Токтогул менен Алымкул "Акбаарыны" атамдын тоюнда ырдашкан

Атайбек Бөдөшов... Бул ысымдын кыргыз кыйырын, атургай алыскы өлкөлөрдү аралай чаап, жүрөк калкыткан канаттуу обондору менен калкыбыздын көңүл кушу, жан азыгы болуп келатканына жарым кылым толуптур. Бул аралыкта канчалаган муундар агабыздын Ала-Тоонун ак мөңгүсүнөн агып түшкөндөй мөлтүр ыр кайрыктары менен өстүк. Анын нукура, эбак элдик болуп кеткен чыгармалары дагы канча муундарды арууланта бермекчи. Кыргыз барда жашай бере турган классикалык обондорду жараткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу-композитор Атайбек Бөдөшов 60 жашка келип, атпай журтун кубантып турган чагы. Мындай кайталангыс таланттардын өмүр жолу, чыгармачылык казынасынын башаты, деле кайсы суудан ичип чоңойгону, баарыбызга эле кызык болуш керек. Ушуга байланыштуу агабызга атайы жолугуп, ширин-субкат сөз курдук.

- Кутман курак кут болсун Атайбек ага. Сиз кыргызга Нурмолдо, Жеңижок, миң күү черткен Ниязалы баштаган не бир таланттарды берген жер соорусу Аксыдансыз. Өзүм көрө элекмин. Аксы керемет жер болсо керек. Сурайын дегеним жер-суу, кооз жаратылыш, чыгармачыл чөйрө ар кандай таланттын башаты дешет. Ушу ыраспы?
- Ырас эмей. Аксыдай болобу. Муну мен туулуп-өскөн кутман жерим болгондугу үчүн айтып жатканым жок. Аксы башынан эле өнөр сыйлаган элдин, таланттардын мекени. Жаратылышы андан. Бекеринен ак таңдай акын Жеңижок барып туруп калган эмес да. Өзүм Аксынын Сыны деген айлынан болом. Менин да тегим өнөрпоз адамдар. Чоң атам Маша чоң комузчу, Аксыга жакшы белгилүү адам болгон. Токтогул менен Алымкул айтылуу "Акбаарыны" чоң атам уулу Бөдөшкө той бергенде ырдап жатышпайбы. Атам Бөдөш О.Асанов, Т.Тыныбековдор менен тең чыккан комузчу болгон. Бирок, филармонияга келгенге шарты болбоптур. Ошентсе да Шекербек Шеркулов баштаган өнөрпоздор үйүбүздөн үзүлчү эмес. Мен ал кишини аябай жакшы билип калдым. Дегеле, Аксыга барган артисттердин баары биздин үйгө тийбей өтчү эмес...
- Ээ, ага өнөрпоздордун анык бешигинде термелип өскөн турбайсызбы?
- Ошондой десем да болот. Мен комуз тырмаганды атамдан үйрөндүм. Ал киши жогоруда айтканымдай айтылуу Шекербектер атайы келип, эңсеп уккан чоң комузчу эле. Мен жети жашымда көзү өтүп кетти. Ошентип атамдан калган чаламды кийин, мектепке барганда азыркы чоң комузчу Саадабай Шабданов айылдык клубга башчы болуп барып калып, ошо кишиден бышырдым.
- А эмне үчүн анда өзүңүз айткандай жалаң гана кыл тырмап кетпедиңиз?
- Оо-у, анын көп себеби бар. Ошо 60-жылдары аккордеондун арааны башталды. Рыспай Абдыкадыровдун, Аксуубай Атабаевдин, Калыйбек Тагаевдин данкы жер жарып турган учур. Мен дагы комуздан сырткары мандалинди боздотуп, кандай аспап болсо да кармаганга талпынып турган учурум. 8-класста окуп калганымда аккордеонго жеттим. Ага чейин эле 12-13 жашым болуш керек "Мектебим" деген обон чыгарып, айлыма дүңк дей түшкөм. Мектептеги кезде андай обондун канчасын чыгардым. Көбү унутулду. Ошону менен аккордеон колдон түшпөй калды. Абдыкерим Алымов деген обончу бар эле. Аккордеонду катырчу. Ал кишиден да үйрөнүп калдым.
