Былжырбайлар

Бу шорлуу кыргыздын башынан шор кетпейт окшоп калды. Жаңы эле этегибизди жыйып, эми алдыга кадам таштайлы дегенде капталыңдагысы бутун тосуп, артыңдагысы көк желкеге уруп, күл ала кылып басып калышат. Мына азыр саясий абал ушундай кырдаалга кептелди. Карап отуруп кайнап кетесиң эй. Парламенттик башкарууга баш койобуз деп, таза эле балакетти башыбызга үйүп салган окшойбуз. Биз колдогон, биз ишенген, биз иш кылат деп күткөн парламент болсо чыр чатактарды чечүүчү эле согуш аренасына айланды. Жок, жок, согуш аранесынан биринчи, көз боемочулар оюн кое турган цирктин манежин да элестетет. Кыскасы, парламент залынын атыңкы жагында болуп көрбөгөндөй шоу, үстүнкү жагында шыпшынып, каткырып, сөгүнүп, кол чаап отурган эл...

Кечээ, ЖоКенин "жолдобайлары" кезексиз жыйынга чогулуп, төрага Ахматбек Келдибековдун ишмердиги боюнча маселени талкуулашканы чогулушкан. Биз дагы таң заардан ошо жерге барып, элдин атынан сүйлөгөн эрендер калыс-тыкты ортого таштап, тазаланууну өздөрүнөн баштап, мамлекеттин казынасын үнөмдөөгө жапырт бек турушат деп үмүттөнүппүз. Тилегибиз таш капты. Алтынчы, базар күндөрү алдын ала, ким кайсыл маалда, эмнени сүйлөштөн бери бул шоунун программасы иштелип чыкканбы, айтор, парламенттеги "ахматчыл" күчтөрдүн аракетине айран таң калдык. Улам эле бири чыга калып, "кеңешип алууга" деп танапис суранышат. 15 мүнөттүк танапис болбой калды дегенде 45 мүнөткө созулат. Айтор, парламентчилердин бул оюну эптеп эле төраганы коргоп калуу экендиги ачык көрүнүп турду. Ушул жерден алардын "отмазкаларын" аз да болсо ачыктап коелу.

Апей, Асиядан
неге коркушту?
"Ата-Журт" фракциясы негедир төраганын ишин кароо боюнча кезексиз жыйынды регламенттин негизинде "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Асия Сасыкбаеванын алпарышынан ажыдаарды көргөндөй коркуп турушту. "Кызыкчылыктардын чатагы" бар деген шылтоону беттерине балчайта кармап алышып. Буларың деги мыйзамчы болгону менен өз жазгандарына өздөрү баш ийбеген бир кокуй болушат экен. Бир маалда регламент бул жакта калып эле, "төраганын орун басарларынын эң кичинеси" башкарсын деп киришти. Кичине дегени болсо, "Республика" фракциясынан орун басар Бакыт Төрөбаев экен. Бакени атажуртчулар кемелине келтире макташып, жыйынды алып барып берүүсүн жалдырап суранып турушту. Бери жакта тургандар мунун баарын эптеп эле убакытты чоюп, кечти кийиртип, ишти белгисиз мөөнөткө жылдыруу айласы экендигин айтышып,амалдары алты эшекке жүк депутаттарга баш чайкап турушту.

Ботом, Бөдөш
эстүү эле...
Баарынан да бул күндүн кызыгы төраганын убактылуу милдетин аткарууга жандалбастап, бир топ депутаттар менен кайым айтышып, кандай да болбосун бул чуулгандуу жыйынды алып баруу вазыйпасын колдон чыгарбоого аракет кылган депутат Бөдөш Мамырованын аракети болду. Бул эжекени канча жылдан бери оппозицияда жүргөн, эрктүү, кара кылды как жарган калыс деп билип жүрчүбүз. Саясатың менен жерге кир, кызыкчылыктардын жетеги менен ал эжекебиз да өз баркын кетирип алды. Тактап айтканда, жыйынды алып барууну баштаган ал депутаттардын айрым сунуштарын өз маалында добушка койбой, кезексиз сөз берип, жыйынды баштоону кечиктирип, терең ойго батып, ордунда отуруп калганы болду. Муну ошол жердеги чыркырап жаткан бир ууч топ депутаттар деле баса белгилешти.

Саясий ортомчулук
Кечээки парламенттеги төраганын ишин кароодо башкасын билбейм, "Республика" фракциясы саясий ортомчулукту катуу аткарышты. Себеби, төраганын ишин кароо баштала электе, ал боюнча убактылуу түзүлгөн атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы угузула электе эле "республикачылардын" тынчы кетип, ар кайсы фракцияларга айылдап, "кеңешип алуу" деген шылтоо менен эки жолу чоң танапис жарыялоого жетишти. Демейде, майдачыл депутаттарга тап берип, "добушка коюңуз, ишке өтөлү" деп турчу депутат Алтынбек Сулайманов мында негедир ал басыгынан жанып, белгисиз маршрутка багыт алганы да саясий оюндардын жылт эткен учкундарын пайда кылганы талашсыз. Көрсө, бул саясатта бардыгы тең эле убактылуу болуп, айрым учурларда кызыкчылыктар позицияларды өзгөртүп салат окшобойбу.Чынын айтыш керек, бул жааттан алганда төрага Ахматбек Келдибеков дасыккан дирижер экен. Кечээ эле "атажуртчуларга" муш уруп, ташын талкан кылууга белсенген Алтыке менен "Атажуртун" абийирин айрандай төгүп коюудан коркпой, төраганы матап турчу Жылдыз апчени бүгүн өзүнүн негизги коргоочуларына айландырып алгандай...

