Биз билген-билбеген Бабанов
Атчан караан көрүндү
Өмүрбек Бабанов чоң саясатка дароо эле "жарк" этип чыкты. 2006-жылы президент Бакиевдин жекебасарлыгына каршы жүрүштөр күүсүнө чыкканда ошончо даң салган саясатчы азаматтардан Өмүрбек аттын кашкасындай бөлүнүп турган эле. Муну азыр эчким тана да, жокко чыгара да албас.Ошондо биринен бири кем калышпаган лидерлер арасынан Токтогул уулу Өмүрбек Бабановго ачык да, тымызын да кызганычты байкаганым бар. Ошондо Өмүрбек 37де - мүчөл жаш куракта экен кийин ойлосом. Ошондо бул жигитибизди бир кудай сактаган экен, андан дагы катуу кеткенде мансап дегенде кишини да аябай турган ал кездеги бийлик бул курч азаматтын көзүн тазалап коёт беле?Беш жылдан кийин Өмүрбек Бабанов саясатка кыйла кагылып-согулуп чыга келди. Азыр ал баягыдай далыга таптап койсо, алдыга түшүп алчу ала-көөдөн саясатчы эмес. Азыр ал ар бир кадамын салмактай алган, кайсыл маалда курч кыялын көрсөтөөрүн аңдаган, дасыккан ишмер.Жакында премьерлик милдетти аткарып жатканында Өмүрбек Бабанов ар бир министрликке бирден балдар үйүн байлап берди. Эскиче айтсак, шефке алгыла, курсагын ачырбай, кийимин бүтүн карайлы деп табыштады. Ошондон кийин Бабанов акчаны баарынан артык көрөт деп жүргөндөрдүн бир тобу ошол оюнан айныды. "Мамлекетчил инсан турбайбы" деген ой калды.Менин коңшум бар, Кыргызстанда ар бир саясатчынын таржымалын андан өткөн мыкты билген жан жок болсо керек. Ал кишини басып жүргөн саясий энциклопедия десек да болот. Мына ошол коңшум 2006-жылы Бабанов атырылып чыкканда "бах-х ата, кыргызга бир бакыйган азамат келди, көз тийбесе экен!" деп бир чети тамшанганы, бир чети кабатыр болгону алигүнчө эсимде. Көчө-көйдө, көк дүкөндүн алдында жай турмушту, гүүлдөгөн саясатты, мамлекетибиздин келечегин талкуулап калабыз, базар күндөрү бир маал. Кыргызстандагы ар бир саясатчыны сыдыргыдан өткөрөбүз. Ар кимибиздин сүрөгөн инсаныбыз бар: Отунбаева, Атамбаев, Ташиев, Текебаев, Бабанов... Акыркы сөз коңшубузда, анткени турмуштук жана билим тажрыйбасы, жашы жагынан калганыбыздан артыкчылык кылат. Ал кишинин мактаганы: Ден Сяопин, Маргарэт Тэтчер. Экөөнүн таржымалын жатка билет, улуу инсандарга, чоң саясатка келгенде ал кишини жыгыш мүмкүн эмес. Мына ошол коңшубуз дагы бир канча жылдан кийин Кыргызстан саясатында Өмүрбек Бабанов башкалардан ат чабымдай алыс кетет деп эле кулагыбызга кумдай куюп жүрөт - ким билет.

