүнүшпөй, "бул өз оюнан чүргөй салган күү, өзгөчөлөнүп тургусу келет" деген сыяктуу сөздөрдү артыман айтып калышканын угуп жүрөм. Кээде ошол сөздөрдү оор кабыл алып, "качан деги кыргыз өз насилине кайтат, качан биз өзгөлөрдөн мурда өзүбүздү баалайбыз, эл укпаса, эл каалабаса, мага эмне шам" деп кайгырып жүрчүмүн. Бирок, өгүнкү концерттен кийин ал оюмдан кайттым. Анткени, атайын алыстан ат арытып, "Кенжебектин күүлөрүн өз кулагым менен угайын, ошол жигитти көрөйүн" деп алыстан арзып келгендер болду. Мунун өзү кыргызда дал ушул азыр деле уютку бар экенин, көрөңгөбүз көөнөрбөс экенин туйдуруп, тээ Манас атабыздан, андан мурунку Кыргыз атабыздан калган улуу күүлөргө мени шаштырып, жетелеп жөнөгөндөй көрүнөт.
- Кайсыл күүлөрдү черттиңиз?
- Мен ал концертти "Кыргыз атанын келиши" деп атап, негизинен Кыргыз ата, Кыргыз эне жөнүндөгү күүлөрдү, кыргыздын келип чыгышына мифологиялык жактан негиз берип жүргөн "Кырк жигиттин баяны" күүсүн, "Кырк кыз" күүсүн, дүйнөдө аттын биринчи ээси кыргыз эли экендигин чечмелеген "Кыргыз ат" күүсүн, кыргыздын өздүк касиеттерин камтыган "Кыргызжан" күүсүн, улуу "Кыргызсөз" күүсүн баш кылып, кадимки "Кыргыз көчү" деген кылымдар бою көчмөн кыргыздын көргөн күнүн баяндап чертип бердим. Бул күүлөр башка күүлөр сыяктуу эле канды дүргүтүп, отургандар ой бешигине термелип, эргүүгө түшүп, медитация абалында отурушту. Демек, бул эч кандай ойдон чыгарылбаган улуу, мааниси тереңдеги Манастан калган күүлөр экенинин далили эмеспи.
- Жакында кайрадан элге тартуулайт экенсиз?
- Ооба, өткөндөгү күү чертиш көргөндөргө катуу таасир бериптир. Эми кайрадан УТРКнын концерттик залында ушул айдын 20-күнү, кеч түштө же саат 3тө өткөнү турат. Бул толугу менен кыргыз элине көрсөтүлөөрүн айтышты. Демек, күүнүн күн тууп, кыргыз канындагы комуз добушуна кайрадан орток болгону кандай бакыт? Биз, эл угат, укпайт деген суроону өзүбүзгө койбой эле, элге тартуулашыбыз керек экен. Элди күүлөр өзү имерип, өзү эле баш ийдирип, жакындатып коет тура. Азыр бул күүлөрдүн сыры дале толук ачыла элек. Аны уккан сайын эл өзү ачып, улам нарылап уюткусун чубап жүрүп отурат деген ишеничтемин. Аягында айтаарым, ошол күү чертилчү концертке келип, мага дем болуп бериңиздер, кадырман журтум!





