Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 2
ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу:
"Манаска шек келтиргенге мен деле каршымын!"

У шу тапта ислам динин тутунгандар менен теңирчилик көз карашын кармангандардын ортосунда кайым айтышуу уланып барат. Угуп отурсаң эки жактын тең эле айтканы жүйөөлүүдөй. Экөөсү тең эле Жаратканды тааныйт, экөөсү тең эле ага тооп кылат. Айырмасы, бирөөсү ага өз тилинде, бирөөсү араб тилинде кайрылат. Бирөөсү санжыра, тарыхына, салт-cанаасына таянат, экинчиси Куранга, шариятка жөлөнөт. Бирок, тилектери эле тазалык, аруулук, ыймандуулук. Бул боюнча ажы, кыргыздын дагы бир мекенчил мырзасы, депутат Турсунбай Бакир уулуна кайрылдык...

- Турсунбек мырза, акыркы учурларда кыргыздын эле балдары "сен теңирчи, мен мусулман" болуп араздашып жатышат. Буга кандай карайсыз?
- Мен өзүм таластык болбосом да, өзүм кызыгып, Таласка барып, ал жактагы Манас атабыздын күмбөзүнө тооп кылып, бабаларыбыздын баскан жери менен таанышып, ал жердеги адамдар менен баарлашкан соң бир жыйынтыкка келдим. Биздин Манас атабыз да, анын атасы Жакып атабыз да ислам динине баш ийген таза адамдар болгон экен. Ошондуктан мен да Манас атабызга шек келтиргендерге каршымын. Кубанычбек Тезекбаевдин ислам тууралуу эмне себеп менен УКМК тарабынан шектелип жатканын толук уккан жокмун, бирок, бул араздашуунун аягына сот чыгып, калыс тергейт деп ишенем.
- Манас менен Жакыптын ислам дининде болгондугун кантип тастыктайсыз?
- Жакып Манас туулганга чейин эле ислам динин кабыл алып, айланасындагы мусулман элдер менен, мисалы калмактар менен коңшулаш жашап келгени, Манас алты жашка толгондо сүннөткө отургузуп, мусулман кылганы, жашы жеткенде улуту тажик, мусулман Каныкейге никелеп, үйлөндүргөнү тууралуу баарыбыз эле билсек керек. Дагы бир версиясы боюнча, Манас баатырга эч ким тик багып саюуга бара албай, анан "бул башка убакта алаксыбайт, бир намаз убагында гана кол салуу ыңгайлуу, ал намазды каза кылбайт" деп, таңкы багымдатты окуп жатканда кол салган.
- Сиз түз эле жооп бериңизчи, Манас айткандарга, комуз чертип, улуттук ыр, күү, бийлерди бийлегенге кандай карайсыз?
- Мен да өзүмдү улутчулмун деп эсептейм. Орус мектепти бүткөнүмө карабай, кыргыз тилинин күйөрманы болуп, канча жылдан бери мамлекеттик тил үчүн күрөшүп келе жатам. Жана да айтпадымбы, Манаска шек келтирип, Манас айткандарга, комуз черткендерге каршы пиркир айткандарга мен кошулбайм. Ал биздин улуттук байлыгыбыз. Биз кыргыз болгондон кийин кыргыз деген сөздү баарынан жогору коюп, өз салтыбызды унутуп калууга жол бербешибиз керек.
- Анда диний көз караштар, диний чакырыктар улутту коркунучка алып келип жатат дегенге кошуласызбы?
- Албетте, бизде азыр баарынан коркунучтуу бул диний чыр-чатак болуп турат. Муну биз айткан менен коомчулук да, бийлик да анчалык капарына алышпай жатканы өкүнүчтүү. Мына бизде улут аралык кагылышуу болду, 1990, 2010-жылдары. Муну эл жеңип чыкты. Бизде эки жолу 2005, 2010-жылы, мында да эл тынчтыгын, биримдигин сактап калды. Эми үчүнчү чоң коркунуч бул диний кагылышуу. Кудай аны бербесин, эгер ал орун алса, анда мамлекетти да, улутту да жоготобуз. Дүйнөдө Крестүүлөрдүн жортуулунан баштап, көптөгөн диний кагылыштар оор жоготууларды, элдердин, мамлекеттердин жок болушуна алып келгенин билебиз. Андыктан улутту сактап калууда диндин да чеги болушу кажет.




