Оюндан от чыгат дечү беле?
Чала мыйзам коом бузат
2012-жаңы жыл бизде адаттагыдай эле, салттуу митинг пикеттер менен башталды. Ак үй, Көк үйдүн алдын жакынкы күндөрдөн тарта оюн клубдары жана казинолордун мурдакы жумушчулары ээлеп отурушат. 1-январдан тарта бардык оюн-зоок жайлары жабылышы керек деген мыйзам, экономикасы араң дем алып жаткан Кыргызстан үчүн башын жапсаң буту ачылат, бутун жапсаң башы ачылат дегендей эле кырдаал жараткандай. Себеби, оюн клубдары жабылсын деп чыркырап митинг кылган "лудомандардын" тууган-туушкандары эс алды го дейин десең, ошол казинолордо ар кандай жумуш аткарып үй-бүлө баккандар жумушсуз калып, эмки митинг эстафетаны берки жээк алып отурат.


Башкалар эмне кылышкан?
Дегеле, кандай жол менен барганыбыз туура болмок, казинолорду жабуу боюнча кабыл алынган мыйзам шашылыш, чала болуп калган жокпу деген суроо келип чыгат мындайда. Бул суроолордун түйүнүн чечүү үчүн коңшу мамлекеттердин тажрыйбасына да көз чаптырып койгонубуз туура болор. Алсак, бир канча жыл мурда Россия, андан соң Казакстан өлкөлөрү оюн-зоок жайларын тазалап башташкан, бирок, толугу менен эмес. Тек гана аларды борбордон алыстатып, чет жакадагы облустарга жылдырышкан, ошону менен атайын оюн-зоок клубдарынын өзүнчө аймагы ачылган. Мындай караганда Орусия да, Казакстан да Американын Лас-Вегасынын үлгүсүн түзүшкөн. Оюн-зоок бизнеси мамлекетке чоң суммадагы салык төгөөрү бышык. А бул салыктан аталган мамлекеттер баш тартпагандыгы белгилүү.

Көмүскө болгону көбүрөөк пайдалуубу?
Бизге келе турган болсок, парламенттин 103 депутаты таптаза жабылсын деген мыйзамды кош колдоп кубатташты. Кызыгы эл өкүлдөрү, ошол казинодо иштеп жан багып жүргөн жумушчулар тууралуу бир мүнөткө да ойлонуп коюшкан жок. Канткен менен ошол эле казинолордун тең жарымы айрым бир депутаттарга таандык экени жашыруун эмес. Бу жагынан алып караганда жабылсын деп добуш бергендеринде бир мандем жаткандай туюлат. Себеби, эксперттердин айтымында, таптакыр жок кылынган учурда да оюн-зоок жайлары көмүскө иштеп башташат экен. А көмүскө дегенибиз бул таптакыр салык төкмөй жок, таптаза киреше дегенди түшүндүрөт эмеспи. Сөздүн маанисин түшүнүп жатсаңыздар керек, айрым эл өкүлдөрү казинолордун көмүскө иштеп салыксыз таптаза киреше алып келээрине көздөрү жетип өздөрү кызыкдар болушу да толук ыктымал экени айтылууда. Баса, казинолорду жабуу боюнча мыйзам добушка коюларда жабык эшик артынан ар кандай сүйлөшүүлөр болгондугу имиш-имиш болуп таркап жүрөт. Тагырагында айрым казино ээлери, оюн-зоок жайларын атайын бир аймакта ойнотууга уруксат берүүлөрүн суранышкан. Мындай учурда мамлекетке салык төгүлөт, сырттан келген туристтердин акчасы да өлкөдө калат деп ынандырууга аракет кылышкан. Буга катар эле ар бир оюн-зоок жайына кирүү үчүн оюнчунун капчыгында 500 доллардан өйдө пул болуш керек деген чектөө киргизип коюушун өтүнүшкөн, мындай жол менен карапайым адамдардын кумарканаларга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышмак экен. Бул сунуш да четке кагылыптыр. Эң акырында салыкты 1 миллиардга (500 млн төгүп келишкен) көтөргүлө, ишибизди уланталы деген да сунуш болуптур. Бирок, жыйынтыгы кандай болгонуна бардыгыбыз күбөбүз

Финполдо майрам болобу?
Дагы бир кызык жери, эгер кокустан казинолор көмүскө иштеп баштады дегиче, биздин ансыз да аты булганып калган текшерүүчү органдардын эле майрамы болот дей бериңиз. Себеби, алар жашыруун жайлардын изине түшүп, кызуу оюн болуп жаткан жеринен басып калат да, жашыруун казино ээлерин тактеке ойнотушат. Оңой акчадан ким баш тартсын, "оозбасырыкты" олчойто алып коюп, сыртынан көрмөксөн болуп калышат деп айтсак да болот. Бул боюнча азыр эле айрымдар сөз кыла баштады. Көчө каңшаарларына карасак, жабылган казинолор атайын домофон коюп, казиного кызыккандарга атайын "пароль" айтып, башка номерлер менен сүйлөшүүнү сунушташкан имиш. Мына сага жабылыш!