Мурадил Сагыналиев, Алымкул Үсөнбаев
атындагы "Эл шайырлары" тобунун жетекчиси:
Былтыр "мамлекеттик" статусуна ээ болдук
- Мурадил байке, Асек Жумабаев сиздин устатыңыз эле. Андан кийин эле сиз чыктыңыз. Ырчылык өнөргө кантип келип калдыңыз?
- Көп эле өнөр адамдары берген маегинде "түшүмө кирип, таекемден жугуп" деп эле айтып калышат. Анысы кандай, мен дагы балачактан комуз чертип, айылда жүргөндө аксакалдардан комуз үйрөнүп жүрдүм. Эстекем, Ашыкем, Тууганбай, Асек агайым өңдүү залкарлар айылга концерт коюп келишет. Аларды көрүп таңгалып, шыктанып, үйгө келип алып залкарларды туурап ырдачумун. Ошентип, үйрөнө албай жүрүп, ийримдерге барып атып комузду үйрөнүп кеттим. Шаарга келгенде 1990-жылы филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырдым. Келгенде эле эң алгачкы устатым Асек Жумабаевдин колуна түштүм. Анда жаш баламын сүйүү чыгармаларды, термелерди аткарып жүргөн кезим. Ошондо ал кишинин мага айткан эстен кеткис биринчи сөзү ушул болду: "Эгер ырчы болом десең, Атайдын, Мусанын, Калмураттын, Эгинчиевдин ырларын аткарышың керек. Ошолорду аткарсаң, ырдоо ыкмаларынын көп тарбиялык жактары бар. Башка кийинки чыгармаларды уктап туруп ырдай бересиң" деген. Агайымдын өнөр жолуна салган сөзүнөн кийин, Атай, Калмурат атамдын чыгармаларын аткарууну үйрөндүм.
- Репертуарыңызда ошого басым жасайт экенсиз да?
- Эң эле басымдуулук ошол. Негизги репертуарларым залкарлардын чыгармалары.
- Андан тышкары термелерге да маани берет экенсиз. Корголдун "Дүнүйөсүн" мыкты аткарыптырсыз. Чоңураак термелерге басым жасаганыңыз эмнеден? Дастандарды да аткаруу оюңузда барбы?
- Дастандарды ырдап жүрөбүз. Терме, дастандарга кызыкканым, ырчылык өнөрдө бир эле багыт эмес кудуретиң жетсе, баарын камтый жүрүш керек. Коргол атабыздын "Дүнүйөсүн" Тууганбай Абдиевдин вариантында аткарам. Кээде обон да чыгарып коём. Какен Алмазбековдун "13 жашар баланын арманы" аттуу ырынын 20 жылдан кийинки жазылганы бар экен. Ошого сөзүнүн маанисин жактырып обон чыгаргам. Кудайга шүгүр эл арасында ырдалууда. Азыр дагы обондорду иштөөдөмүн. Какен Алмазбековдун сөзүнө жазылган "Оорулуу жигиттин арманы" деген чыгармасына обон чыгарып атам. Бизде бүгүн обон чыгарып, эртең ырдап жүргөндөр бар го. Бирок, алты жылдан ашып калды обон чыгаруу менен иштеп атам.
- Эстраданын коштоосунда да ырдап жүрөсүз. Буга эмне себеп? Сизди комуз менен элестетип көнүп алыптырбыз.
- Эстрада биз үчүн жаркыраган деле модага айланган жок го. Бирок, эми жаштарыбыздын ырдоодогу бир тармагы да. Комуз менен ырдап көнгөнбүз. Кээде элибиз комузду каалайт же тескерисинче шаңдуу музыкаларды талап кылат. Кээде эстрадалык чыгармаларга да көңүл буруш керек экен. Азыркы жаштарыбыз ырдаган стилде эмес, А.Сапаралиев, Ч. Кожомжаровдордой салттуу эстрада менен маани-маңызы бар ырларды аткарабыз.
- Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобун жетектеп атыптырсыз. Мындай жүктү кантип көтөрүп атасыз?
- Топто он киши бар. Улуулар калтырып кеткен чыгармалар менен гана эмгектенип келатабыз. Коллективге З.Үсөнбаев жетектегенден баштап 20 жыл толду. Өткөн жылы биз үчүн жакшы ийгиликтүү жыл болду десек болот. Канча жылдан бери чет мамлекетке чыгалбай келсек, Түркияга эки жолу чакыруу менен барып келдик. "Нооруз майрамы" жана "Онунчу кыргыз" деген элдик өнөр боюнча фестивалдарга катыштык.
- "Онунчу кыргыз" фестивалы Ван шаарында өтсө керек?
- Ооба. Ван шаарындагы кыргыздардын "Онунчу кыргыз" деген фестивалы бар экен. Азыр 6 миңдей кыргыз жашашат. Четте жүрүп калгандыкыбы(?) бизден айырмаланып турат. Комуз черткендери бар. Бирок, биздикине жеткире албайт. Биз барганда да аларга эмне муктаж, ошолорду сурап биле барганбыз. Чопо чоор, темир ооз комуз, комуздан бештен ала барып белекке берип келдик. Негизгиси, коллективге "мамлекеттик" деген статус беришти. Ушул бирден-бир жетишкендигибиз.

Нурайым
Рысмамбетова





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal_1.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_8.htm on line 52

Warning: include(../../ohkaptal_1.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_8.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal_1.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_8.htm on line 52