Ур-раа, реформа! "Бөрк ал десе, баш алмай"
Кыскарт эле, кыскарт...

Бизде, бийлик башында тургандардын бири бир идея айтса бүттү, калгандары колдон-буттан алып, аны аягына чыгарып коюшат. Ток этерин айтканда, "Бөрк ал десе, баш алып" өздөрүн чыныгы реформатор көрсөткүлөрү келгендер четтен табылат. Өкмөттүн министрликтерди бириктирип, мамлекеттик аппарат штаттарын кыскартуу тууралуу демилгеси мына ошону тас-тыктап жатат.

Биз билгени Кыргызстанда тээ союз убагынан бери аймактык-административдик реформалар болуп эле келатат. Береги эле алакандын отундай болгон Талас областы эки жолу түзүлүп, эки жолу жоюлду окшойт. Тогуз-Торо району бир Нарын областына караса, бир Жалал-Абадга карап калгандай, Токтогул району да бир Жалал-Абад областына, бир Талас областынын карамагына караган мезгилдер да болгон. Ал аймактык-административдик реформанын башында турган союз деле тарады, бирок, союз убагында башталган аймактык жана административдик реформалар дагы деле уланууда. Союз тарап, Акаев менен Бакиев бийликте отурган жылдарда деле укмуштай реформалар болду. Союз учурунда жоюлуп кеткен областтар кайра түзүлүп, ал реформалар алакан чабылып макталып, реформаторлор даңкталды. Бул реформалар канчалык илимий жактан негизделген эле, анысын эч ким караган жок.
Акаев бийликте турганда, эки жылда бир мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп кетиптир, 15%, 20% кыскартыш керек деп эле кыскартып жатчу. Эки жылда бир кыскартуу жүргүзүлүп жатса, анан кантип мамлекеттик штаттар көбөйүп кетти, буга ким жол берди, эмне себептен штаттар көбөйүп жатат, анысына эч ким баш оорутпады. Жаңылбасак, Бакиев деле мамлекеттик штаттарды кыскартуу жагынан андан кем калбады. Анысы аз келгенсип, айыл өкмөттөрүн бириктирип айыл округдары атап коюшту. Арийне, ачык эле айтып коюу керек, андай аймактык-административдик реформалардан башкаруу жакшырып кеткен деле жок. Коррупционерлердин саны деле азайбады. Бюджеттик каражаттар деле үнөмдөлбөдү.
Эң башкысы, Акаев менен Бакиев тушунда мамлекеттик аппарат штаттары кыскартылды деген менен, аппарат деле кыскарбаса керек, азыркы бийлик 2012-жылдын 1-январынан мамлекеттик аппаратты 20%ке кыскартмай болду. Өкмөттүн эсеби боюнча, азыркы учурда мамлекеттик аппаратта 11 миң киши иштейт. Эгер, аппарат кызматкерлеринин 20%ти кыскара турганын эске алсак, анда 2 миң 237 кызматкер кыскарып, 804 миллион бюджеттик каражат үнөмдөлөт экен.
