"Алибиге" сурооңуз барбы?

"Алибиге" сурооңуз барбы? Буюрса, бул рубрика алдында суроо-жооптор үзгүлтүксүз чыга баштайт. Урматтуу окурман калк, сурооңуз болсо, 0778809095 телефонуна кайрылсаңыз, же СМС жөнөтсөңүз болот. Кабарлашкыла, сиздерден кызык суроолорду күтөбүз.

Үлгү болчу саясатчы барбы?
Азыркы саясатчыларыбыздын айрымдары жаңы гана саясатка кадам таштаганда А. Масалиев, Т. Усубалиевди үлгү катары көрүшөрүн айтышчу эле. Мындан улам, менде суроо пайда болду. Биздин жаңы өсүп келе жаткан саясатчыларыбыз улуу муундагы саясатчылардын кимисинен үлгү ала алат? Үлгү болчу саясатчы барбы? Болсо, ал ким? Конституцияны 2-3 ирет алмаштырган Ө. Текебаевби же Бакиевдин президент болушуна жан үрөп, кийин "кетсин" деп кыйкырган Т. Тургуналиевби?

Бектурсун Төрөев, Кара-Кулжа
Окурмандан келген бул суроодон кийин, (суроо бир жактуу болбогонуна байланыштуу) биз бир катар саясатчыларга жана карапайым элге ушул суроо менен кайрылдык. Жооптор ар кимдики ар кандай болду. Бири үлгү болчу саясатчы деп Ө. Текебаевди атаса, башкасы Адахан Кимсанбаевичти белгиледи. Үлгү алчу саясатчылар жок деп айткандар да болбой койгон жок. Үлгү боло алчу саясатчылардын катарына Т. Сариев, К. Ташиев, Б. Мамырова, Ө.Бабанов, Ө. Суваналиев ж.б. кирди. Биз жооптордун бир-экөөн эле жарыяладык. Өзүңүз күбө болуңуз.

Руслан Сабатаров, оператор:
- Азыркы учурда бир дагы дасыккан саясатчы жок. Учурда саясатчылардын көбүнө эл көп ишеним арта бербейт. Саясатчылардан үлгү алгандан көрө, ар бир адам өзүн өйдө алып жүрсө деген пикирдемин.
Тынчтыкбек Чоротегин - тарыхчы, журналист, публицист, тарых илимдеринин доктору, профессор:

Бул суроонун татаалдыгы ушунда - "саясат" деген доорго жараша улам жаңы толкуну менен көңүлдү өзүнө бурган "жандуу" мухит болуп саналат. Жаңы толкундун өкүлү бул толкундун күчү сээлдегенде башка жаңы толкунга тоскоол болуп калышы деле ыктымал.
Бүгүнкүлөрдөн - Темир Сариев, Алиясбек Алымкулов, Эмил Үмөталиев (ишкер), Бөдөш Мамырова, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Камчыбек Ташиев, Ширин Айтматова, Мирсулжан Намазалиев... Ар биринин артыкчылыгы жана кемчилиги, эмгеги жана күтүлгөн потенциалы бар.





Спорттун ден соолукка зыяны жок
Мен 1-типтеги кант диабети менен ооруйм. Мага дене тарбиясы менен машыгууга болобу? Спорттун кайсы түрүн сунуштай аласыңар.

Айболот Бердибаев, Нарын областы




Кант диабетинде спорт менен машыгып туруу зарыл десек болот. Бирок, көп физикалык күч келтирүүгө болбойт. Анткени, булчуңдардын иштеши инсулиндин иштешин күчөтүп, кандагы кантты азайтат.
Кант диабетине кабылган бейтапта оорлошуу жок болсо, спорттун волейбол, чуркоо, теннис, баскетбол, бадминтон ж.б. менен машыкса болот. Суу алдында, алыскы аралыкка сүзүү, оор штангаларды көтөрүү ж.б. сунушталбайт.





Фамилиямды өзгөртөйүн дедим эле...
Мен 20 жаштамын. Мурда паспорт алгам. Бирок, паспортто фамилиям "уулу" деп жазылып калган. Азыр чоң атамдын атын алып жүрүүнү ойлоп жатам. Мен фамилиямды өзгөртүү үчүн каякка кайрылуум керек жана кайсы документтер талап кылынат.
Бакыт,
Талас областы

Сиз паспорттогу фамилияңызды өзгөртүү үчүн, алгач, туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүгүңүздөгү фамилияңызды алмаштырууңуз кажет. Анүчүн, сиз катталган райондук ЖААК бөлүмүнө кайрылууңуз зарыл жана ага керектелген төмөнкү документтерди тапшырууңуз шарт:

- паспорттун көчүрмөсү
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (жана күбөлүктүн өзүн)
- жашаган жерден справка
- окуган жерден справка (эгер, окуп жаткан болсо)
- арыз
- түшүнүк кат
- тиркеме (скорощиватель)
- сүрөт 3х4 (1 даана)
- ата-энеңдин никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк
- Банкка алымдын төлөнгөндүгү тууралуу квитанция

Бул документтерди тапшырган соң, райондук ЖААКтын кызматкерлери дагы кандай документтер керектигин ырасташат.




Никеге туруум керекпи же никемди кыюу керекпи?
Мен жакында үйлөнгөнү турам. Колдон алмай болуудамын. Биринчи нике кыюум керекпи же никеге туруум зарылбы? Көпчүлүк алгач молдого нике кыйдырып, андан соң расмий никеге отурушат экен. Бул туурабы?

Абдылда,
Нарын шаары


Адатта, жалпыга маалым болгондой, жаңы үй-бүлө кургандар ЖААКка катталып, нике тууралуу күбөлүгүн ала элек кезде эле, никесин кыйдырып алып жүрүшөт. Бирок, анын оң жана терс жактары да бар. Жакын арада бул маселеге мыйзамдуу чекит коюлмай болуп жатат. 13-январдагы "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында "Дин тутуу жана адамдардын эркиндиги жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду киргизүү мыйзам долбоору талкууланып, ага ылайык Кыргызстандагы молдолор үй-бүлө куруп жаткан жубайлар мамлекеттик ЖААКтан нике тууралуу күбөлүгүн алгандан кийин гана нике кыйганга укугу бар деген норма киргизилди. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Айнура Алтыбаева: "Кыз ала качуу - Кыргызстанда бренд болуп калды, бирок ошону менен катар ал терс көрүнүштөргө ээ болуп жатат", - дейт.

Р.S. Жооптор интернет жана маалымат булактарынан алынып даярдалды.
Даярдаган Нуржигит Бейшебаев