ИИМ министринин орун басары Мелис Турганбаев:
"Шаботоев менен Абдылдаевге байланышкан иштер аягына чыкты"
- Мелис мырза, а дегенде өткөн жылдагы негизги натыйжалуу иштерге азыноолак токтоло кетсек?
- Өткөн эки жыл баарыбыз үчүн эле сыноолуу жылдар болду. Бирок, баарыбыз андан жакшы чыгып кете алдык. Ошол кездеги бийлик өлкөдөгү өөрчүп кеткен уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү баштаганда, четтен карап, "Кыргызстанды криминалдар башкарат, аларга бийликтин алы жетпейт, бул кезектеги эле кампания" деп тургандар арбын болгон. Өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча уюшкан кылмыштуулукка жана Коррупцияга каршы күрөшүү Башкы Башкармалыгынын (УКККББ-ГУБОПиК) алдына негизги 3 багытты алганбыз. Биринчиси бул-уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу. Биз бул тапшырманы дээрлик 80 пайызга аткардык. Атайын түзүлгөн УКККББ тарабынан 2 айдын ичинде өлкөдө таасирдүү делген криминалдык топтордун ана башчылары, негизги жасоолдору кармалып, кылмыш иштери моюндарына илинди. Тилекке каршы, биздин бул аракеттерди алдын ала сезип, өлкөдөн чыга качкандары да болду. Бирок, биз эң негизгиси өлкөдө криминалдардын таасирин жоготтук, алардын кылмыштуу, коррупцияга аралашкан схемаларын үзүп таштадык. Мына азыр ИИМге элдин ыраазычылыгы ачык айтылууда. Кечээ, Ысыккөлгө иш сапарга барсам, жергиликтүү элдер, айрыкча ишкерлер "салык салган эч ким жок, коркуткан эч ким жок, жыргап эле калдык, эми иштегендей болуп калдык" деп жатышат. Демек, иш өз жемишин берди. Бирок, биз бул боюнча күрөштү ушуну менен токтотуп койбойбуз, алдыда көп иштер бар. Экинчи тапшырма болсо-буга чейинки саясий буюрт-ма өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу болчу. Бул боюнча мына, биздин балдар профессионалдык деңгээлин көрсөтүп, экс-аппарат башчы Медет Садыркуловдун өлүмүн, ага байланышкан "кулак-чыпалак" кылмышын толугу менен иликтеп, бул кылмышка тиешеси барларды кармап, күнөөсүн далилдедик. Азыр бул иш боюнча негизги 5 адам эл аралык издөөдө жүрөт. Кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Москвадагы мекендештерибизди талап-тоноолору боюнча да биздин уюшкан кылмыштуулукка жана Коррупцияга каршы күрөшүү Башкы Башкармалыгынын кызматкерлери атайын иш сапарларга барышып, ал жактан да Россиялык кесиптештерибиздин колдоосу менен бандиттерди кармап, астын Кыргызстанга да алып келдик. Бул иш боюнча КМШ мамлекеттеринин укук коргоо органдары бизге чыгышып, "Азаматсыңар, бул кыргыз милициясынын чыныгы деңгээлин көрсөтүү, ыкчам аракет, тыкыр иликтөө менен ийлиликке жетиштиңер" деп өз баасын беришкен. Ошондой эле экс-спикер Текебаевге байланышкан "матрешка-гейт" кылмышы толук ачылып, күнөөлүүлөр жоопко тартылды.
- Экономикалык кылмыштар боюнча эмне иштер болду?