Премьерликке
тете эки ай
Өгүнү коңшубуз менен акыйнек айтышып калдык. Анткени, Бабанов премьерлик милдетин сергек аткарып жатат деп мактады. Башкалардын аргументи: "Бабанов өзүмчүл, өз чөнтөгүн мамлекеттикинен артык санайт", "Бабанов деле арам жол менен байыган" ж.б.у.с. Коңшу агабыздын жүйөөсү: "Бабановдун эки айлык премьерлик ишин карап көрсөңөрчү - бажы жана салык системасынан түшкөн киреше жылдагыдан кыйла көбөйдү, Казакстанга барып, арзан газ алууга жетишип келди (Өзбекстандан миң кубун 275 доллардан алып келсек, Казакстандан 185тен алуудабыз). "Салык менен бажыдан түшкөн миллиондорду буга чейинки эки бийликтин кишилери сол чөнтөгүнө солоп келбеди беле, Бабанов андай эле акчадан өлсө, даяр схема менен капчыгын толтура берет эле го?" - деп суроо салды ал киши. Ал эми "арам жол менен" баюу жагына келгенде коңшубуздун айтканы бул: кай заманда, кай жерде болбосун, өткөн-кеткен же азыркы миллионерлердин баары баштапкы капиталды шылуундук жол менен топтогон. Илгеркиден Рокфеллерлер, Форд, азыр биз билгендерден Березовский, Абрамович - бири да алтын салынган сандык таап алышкан эмес, алар рыноктун катаал конкуренциясында кудайдын кудурети, өзүнүн күчү менен өз энчисин, олжосун сууруп чыгышкан. Кудай да колдоочуну колдойт. Дагы бир окуяны айта кетели. Биз турган тегеректе бир да киши машинесин техосмотрдон өткөргөн жок. Аны Бабанов жоюптур деп атышат. МАИдегилер алдыртан сөгүп отурушат "жем жеген акырыбыздан каңтарды" дешип. Аны жойгондон бюджет какшып калат имиш. Техосмотрдон түшкөн каражат бюджеттин бөксөсүн эзели толтурган эмес, акчанын негизги бөлүгү МАИде отургандардын сол чөнтөгүнө куюлуп келген ачыгын айтканда. Коомдук автоунаалар милдеттүү түрдө өтүп турат, жеке машине ээлери кааласак өтөбүз, каалабасак - жок. Ар кимдин укугу, өмүрдөн аша кечсеңиз - өтпөй жүрө бериңиз, өмүр кымбат болсо - өз ыктыярыңыз менен барып өтүңүз. Ошентип, менчик машинелүү жарандардын баш-аягы 140 миллион сому өз чөнтөгүндө калды. Философия: ар ким коомдук процесстин аң-сезимдүү катышуучусу болууга тийиш, бизди мамлекет айдактаган заман артта калган. Бир гана нерсе: ал экономикага тээк боло алгыдай чечимдерди кабыл алууга жетишип калды. Бул фактыны анын душмандары да мойнуна алышат. Эгер ал экономиканы чала билсе, жетекчи катары жүүнү бош болсо, ушул эки ай ичинде сөөгүн мүлжүп салышмак. Атаандаштары тиягын чукуду, биягын шимшиледи - эч нерсе таппагандан кийин жаактары басылды.

Сырттан гана
сырттандарды
курай алат
Азыр Кыргызстанда бир канча саясый команда бар: Атамбаевдин, Текебаевдин, Куловдун, Ташиевдин, дагы ким калды. Мына ушул командалар ичинен жашыраактары, байыраактары, тыңыраактары Бабановдуку. Алар эртең Кыргыз экономикасын жана саясатын аныкташат - айтты-койду дебегиле. Бул тың жигиттердин арасында дымактуулары четинен чыгат. Мына ошол ар башка кыял-жоругу бар, дымагы Алатоодон да ашкан азаматтарды бир команда кылгандын өзү эрдик! Өмүрбек Бабанов тууралуу толтура имиштер, ушактар бар. Негизи жакшы кишини сөз ээрчийт. Ар бирине жооп кайтаруу кажет эмес. Кимдин ким экени иштен билинет. Орусияда заводу бар экен - Бар-жогун мен так билбейм. Бар болсо - бул эмне кылмышпы? Жок болгондон көрө бар болгону жакшы эмеспи. Ылайым, АКШда компаниясы болсо кана деген киши жок. Бабанов бай экен - Кедей болгондон көрө бай болгон артык эмеспи. Апасынын миллиондору бар экен - Көчөдө колу калчылдап кайыр сураган ападан көрө дүйнө кезип, жашоо жыргалын көрүп жүргөн апа артык го? Өмүрбек Бабанов жылкы баласын жанындай көрөт дешти, тоо этектей сарайларда жылкылары бар экен, минип бир чыкканда бойлуу, көрктүү жигиттин зоболосу ого бетер көтөрүлүп, төбөсү асман тиреп калат дешет. Жердештерим, кыргыздын сырттан жигиттерин көкөлөтүп, сүрөчү кез келди. Айылды баары бакпайт, бирин-экин гана азамат багат. Бабанов Өмүрбек айыл бакчу азаматтардан. Өмүрлүү болсун!

Жакшылык Байчериков