Жан сырым
Академик Абдылдажан Акматалиевдин илимдеги эмгегин, жетишкен ийгиликтерин айтып отурсак гезит бети чак келбейт. Ал баарыдан мурда акын экендигин да байкоос албай жүргөндөйбүз. Аны өмүрдүн жол-белинде өргө сүрөгөн да, улам кийинки бийиктерге канат серметкен да ушул поэзия болду окшойт. Ал эми ыр түнөгөн жүрөктө эмне айып. Анда эмесе тыңшап көрөлү.


Бул турмуш
мага эле оңой бекен...
Бул турмуш мага эле оңой бекен,
Бешенеме жазылганды көрүп келем.
Кудайдан тилек кылып уктай албай, -
Үмүттүү күндөрдү мен күтөөр элем.

Бул өмүр мага эле оңой бекен,
Турмуштун татаалдыгын жалгыз кечем.
Жеңишке, бийиктикке жетсем эгер, -
Өзүмдүн киндигимди өзүм кесем.

Ойлошот... баары эле жолум ачык,
Келатсам ар бир күнү тоскоол ашып.
Жакшылык кылгым дайым келип турат, -
Адамдын тагдырына нурум чачып...

А турмуштун агынан көп карасы,
Карап турсаң өзүнчө эле жамаачы.
Байлык, бийлик жаракага айлантып, -
Алысталат жолдоштуктун арасы.

Сорок этип чыга калып ийнинен,
Жылан өңдүү уусун чачып тилинен.
Бирөө келет күнөө жокто күнөө таап, -
Дарга асып тагдырыңдын жибинен.

Бул турмуш мага эле оңой бекен,
Чындыкты, адилетти кармап бекем.
Жасалма, кошоматтап жашай албайм, -
Ар ишке маңдай тер, мээнет кеткен.

Бул турмуш мага эле оңой бекен,
Жакындарым дүйнөдөн эрте кеткен.

Чечилүүчү -
чечилбес маселелер...

Адам кыйын - чечилбес маселе жок,
Баарын чечет, а бирок кандай чечет?!
Пейилдердин тардыгына жарашабы, -
Оң турган маселени тескер кесет?!

Адамдар чечпей турган суроо барбы,
Көбүнүн пендечилик ичи тарбы?!
Түз ишти кыйшык кылып бүлүнтүшсө, -
Адилдик таразадан көңүл жайбы?!.

Көз жаздымда калып келген суроолор,
Мезгил өтсө таразалар, каралар.
Мезгилге деп шылтап койбой күнөөнү, -
Мезгилиңе татыктуу бол адамдар.

Убакыт дары дейбиз бардыгына,
Кыйгач түшкөн тагдырдын тагдырына.
Адамдар чече албаган маселени, -
Коё алат мезгил гана өз жайына!

Өмүр кымбат...

"Өмүр кымбат" деген сөздү угабыз,
Түшүнгөндөй жашообузду улайбыз.
А бирок биз түбөлүккө келгендей, -
Чиренишип, бөйрөк таяп турабыз.

Ооба, ооба, өмүр канча ким билет,
Ооруп турсаң өмүр баркы билинет.
Байсыңбы да, чоңсуңбу да карабай, -
Ажал келсе өмүр дарга илинет.

Кантип өмүр узак бою сакталат,
Көп жашаган эл ичинде макталат.
Элге арналса ак ниеттен өмүрүң, -
Тирүүлүктүн баасы ошондо акталат.

Максатымды
элден мурун койбодум...

Жылдар келет, жылдар өтөт токтобой,
Келдим эми байлык эч бир топтобой.
Орой болуп, үн көтөрүп көппөдүм, -
Кызматымда чиновникке окшобой.

Сөзгө турдум, жигиттикти сыйладым,
Эмгектендим, өжөрлөндүм, тынбадым.
Бөгөт коюп, жолду тосуп турса да, -
Жолтоолорго, тоскоолдорго сынбадым.

Досторумду эч убакта сатпадым,
Бетке айтып көптөрүнө жакпадым.
Турмушумдун элегинен өткөрүп, -
Чыккынчыны, душманымды тактадым.

Таарынтпадым, бирөөнү да какпадым,
Колдон келсе кош колдодум мактадым.
Кыянаттык кылса айрым пенделер, -
Күнөөкөрлөп оозумду эч ачпадым.

Калыс болдум, Адилетти жактадым,
Адам кылып шакирттерди таптадым.
Бейтааныштар канча болсо ошончо, -
Аябадым, Жакшылыктан жазбадым.

Бүтөөр ишке "эртең кел" деп чойбодум,
Максатымды элден мурун койбодум.
Жашоомдогу ураан болду ар дайым, -
Элдин камын эң биринчи ойлодум.