- Экономикалык кылмыштуулук, коррупцияга каршы багытта деле бир топ иштер аткарылды. Чындап келгенде экономикалык тармак боюнча каржы полициясы иш алып барат. Бирок, бул жакта кылмыштуулук болгону үчүн биз дагы кошо аракеттенүүгө мыйзам жол берет. Мен кыскартып эле айтайын, УКККББнын курамындагы коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын 59 кишиден турган кызматкерлери коррупция же пара алуу боюнча баш аягы 43 кылмыш ишин козгогон, ал эми башка ушул багытта түздөн түз иштеген, штаттык бирдиктери көп кызматтардын көрсөткүчтөрү алда канча төмөн экендиги да белгиүү. Демек, ИИМдин мүмкүнчүлүгү артыкчылык кылат.
- Быйылкы жылы кайсы милдеттерди эң алдыңкы планга коюп жатасыздар?
- Экс-президент Бакиевдин учурунда көп эле саясий буюртмалар орун алып кеткен. Биз ошолордун бетин ачууну биринчи кезекке коюп, азыр бул боюнча оперлер катуу иштеп жатышат. Кудай буюрса, жакынкы аралыктарда депутат Руслан Шаботоевдин өлүмүнүн, журналист Сыргак Абдылдаевдин сабалышынын себептери толугу менен ачылганы турат. Айрыкча, С. Абдылдаев боюнча аз гана тергөө-процессуалдык иш аракеттер калды. Ал эми М.Садыркуловго байланышкан кылмыш иши боюнча учурда ошол кезде бул ишти тергеп-иликтеген, күч органдарын жетектеген адамдарды, судмедэксперттерди, милиция кызматкерлерин да суракка алып жатабыз. Садыркуловдун өлүмү боюнча ондогон шектүү адамдар камакка алынды. Тергөө иштери улантылууда. Суракка тиешеси бар адамдардын бардыгы суралат. Бардыгына кезек келет. Биз бул ишти аягына чыгарып, Кудай буюрса январь-февралда сотко жөнөтөбүз. Алдыда бул иштер боюнча абдан кызыктуу жагдайлар али көп. Биз бул ишти сапаттуу жүргүзүү үчүн Башпрокуратура менен ИИМдин атайын биргелешкен тергөө тобун түзгөнбүз. Генпрокуратурада алардын орун басары, ИИМден мен көзөмөлдөп турабыз. Мындан сырткары издөөдө жүргөндөрдү кармап келүү боюнча тапшырманы да өзүбүзгө коюп жатабыз.
- Ушул иштер менен катар ИИМдин өзүндө реформа жүрөбү?
- Албетте, ИИМдин структурасында да өзгөрүүлөр болот. Бул боюнча мына бүгүн, 19-январда экинчи жыйын өткөнү турат. Биз мында алды менен ИИМдин тармактарын оптималдаштырып, окшош башкармалыктар менен бөлүмдөрдү бириктирип, иштин эффективдүү жана жыйынтыктуу болушуна аракет кылып жатабыз. Бүгүн мамлекет башчыларыбыз дагы үнөмдүү бирок, натыйжалуу органдарды түзүүнү талап кылып жатышпайбы.
Мындан тышкары быйылкы жылда биз бирден бир приоритеттүү деп өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, анын алдын алууну көрсөтүп жатабыз. Бул боюнча Өкмөт, эл аралык уюмдар менен тыгыз иштеп баштадык. Анткени, жыл өткөн сайын жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук арбып барат. Мунун себеби эмнеде? Себеби, бүгүн расмий эмес маалыматтар боюнча 120 миң бала мектепке барбайт! Бул баарыбызды ойлонто турган сан.
(Уландысы 15-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"


Warning: include(../../ohkaptal_1.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 44

Warning: include(../../ohkaptal_1.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 44

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal_1.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/alibi/12/0120_5.htm on line 44