Медалдын экинчи бети
Жогоруда айтылгандардын баары медалдын бир бети гана болду. Эми экинчи бетин карап көрөлү.
Казино же оюн автоматтары бул наркотикалык заттар сыяктуу эле адамды көз каранды кылып коет. Көнүмүш ит адатка айланып, кумардын артынан түшүп үй-бүлөсүнөн ажырагандар четтен чыгат. Окумуштуулар кумарланып ойной берүүнү "лудомания" деп атап коюшкан. Бул жерде эң ириде адам эмоциясы менен акча жасалат. Курулай үмүттөнүү, чоң акча тууралуу кыял же болбосо уттурган акчаны кайтарып алам деген сокур сезим социалдык катмардын эң төмөнкү деңгээлине алып келип коюшу ажеп эмес.
Дагы айта кетчү жагдай, мындан 5-10 жыл мурун Кыргызстан оюн-зоок жайларысыз деле жан багып келген болчу. Демек аларсыз деле жашап кетсе болот. Негизинен Казакстандагы оюн-зоок жайлары тазалана баштаганда гана ал жактын бир кыйла казинолору Кыргызстанды көздөй көчкөнү маалым. Бирок, алар акырындап Кордай, Капчагай (кумар ойнолуучу атайын аймактар) аймактарына түйүнчөк түйүп кете башташты. Буга катар 15 миң киши ишсиз калды деп чакчелекей түшүп жатышты эле, соцфонддо оюн-зоок жайларында эмгектенгендер 3 миңдей эле адам экендиги кабарлана баштады.
А бирок, пикеттердин аяктаар түрү жок. Бүтпөгөн, шашылыш кабыл алынган мыйзамга нааразылардын саны азайчудай эмес. Ал эми, ал мыйзамды алды-артын карабай кабыл алып койгондор азыр жылуу креслодо кез-кез терезеден карап коюп турушат. Анан кантишсин, аларды эч ким жумушунан бошоткон жок да, казинону да өздөрүнүн эмес, мамлекеттин акчасына ойношчу да. Айтор, эми аларга баары бир.