Эмне дейбиз, Өкмөт айтып жаткандан мамлекеттик чыгымдарды азайтуу үчүн, реформа деген ат үчүн, иш жүрүп жаткандай маанай түзүш үчүн болсо да мамлекеттик аппаратты кыскартуу боюнча реформа керектир. Бирок, медалдын экинчи бети да бар болгондой, мамлекеттик аппаратты кыскартып жаткан Өкмөт 2 миң 237 адамдын тагдыры тууралуу ойлоду бекен? Маселен бизди штаттардын кыскарганына караганда да ушул маселе көбүрөөк ойлонтот. Себеби, карапайым адамдардын тагдыры биздин тагдырыбызда да бар. Бул бир. Экинчиден, министрликтер кыскарып, агенттиктер, комитеттер министрликтердин курамына кирип калгандан ал министрликтердин иши жакшырып кетишине деле кепилдик деле жок. Үчүнчүдөн, арадан бир жыл өтпөй, кайрадан эле мамлекеттик аппарат штаттарын кыскартуу тууралуу демилге көтөрүлбөстүгүнө кепилдик да жок десек болот. Экс-төрага Ахматбек Келдибеков "колхозбу, же парламентпи" деп бекеринен чыркырап жатпаса керек. Чындыгында, кандай дегенде да кыскартуу деген ураандын урматы үчүн кыскартып коюу бери дегенде акылсыздык. Өз мекемесиндеги аппарат штатын кантип 20%ке кыскартарын билбей, башы катып жаткан Эсеп палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокуловду биз жакшы түшүнөбүз. Ал баарыдан мурда иш үчүн күйгөн, ошону айтып жатат.
Айталы, мамлекеттик аппарат штатын 20%ке кыскартуу өнөктүгүнө ылайык, парламент аппараты 118 кызматкерге кыс-карат. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Эшмамбетовдун айтымында, штатта 493 кызматкер гана калып, бюджеттик чыгымдар 120 миллион сомго кыскарат имиш. Бул албетте жакшы. Бирок, эмне үчүн биз дайыма эле катардагы кызматкерлерди кыскартуу тууралуу айтып, депутаттар жөнүндө унутуп калабыз. Бизге, дегеле 120 депутаттын кереги барбы? Иттин өлүгү көмүлгөн жер ушерде эмеспи. Эгер, парламентте болгону 45 депутат гана болсо, анда парламенттеги аппарат штаттарын кыскартуу тууралуу маселе көтөрүлөр беле? Албетте, көтөрүлмөк эмес. Машинага мынча май кетет, депутаттар үчүн мынча кызматтык квартира керек деп бүтүндөй мамлекет баш катырмак эмес.
Өкмөт 20% штат кыскарса, 2 миң 237 кызматкер кыскарып, 804 миллион бюджеттик каражат үнөмдөлөт экен деп жатат. Андай болсо, парламенттин бир жылдык бюджетин, 2012-жылга каралган бюджетин карагылачы, калп айтпасак 878 миллион болсо керек эле. 2 миң 237 кызматкер кыскартабыз деп жатабыз, а балким мамлекеттик аппарат штаттарын кыскартабыз деп убара болбой эле, Текебаев мырза жаңы Конституция жазып жатканда, депутаттардын санын 120 депутат кылбай 45 депутат менен чектеп койгондо, мамлекетибизде азыркыдай баш оору болмок деле эместир. Кандай дейсиз, урматтуу Өмүрбек Чиркешович?!!