Ал кезде Жаңы-Жол районунда бир салт бар эле. Ар бир мектеп бир-бирине "визит жасап" өнөр тартуулап турчу. Алар жөн дагы эмес "Курманбек", "Ак мөөр" өңдүү чоң-чоң спектаклдерди даярдап келип калышчу. Кезек бизге жеткенде башкаларга окшобойлу деп Касымалы Жантөшовдун "Койчулар" деген чыгармасын сахналаштырып, музыкасы "кайран өзүмдүн" коштоосунда болуп, биз да башка мектептерге барып калдык. Эми укмуш кабыл алышкан.
- Ушуну менен мектепти бүтүрөлү. Чоң жолго качан чыгабыз?
- 10-классты бүтүргөндөн кийин Жээнмырза Тагаев деген райондун маданият бөлүмүнүн жетекчиси бар эле, ошол киши окууга жибербей бир жыл көркөм жетекчи болуп иште, окууга кийинки жылы барасың деп алып калды. Афишаларга "көркөм жетекчи" деп атым жазылаарын айтып азгырды. Чын эле жазылып, ар кайсы жерге илинип, тимеле жер баспай калдым. Өзүм бардык инс-трументтерде ойнойм. Элдер ырдап түшүп кетет, мен тикемен тик туруп, бирде комузда, бирде аккордеондо аларды коштоп, 2-3 саат сахнадан түшчү эмесмин. Ошентип артисттер менен районду түтүнмө-түтүн кыдырдык окшойт.
- Эми борборго келбейбизби?
- Келели. Кийинки жылы Искусство институтуна тапшырып, кашайганда диктанттан кулап калдым. Акыры барып М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищага кирдим. Ошо барганым жакшы болуптур. Каныкей эжеңерди (Эралиева) ошерден таппадымбы.
- Жетип эле кармадыңызбы?
- Оо, кайдан? Күрөңкеевди окуп жүргөндө армияга, морфлотко алып кетип, андан келсем обончу катары эжеңердин аты дүңгүрөп турган чагы экен. Ал ырдайт. Мен аккордеондо коштойм. Ошентип, 15-20дай ырды даярдап, бир күндө радиого жаздырып кеткенибиз эсимде.
- Болдубу?
- Эмне болдубу?
- Эми, эжемди кантип эңдиңиз да?
- Ха-ха, ошентип чыгармачылык байланышта жүрүп эле, түбөлүк байланышып калдык.
- Кечиресиз байке. Эмне дээр экен деп жатпаймынбы. Кайрадан обончулук башатыңызга келеличи. Сизди элге алгачкы тааныткан обонуңуз кайсы болду?
- Ал обон 1965-жылы чыгарылган "Кыргызстаным" деген обон эле.
- Жанагы "А-ай, Кыргызстаным" дегенби. Ой, байке биз мектепте окуп жүргөндө ал ырды ырдап чабандарга концерт койчубуз. Машинанын үстүндө баратып ырдап өткөнүбүздө, айылдын ичи жаңырып эле калчу.
- Ооба, ошол обон. Ал кезде жогоруда айтканымдай Абдыкадыровдун, Атабаевдин, Тагаевдин, Шамшиевдин ж.б.дын даңкынан көчкү көчүп турган убак. Ошол обонум менен аралашып кеттим окшойт. Бирин-бири кайталаганда өнөр болбой калат. Биз, Каныкей экөөбүз өнөргө өз жолубуз менен келип, өзүбүз чапкан жолдо баратат окшойбуз. Баш аягы 120 га жакын обон, бир нече музыкалык аспаптык чыгармаларды жараттым. Элде ырдалып жүрөт. Мага андан өткөн бакыт жок.
- Атайбек ага шашпасаңыз. Сиз обончу-композитор болуудан мурда комузчу эмес белеңиз? Кийинки маалда сахнада күү чертип отурганыңызды көрүп калабыз.
- Комузумду колумдан түшүргөн жокмун. Тес-керисинче ага ыктап бара жаткандаймын. Күү чыгаруу тамаша эмес. Мен "Бекназардын арманы" деген күүмдү 12 жыл иштедим. "Аксы кайрыктары", "Коңур кербез", "Шаңдуу кербез" "Мезгил кербез" аталган бир нече күүм бар. Дагы 10дой күү көңүлдө жүрөт...
- Атайбек ага эми күүгө кирсек чыгышыбыз кыйын. Ушу жагына ыраазы бололук. Маараке тоюңуз кут болсун. Чың ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз

Маектешкен
Темирбек Алымбеков