Анекдот ордуна
Ким сулуу да, ким акылдуу
Ош шаарынын борбордук аянтында кылкылдаган көп эл катышкан митинг болуп жатат дейт. Трибунада депутаттар Ахматбек Келдибеков менен Өмүрбек Текебаевдер өз ара сүйлөшүп турушат.

Ахматбек Келдибеков:
- - Кана Өмүрбек Чиркешович, айтыңызчы, бул жыйылган элге: бул дүйнөдө ким сулуу да, ким акылдуу?
- - Ахмат үкам, канча айтам, сен, сен, дагы бир ирет сен! Күнүгө миң жолу кайталап айтып жатып, тилим тешилмей болду го. Депутат айымдар да сени менен өбүшүп учурашат экен. Камчы да сага келип жолугат экен. Экс-прокурор Курмантай Абдиев абам да депутат экенин унутуп, сага адвокат болуп алды. Жогорку Соттун экс-төрагасы Курманбек Осмонов да мыйзамдарды чечмелеп, сен тарабыңда. Бөдөш Мамырова, Жылдыз Жолдошевалардай эжелериң, Курманбек Осмонов, Курмантай Абдиевдей агаларың бар сен сулуу, сен акылдуу болбогондо ким акылдуу болот.
Алиби гезити



Күттүм сени
Ырчылар Сапар Эркебаев менен Айжамал Кабыловалар 14-декабрда парламентке капысынан кирип калышса, элдин эсебинен айлык жеп жаткан 120 депутаттын 16сы гана чокчоюп олтурат. "Ата-Журт" фракциясынан ырымга бир депутат жок, "Ата Мекенден" бирөө, "Ар-Намыстан" төрт, КСДП менен "Республикадан" бештен депутат улам эшик жакты кылчак-кылчак карап, зеригип олтурушкан экен. Ырчыларды көрүп сүйүнүп кеткен депутаттар алардан "ырдап бербейсиңерби" суранып калышат.
Экөө эл өкүлдөрүнүн өтүнүчтөрүн четке какпай, акын Муса Жангазиевдин сөзүнө жазылган Б.Токтобаевдин "Күттүм сени" ырын созуп башташат.
"Күттүм сени, Күн баткандан
таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип, Уясынан уйкусурап
жатканча.

Обондун кайырмасына депутаттар да кошулуп ырдашат:
Күттүм сени, Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?
Күттүм сени, Шүүдүрүмдүн
тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй басканча.
Күттүм сени, күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.
Күттүм сени, Күн баткандан
таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип, Уясына
уйкусурап жатканча.
Ырчылардын бул ыры көңүлдөрүнө майдай жаккан 16 депутат "Күттүм сенини" парламенттин гимни кылып кабыл алуу демилгесин көтөрүп чыкмай болушту. Кантсин бечаралар бири-бирин күтүп атып, жедеп чарчап болушту да. Сөз менен бири-бирине айтып жеткире албаган нерсесин минтип ыр менен айтып жеткиргилери келгени албетте, колдоого аларлык көрүнүш. Биз, качан парламенттик шайлоо болот, качан элди ойлогон депутаттар парламентке келет, качан алар уйкусурап сабакка барбай койгон биринчи класстын окуучуларындай болбой, өз жоопкерчилигин, депутат экенин түшүнөт деп акыйып күткөн карапайым шайлоочулар деле бул ырды үйрөнүп, депутаттарыбызга ырдап берсек жаман болбос эле.





Мамлекеттик ишмер болгуң келеби, анда миллиондорду аша
Сиз коррупция менен күрөш десе эмнени түшүнөсүз? Анда эле баягы эле атка минерлер: министрлер, акимдер, губернаторлор, прокурорлор, соттор жеп-ичип жатат, ошолор менен күрөшүш керек экен деп түшүнөсүз да. А прокурорлор, соттор, министрлер, акимдер, губернаторлор коррупция менен күрөш десе эмнени түшүнүшү мүмкүн? Алар - коррупция десе эле мугалимдер менен врачтар, бала бакчада иштегендер жеп-ичип жатат деп ойлошот. Мугалимдер, врачтар, тарбиячылар менен күрөшөт.
УКМКда коррупцияга каршы кызмат ачылганы бул мектепте мындай экен, ал мектепте андай экен, мыйзамсыз акчалар чогултулуп жатыптыр деп эле чуулдап жатып калышты. Баракелде, коррупцияга каршы күрөш: мугалимдерге, врачтарга каршы күрөш өрт тутангандай кетти. Жашасын биздин укук коргоо кызматкерлери, жашасын абийирдүү жана ар-намыстуу прокурорлор, милициялар, соттор ж.б. Киттерге алыңар жетпесе, анан мугалим менен врач байкуштарды баса калбаганда эмне кыласыңар. Алардын айлыгы да көбөйүп калбадыбы.
Кайран Путин бекер айтпаптыр да: "Көлөч уурдаган адам бул криминал, ал эми миллиондорду жегендер мамлекеттик ишмерлер" деп. Кыргызстан бул накыл сөздүн атасын окутуп атыры.