Эржигит Байболгуров




"Үчүнчү күчтөр" кимдер?
"Манастын" доору бүтүп, Мундун доору келдиби?
Жаштардын "Ак Шумкар Кут", "Жаштар Кеңеши", "Кебел" жана "Ынтымак" уюмдары кыргыз бийлиги Кыргызстанда эрке талтаң баладан бетер талтаңдаган Мун сектасы менен байланышкан маселеге тез арада чекит койбосо, акыркы кадамдарга бара тургандыктарын билдиришүүдө. Кыргызстандагы бул сектанын лидерлери өздөрүнө мамлекет тараптан эч кандай жаза болбостугуна бекем ишенишип, ар кандай кылмыштарга барып келүүдө дешет жаштарыбыз. Алар өз сөздөрүнө мисал катары бир-эки эле мисалды келтиришти.
Алсак, жаштар активисттерине кызы Индира Жумагулова 2006-жылы жол кырсыгынан каза болгон Райла Дүйшөнбаева кайрылган. Анын кызын рулда Түштүк Кореянын жараны Ли Чон Хон олтурган автомобиль уруп кеткен. ШББИнин тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсү Досумбек Жунушев Индиранын энесинин азалуу кара кийген абалынан пайдаланып, Ли Чон Хондун пайдасына Райла Дүйшөнбаеванын кызы машина салонунда олтурган деп ынандырып, тил кат жаздырып алган. Кийин гана энеге Түштүк Кореянын жараны кызын машина менен койдуруп кеткени белгилүү болуп олтурат дейт "Ынтымак" жаштар кыймылынын жетекчиси А.Назаров.
Ушул эле А.Назаровдун айтымында, Мун сектасынын аракеттеринен улам, кыргызстандык Бакай Мамбеталиев да жабыр тарткан. Б.Мамбеталиев Ли Чон Хондун компаниясында 2007-жылы юрист болуп иштеген. Ал бир нече ай иштегенден кийин ага сектага кирүүнү сунуш кылышкан. Ал баш тарткан. Ушундан кийин, аны Салиева көчөсүндөгү сектанын офисинде кыйнашып, 130 миң АКШ долларын алдым дедиртип тил кат жаздырып алышкан. Тырмагынын астына, киндигине ийне сайышып, бир нече саат бою кыйнашкан. Бакай араңдан зорго бошонуп, милицияга кабарлаган. Бирок, Ли Чон Хон аны менен токтоп калбастан, тил катты пайдаланып, баланын энесин коркута баштаган. Кыскасы, Кыргызстандагы Мун сектасынын ишмердиги менен коркунучтуу жомоктордо боло турган окуялар байланышкан.
Ачыгын айтып коюу керек, биз мына ушул коркунучту коомчулукка жарыя кылып, ачык билдирип чыккан жаштар кыймылдары, алардын лидерлеринин өмүрлөрү жана келечеги үчүн чочулап турабыз. Анткени, бизде, Кыргызстанда диний секталарды, диний уюмдарды, экстремисттик маанайдагы кыймылдарды колдоп турган күчтөр бардай сыяктанат. Алыска барбайлы, "Алиби" гезити бир маалыматында еврей деген сөздү жазып койгон экен, анүчүн атайын кызмат алдында түшүнүк жазып берүүгө аргасыз болгон. Алар бизди эмнеге анча коколоду, такыр түшүнө алган жокпуз. Ал маалыматта еврейлерди жамандаган да, еврей элинин дарегине айтылган шылдың да сөз жок экен. Бирок, бизге келген адамдар ошол алакандын отундай маалымат үчүн еврей коомунан кат түштү, андыктан силер бизге түшүнүк кат жазып беришиңер керек деп коколоп атышпайбы. Жаңы жылдын алды эле, маанайбызды бузгубуз да, ары териштиргибиз да келбеди. Жазып берип кутулдук.
Дагы бир мисал, жакында эле редакциябызга баш баккан "Тай тебиш" федерациясынын негиздөөчүсү Кубанычбек Тезекбаев "Атам Манас, элим Кыргыз" деп, ураан таштаганы үчүн молдокелерге жакпай калып, УКМК тарабынан "диний араздашууга үндөгөн чакырыктарды жасаган" деген кине менен кылмыш иши козголгонун айтып жатпайбы. Мына баарысы бүтүп, эми Манас деп ураан таштаганыбыз үчүн да мыйзам алдында жооп берген жатабыз. Манас урааны көңүлүнө катуу тийген Турусбек Сагынаевдин баатыр уулу баш болуп кууп салган Бакиев менен Акаев заманында Кыргызстанда эч ким эч качан Манас деп ураан таштаганы үчүн куугунтукка алынган эместигин эсинен чыгарып койсо керек.
Манас деп ураан таштаганыбыз үчүн минтип куугунтук жеп, кылмыш иши козголуп жатса, прокурорлор менен соттор колдогон Мун сектасына окшогон секталар төбөбүзгө чыгып, Бакайларыбызды сабабаганда эмне кылат?
Жаштар үчүн чочулап жатабыз дегенибиз ушундан улам. Эртең эле, алардын үстүнөн "диний араздашууга үндөгөн чакырыктарды жасаган" деп кылмыш иши козголсо, буга биз эч кандай деле таңгалбайбыз. Эсибизде, 2006-жылы бекен, Мун сектасынын негиздөөчүсү Мун мырза Кыргызстанга келип, куттуу маданият очогу Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыйын жасап, ага экс-премьер-министрлер, депутаттар баш болуп, академиктер, окуу жайларынын ректорлору төш болуп, укук коргоочулар топтолуп барышып, Мундун колунан ырымдалган, өзүнүн каны жана уругу кошулган сууну ичишип, ага кызмат кылууга салтанаттуу ант беришкен. Муну касам суу дейт. Мына ушундай, биздин оюбузча буга комментарийдин деле кереги жоктур.
"Манастап" ураан чакырып жатканыбыз үчүн кылмыш иши козголуп, еврей деп жазып койгонубуз үчүн коколоп жатышат. Мун сектасы болсо Бакайларыбыздын башын жарып, киндигине ийне саюуда. Кайран эл, кайран кыргыз, кантер экенбиз? "Манастап" ураан чакыра албасак, анда эми "Мун, эле Мун" деп жар чакырабызбы, Турсунбек Акун мырза?
Болотбек Таштаналиев