Тоолор кулаганда
… Улуу тоолордун бийиктиги, улуулугу ал тоолордон канчалык алыстаган сайын билингендей, Чыңгыз Айтматовдун бийиктиги, улуулугу да анын көзү өткөн соң, ошончолук билинип жатат. Адам акылга чаңкап, акылга суусагандай, акыл айтар адам издегендей, бүгүн мамлекет да акыл айта турган адамга муктаж болуп турганда, Айтматовдой адамдын жогу дароо эле көрүнүп, билинип калат экен. Кыргызда бүгүн экинин бири өзүн акылман сезип, өзүнө да кереги жок акылын элге, мамлекетке таңуулашып жаткан менен Айтматовдун орду аңгырап бош турат.

Бүгүн кыргыз Манасы жок жашап жаткандай, Айтматову да жок жашап жатат. Алдыбызда болочогу тумандаган күндөрдү көрүп, жүрөк зыркырайт. Айтматов тирүү кезинде улуу жазуучуга: "Акаевдин жаңылыштыктарын, каталыктарын эмнеге айтып койбойт. Эмнеге айтар сөзүн айтпайт" деп, сыйкырдуу таякча анын эле колунда тургансып, ага таарынчу элек. Эми ойлоп көрсөк, ал биздин пендечилигибиз экен. Антип ага таарынганыбыз Айтматовду чоң бир таяна турган тообуз, туубуз катары эсептечүбүз. Бирок, Айтматовго Акаевдин жаңылыштыктарын айтуунун эч кандай зарылдыгы жок экенин, Айтматовдун саясатчылардын, ошол эле Акаевдин деңгээлине төмөн түшүп, майдалангысы келбегенин кайдан билдик. Анын тирүү жүргөнү чоң бир каниет болгон тура.. Бүгүн, Айтматов жок, таянган тообуз чын эле кулаган экен. Өзүнүн соңку чыгармасына "Тоолор кулаганда" деп ат коюп жатып, ал өзүн айтса керек. "Тоо кулаганда" дегени бекеринен эмес экен.
Кыргыздын Чыңгыз Айтматовдун этегин кармап жүргөн аттуу-баштуу жазуучуларына, киночуларына залкар адам тууралуу замандаштарынын эскерүүлөрүн берип жатты элек деп кайрылсак, бир белгилүү эле жазуучубуз (ким экенин айтпай эле коелу) айтат: "Гезит-журналдарга менин тойдун эртеси күнү түшкөн сүрөттөрүм чыгарат экенсиңер, аялым, балдарым, неберелерим урушуп жатат" деп. Айтматов менен анын тойдон кийин түшкөн сүрөтүнүн кандай байланышы бар экенин түшүнө алган жокпуз. Айтматов тууралуу бир ооз жылуу сөз айткысы келбей качат, капырай, таңгалдык. Айтматовдун аркасы менен чоң кызматтарга жетти, жүрдү, анда Айтматов тирүүдө залкар жазуучубузду менчиктеп алгансып, башкалардан кызгангандардын бири ушул адам болчу. Эми Айтматов жок, өлгөн, алиги жазуучу үчүн Айтматовду эмес, тойдон кийин түшкөн сүрөтү жана аялынын жемесин эстөө маанилүү болуп турганын карачы. Мына пендечилик, мына көртирлик. Айтматов тирүү болсо, биз эмес, ошол адам Айтматовдун жанында аны бизден кызганып жүрмөк. Айтматовду этектеп жүргөндөрдүн бири аны эскерүү үчүн кашайып, таптакыр эле убакыт таба албай койду.
Бирок, алар бир гана нерсени эске алышкан жок. Эл жана Айтматовдун окурмандары Айтматовду аларсыз деле эскеришет. Айтматов алар айтпай, эскербей койсо эле унутулуп калбайт. Акын Сагын Акматбекова: "… Ыры эмес, ыр ичинде үтүрү, кээ бир тирүү акыныңан өйдөрөөк" деген ыр саптары бар. Анысы кандай, Айтматов да дал ошондой адам.
Кыргызда Айтматовго окшогон тоолор аз эле. Бирок, ошол тоолорду ураткылары, кулаткылары, тоолорду көргөзбөй калкалагылары келишет. Аттигиниң ай, кандай өкүнүчтүү.