Жарылган
шишиктин өзөгү
Ошентип, парламенттин кезексиз жыйыны башталбай жатып эле, аяктап, кайра-кайра танапистер жаңырып, саясий оюндар эишк артында жогорку деңгээлде аткарылып жатканда дагы бир кызык окуя болду. Кесиптештеринин оюнуна жооп кылып, төраганын ишин иликтөө боюнча беш фракциядан турган убактылуу комиссиянын башчысы Каныбек Иманалиев "төраганын селкинчек, андай теппей, мындай теп" оюнун баштады. Ал журналисттерди чогултуп, ошол комиссиянын курамындагы беш депутат менен бирге иликтенген иштин жыйынтыгын ачык айтып таштады. Атажуртчу Курмантай Абдиев канчалык каршыкпасын, комиссия өз корутундусунда төрага Ахмат Келдибековдун ишмердигинде чоң кемчиликтер бар деп тааптыр. Маселени баштаган "Ата Мекен" фракциясынын төрагага болгон 14 дооматынан экөө гана далилдер жетишээрлик деп табылып, калган 12 факты аныкталган экен. Болгондо да мамлекеттеги экинин бири, эл ишенген Ахмат Келдибековдун жашыруун сапарлары, криминалдык чөйрөнүн лөктөрү менен жолукканы, артык баш чыгымдар боюнча фактылар турмуш чындыгы болуп чыкпаспы?! Ошондой эле парламенттин ичинен орун тапкан криминалдык топтордун мүчөлөрү тууралуу жаңы жагдайлар, жаңы ысымдар калкып чыкканын укпадыкпы. Ана! Аны уккандан кийин "ахматчылар" аябай эле дабдырап калышты. Көрсө, булар "убакыттан утсак, комиссиянын жыйынтыгын жашырып калсак" деп үмүттөнүшкөн окшобойбу...

Кыскасы
Кыскасы, Жогорку Кеңештин ишин карап отуруп, кыргыз эли жаркын жашоого жетиш үчүн дагы көп чалчыкты кечип, дагы далай жар сүзүп, дагы далай адашаарына бөркүңдөй ишенесиң. Сыртта эмне болуп жатат, эл эмне деп атат, экономиканы эмне кылабыз деген эч бир жан жок. Бардыгы тең саясаттын сорпосун сапырып отурушат. Эл үчүн жарытылуу иш жасабагандарын айрым депутаттар өздөрү деле мойнуна алгандай. Айталы, "атамекенчи" Эркин Алымбеков менен КСДПчы Акылбек Султановдор "эгер ушинтип, элди сыйлабай, эч кимди көзгө илбей, жашыруун оюндарды жүргүзө бере турган болсок, парламенттин барынан жогу, роспуск жарыялайлы" деп айтты. Чынында эле Шайлообек акын айткандай, "артынан карасаң алты кабат куйкасы бар" базардан жүрүп баар тапкандар арбын бул парламент жыргатпай калды көрүнөт. Болгон деңгээли ушул болсо....

Тынчтык Алтымышев




Жантөрө акем билады
Президент Алмаз Атамбаев өзүнүн администрациясынын башчысына Жантөрө Сатыбалдиевди койгонун эл анчалык кабыл алган эмес. Бирок, бул чечимди колдогондор деле жетиштүү чыгып жаткан. Анан эле ал кишинин айланасында ар кандай сөздөр жүрө баштады. Дегеле, ушул кызмат ушак айыңга жакын болот окшобойбу, же...
Айтор ушу тапта, мурда Жаныш Бакиевди жандап, кызматтан кызматты тандап жүргөн, кийин апрель окуясынан кийин ың-жыңсыз кеткен бир топ кадрлар баш көтөрүп, мурда иштеген жерлерине баш багып, "Жантөрө акем келди, эми мен кайра келем, таарынбагыла" деп шатыра шатман жүрүшөт имиш. Бул чокчолой кадр-лардын айрымдары тууралуу узун кепти, кийинки санга жарыялайбыз. Президент жакшы эле "ыймандуу бийде тууган жок" деди эле....


"Жумшак
рейтинг"
жууруйбу?
Ушу тапта Өкмөт башчылыкка барам деген айрым үлкөндөрдүн маанайы пас. Сыр алдырбаганы менен эртеңки "жумшак рейтинг" деген электен өтүп кетээрине көзү жетпейт. Анткени, арты таза эмес, эл алдында кабыры түшүп кеткен, атаандаштары күчтүү. Ошондуктан мунун айласын табуу үчүн Президенттин кабылдамасында акыйышып, бир буту тигил коалициялык сүйлөшүүлөрдүн башында турган Чыныбай мырзанын кабылдамасында калып, айтор амалдары алты кетүүдө.
Бирок, алар канчалык далбастабасын, эл чыныгы иштермандардын Өкмөткө келишин каалап, ошол калыс тандоодон үмүт артып отурушат. Ажо баш болгон анын командасы азгырылып кетпей, тандоонун татыктуу түрүн тандап алса эле болду...

"Алиби" пресс