Болотбек
Таштаналиев




Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Ч. Арабаев:
"Биз кызматка койбойбуз,
биз кызматчыларды коргойбуз!"
(Башталышы 4-бетте)

- Ушу мамлекеттик кадр кызматы тууралуу да арбын кеп жүрүп келет. Бир даары "бул коррупциянын очогу, каалаган адамды каалаган жерине коет" деп күңкүлдөшөт?
- Албетте, ар адамда ар көз караш бар. Бардык жарандарга эле кайсы бир мекеме жагып калбайт. Бирок, мен адилеттик үчүн айтып кетейин, биз кадрларды кызматка көтөрүп барып койбойбуз, тескерисинче, биз мамлекеттик кызматкерлердин укугун коргойбуз. Мына, канча жолу бийлик алмашты, улам кийинки келген министр мурдагы министрдин убагындагыларды кодулап, өз кишилерин алып келип ишти башташат. Биз болсо бул мыйзамга каршы келээрин айтып, иш билги кадрлардын саясаттын курмандыгы болуп кетпесин деп көзөмөл салып келебиз. Мына апрелден бери эле канча жолу Өкмөт алмашты, биз да катуу туруп, "Ээй, акеси, андай болбойт, жаңы келдим деп жакшы кадрларды ордунан козгобо, кызматка алуу менен коюунун мыйзамдык тартиптери бар, эмгек Кодекси деген бар" деп, шишилеп турабыз.
- Кызматчылардын укугун коргойм дедиңиз, айрым убактарда иштен мыйзамсыз алынган кызматкерлер силер аркылуу эмес, сот аркылуу ордуна келип жатышат?
- Туура, иштен мыйзамсыз алынса, демек укугу тебеленди. Аны сот аркылуу аныктап, чечим чыккан соң кайра ордуна барган мисалдар көп. Бирок, ушул жерден орчундуу бир нерсени айта кетейин, биз азыр Эмгек Кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун даярдап жатабыз. Мисалы, кайсы бир жаңы министр кызматтан мыйзамсыз кетирип жиберсе, ал жарым жыл, бир жыл соттошуп жатып, министрди жеңип, ордуна келсе ортодогу бош жүргөн убагындагы эмгек акыларын, моралдык жана материалдык чыгымдарын мамлекет төлөп берет. Бул албетте, туура эмес. Эмне үчүн кайсы бир министрдин кылган иши үчүн мамлекет жооп берип, чыгым тартыш керек? Ошон үчүн эгер мындай мыйзамсыз ишти жасаган жетекчи, укугу тебеленген кызматкердин чыгымын өз чөнтөгүнөн төлөп берсин деп жатабыз. Бул сыяктуу аракеттер толтура, "жанагы "черный список" дегенди койгула, кимдин учурунда иштебесин, өз ишин билгендерди кетире көрбөгүлө" деп жатабыз. Эгер мамлекеттик кадр кызматы болбосо, ким бул өз билемдиктердин алдын алмак? Ошон үчүн бизди көп чиновниктер жаман көрүп, "кадр кызматы жоюлсун" деп жатышат. Буга кошумча азыр, биз киргизген тармактагы Байкоочулар Кеңеши дагы жакшы эффектисин берип, кызматкерлердин мыйзам чегинде иш алып баруусуна көмөкчү болууда.
- Баса, кызматтан кеткендер жумушсуздардын катарын толуктап, талаада калабы?
- Маселенин баары ушул жерде жатат. Албетте, сынактан өтпөй калды, тажрыйбасы аз экен, билими тайкы экен деп аларды кароосуз таштабаш керек. Ошол кыскарып кеткен 3 миңден ашык кызматкерди дал ушул биз, мамлекеттик кадр кызматы кайрадан окутуп, аларды ар тараптуу жогорулатып, резервге кармап турушубуз зарыл. Убакыт өтөт, кадарлар ар кандай себеп менен кызматынан четтетилет, пенсияга чыгат. Ошондо булар кайра кызматка алынышы керек.
-Дегеле, мамлекетте кадр өстүрүү, окутуу, билимин жогорулатуу, тажрыйба алмаштыруу ишине канча каражат бөлүнөт?
- Негизи Кыргызстанда бул тарапка ИДПнын болгону 1 пайызы бөлүнүп берилиши керек болучу. Бирок, бизде канча жылдан бери бул кагаз жүзүндө гана калып, эч кандай акча каражаты бөлүнүп берилбей келет. Мен бул боюнча кечээ эле каржы министри Акылбек Жапаровго кирип, "Айланайын, жок дегенде 0,5, 0,7 пайыз бөлүп бер, мамлекеттик кызматкерлердин сапатын жогорулаталы" деп суранып чыктым. Бул боюнча жаңы программа иштеп чыгып, эгер каражат бөлүнсө кадрлардын билимин жогорулаталы деп турабыз. Бирок, биз айрым эл аралык долбоорлор аркылуу мамлекеттик кызматкерлерди окутуунун айласын таап келебиз. Былтыр Орусия президенти менен Роза Исаковна сүйлөшүп, "Колдоо Фондун" уюштуруп, 3 миллион АКШ долларын грант катары берди. Биз бир тыйынын албай, акчаны Кыргыз-Орус Cлавян университетине котортуп, ошол жактан ар кайсы министрликтен билимин жогорулатууга кызматкерлерди чогулттук. Башында 700дөн ашуун кызматкер келип, экзаменден кийин 500дөйү окуп, саясат, экономика, социалдык тармактар, агрардык, өнөр жай, миграция, кызмат көрсөтүү сыяктуу көп тармактан сабак алышып, аягында долбоорлорду жазышты. "Инновациялык долбоорлордун жарманкеси" уюштурулуп, ошол кызматкерлердин жазган долбоорлору кабыл алынды. Мындан тышкары Кыргызстан боюнча мамлекеттик мекемелерге компьютер таркатып, заманбап иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Мунун баарын иш эмес дегендер өздөрү билсин.

Маектешкен
Тынчтык Алтымышев