Акүйдөгү жарыядан:
Парламентте ичкилик жана тамеки сатууга тыюу салынды. А мыйзамда эмнеге тыюу салынбаса, уруксат экенин депутаттарга эскертип олтуруунун кереги жок деп ойлойбуз. Акжол.

Тукумубуз көбөйдү, тукумуң өскүрлөр
Бакиев бийлиги Каркыраны казак баурдастарга берип койгондо, түптүктөр кыргыз оппозициясын жумуртка менен уруп тосуп албады беле. Ошондо, Акүйдөгүлөр түптүктөргө оппозицияны "Madе in Kyrgyzstan" бренддик белгиси бар жумуртка менен уруп тосуп албай, Кытайдан импорттолуп келибаткан жумуртка менен тосуп алышты деп аябай нааразы болгон. Көрсө, Бакиев бийлиги бизде жумуртка өндүрүлө турганына анчейин ишенкирей бербептир. Ошол кездеги бийликтин айтымында, түптүктөр оппозицияны "Madе in Kyrgyzstan"дан өндүрүлгөн жумуртка менен уруп тосуп алса, алар өздөрүнүн мекенчил жана нукура улутчул экенин далилдемек экен.
Бирок, мезгил ал бийликтин катуу жаңылышканын жана түптүк активист агаиндердин нукура мекенчил экенин далилдеп койду десек болот. Биздин божомолубузда, алар оппозицияны "Madе in Kyrgyzstan" бренддик белгиси бар жумуртка менен уруп эле тосуп алышса керек. Дегенибиз, бизде деле жумуртка өндүрүлөт экен. Айыл чарба министрлигинин отчетуна караганда, 2011-жылы жумуртка өндүрүү көбөйүп, 391 миллион даана жумуртка өндүрүлүү менен, өткөн жылдагыга караганда, 17,9 миллион даанага көптүк кылыптыр.
Буюрса, бул оппозиция митингге чыкса, канча урса да жетет деген сөз. Болсун. 391 миллион жумуртка деген кулакка ушунчалык эле жагымдуу угулат экен, Кытайдан келген жумуртканы жеп жатып. Жумуртка көбөйүп жана өзүбүздөн чыгып жатканын укса, бийлик сөзсүз кубанат болушу керек.

Карамушкина - калпак
Биз парламентке СДПКдан депутат Карамушкина айымдын кыргыздын улуттук калпагын ушунча сыйларын, жадагалса мончого да баратканда, үйүнө таштабай алып барарын угуп алып, аябай "кубанып" турабыз. Демек, ушул фактынын өзү депутат айымыбыздын кыргыз мамлекетине жана кыргыз элине болгон "сый-урматын" билдирет.
Жашасын Карамушина. Жашасын СДПК. Жашасын парламент. Жашасын парламенттик Кыргызстан.
Кайран энелер, кайран аталар, кайран эл, кайран мамлекет. Калпакты башка кийчү эле го, качантан бери ... кийип калганбыз!!!

Уу-у, намыстан айлангырлар!
Кыргыз намыс, намыс деп айтканды жакшы көрөт. А бийлик башындагылар болсо, биз элди багып, элге кызмат кылып жатабыз деп өпкөсүн какканда, оозунан бөйрөгү көрүнүп турат. А факты эмнелерди айтат? Маалыматтарга таянсак, учурда Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 4 миллиард доллардын айланасында. Бул өлкөдөгү калктын жан башына эсептей келгенде 850 долларды түзөт. Эми ошол 850 доллар да кандай болорун билбеген мекендештерибиз канча дейсиз? Алакандай болгон чакан шаар-мамлекет Сингапурдун (калкы 3 млн.) ИДПсы он жыл мурда эле 200 миллиард доллар болуптур. Угуп алып уяласың. Бизде болсо, бийликке келгендер, атанын баласы, элдин уулу экен делип, элдин алкышына ээ болуунун ордуна, мамлекетке, элге чыккынчылык, карасанатайчылык, бюджет казынасынан уурдап-тоноочулук жагынан атаандашып алышты. Уу, намыстан, атанын, элдин баласы деген сөздөн, сыйдан айлангырлар.


2012-жылдын бренди
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасыАхматбек Келдибеков:
"Бул эмне - колхозбу же парламентпи?"
"Алиби": Ахматбек мырза, парламент, парламент! Сиз эмне, өзүңүздү колхоздун башкармасы деп ойлодуңуз беле? Колхоздор тараганы качан. Же парламент да тараганы калдыбы?