Парламенттик партиялык-кландык башкаруу
Кыргызстандын шору

Парламенттеги үч фракция - "Ата Мекен", КСДП жана К. Талиева баштаган "Ар-Намыс" фракциясынын бир бөлүгү төрага Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөөгө даяр экенин билдирсе, "Республика" фракциясы спикерге ишеним көрсөтпөө боюнча эки анжы абалда. "Ата-Журт" фракциясынан депутат Нариман Түлеев эгер атамекенчилер тарабынан айтылган маалымат далилдене турган болсо, "Ата-Журт" Келдибековду коргобойт деп маалымат таратты. Бул маалыматтардын анысы да, мунусу да барып-келип, кандай болбосун Келдибековду төрагалыктан алып түшүү, анын ордуна жаңы төрага шайлоо, парламенттеги башкаруу коалициясына кайсы фракциялар кирет, ким премьер-министр болот деген интрига менен түздөн түз да, кыйыр байланышкан. Башка эч нерсе. Ошентип, Кыргызстанда кайрадан бийлик бөлүштүрүү: майлуу-сүттүү орундар кимге тиет, кайсы фракция кайсы министрликти алат, төрага кайсы фракциядан болот, премьер-министр кайсы фракциянын энчисине кетет деген сасык оюндар башталды. Кыргызстандын келечеги, элдин эртеңи эмне болот деген олуттуу маселелер унутта калды.

Алдын ала Келдибековду эптеп-септеп эле кызматтан кетирүүнүн айла-амалы менен, парламенттин пардасына мынча акча кеткен, төраганын машинасынын дөңгөлөгү эле 1,5 миллион сом турат экен деп ызы-чуу чыгарып, ызылдап ийишти. Капырай, анын ордуна башка бирөөсү келсе эле, төрага машинасына 1,5 миллион сомдук эмес, андан арзан дөңгөлөк салып мине тургандан бетер. Парламент ошончо эле принципиалдуу экен, төраганы тыйгандан мурда, өз алкымдарын да тыйганды ойлосо болмок. Өлкөнүн бюджети 20 миллиард таңсыктык менен кабыл алынганына карабай, аны билип туруп, быйыл парламентке каралган 428 миллиондун үстүнө 283 миллионду какшып турган казынадан төрага эмес, ошол депутаттар өздөрү кызарып-татарбай туруп, бөлдүрүп алышпады беле. Же 1,5 миллион көзүнө көп көрүнгөн депутаттар үчүн 283 миллион сом акча эмеспи? А эмки жылга болсо парламентке 889 миллион сом каралып жатат. Депутаттарды мына ушундай аппетити үчүн эл күйгөнүнөн "жеп-жутаттар" деп атаса керек. Башкасын айтпаганда, төрагага сынтаккан депутаттар өзүлөрү минген кызматтык машиналары бир жылда эле 30 миллион бензин ичерин мойнуна алып, эл алдында уялып калса да, биз аларды бетинде кызылы бар турбайбы деп калмакпыз. Анан ошол эл шайлаган эрендер Келдибеков төрагалыктан кетсе эле, бюджетке 20 миллиард өзүнөн өзү эле келип түшүп, тимеле коммунизмде жашап калчудай, дүйнөлүк маселени талкуулагандан бетер, төраганы кетирүү маселесин жалпы улуттук деңгээлге көтүрүп чыкканы бир аз уятыбыраак көрүнөт экен.
Мейли, Келдибеков кетсе кетер, келбесе калар дейли. Андан Кыргызстанда бир нерсе өзгөрөбү? Илгери, коммунисттер "Партия десе Ленинди, Ленин десе партияны түшүнгөндөй", биз парламенттеги фракциялар десе, төраганы жана Өкмөттү, төрага жана Өкмөт десе парламенттеги фракцияларды түшүнүп калдык. Эгер Акаев жана Бакиев тушунда Кыргызстан уруулук-кландык мамлекетке айланса, бүгүн Кыргызстан партиялык-кландык мамлекетке айланды. Бүгүн кыргыз парламентинин чыныгы баш ооруга айлана турган маселеси чындыгында мына ушул болчу.
Бүгүн парламенттин гана эмес, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүн өйүгөн суроо ушул. Кыргыз саясатчылары кечээгиге чейин элди уруу-урууга бөлүп-жарып, башкарып келсе, бүгүн алар элди партиялык ишенимине карата бөлүп-жарып, башкарып баштады. Өмүрбек Чиркешович таарынбас чыгар, парламенттик-президенттик башкаруу системасы Кыргызстанга андан башка жаңылык киргизе алган жок. Парламенттик башкаруу болгондо да кандай, карагылачы, Кыргызстанды кимдер башкарып жатышат? Баягылар эле. Акаев бийликтен кетип, Бакиев бийликке келгенде, акаевчилер үйүрү менен кайра эле бийликке келишкен. Анан Бакиеви кетти. Бакиев кеткен менен, "бөрүсү кетсе да, бөлтүрүктөрү" бийликте калды. Парламентте беш фракция болсо, бешөөндө тең Акаев менен Бакиевдин колунан жем жеп, алардын оту менен кирип чыгып, күлү менен чыккандар бар. Отунбаева башкарган бир жарым жылдын ичинде дагы да болсо, акаевчилер менен бакиевчилер бийликте "оптом и в розницу" олтурушту. Аларды эл эркелетип "бөлтүрүктөр" деп коюшчу эле, акыркы бир жылда көрдүк, алар "бөлтүрүк" эмей эле кадыресе "бөрү" болуп калышыптыр. А "бөрүлөр" болсо, эч качан аңчылыкка жалгыз-жарымдап чыгышпайт. Дайыма үйүрү менен жүрөт. Жалгыз-жарым жүрбөй, үйүрү менен жүрүү, иралды алардын коопсуздугу үчүн жакшы. Муну алар жакшы билишет. Партиялык система мына ушул кыргыз "бөрүлөрү" үчүн ыңгайлуу система экен да көрсө.
Кыскасы, Кыргызстанда эч нерсе өзгөргөн жок. Баары мурдагыдай калды. Кыргызстанды баягылар эле башкарып жатышат. Президенттик башкаруу системасында деле ошолор башкарып келишкен, парламенттик башкарууда деле ошолор башкарып жатышат. Конс-титуцияда ак-карасынан Кыргызстанда бийликтин булагы эл делип чоң тамгалар менен жазылган менен, карапайым эл дагы да болсо, Акүйдүн темир торунун сыртында кала берди.
Мурда Акаев менен Бакиевди сындачу элек, азыркылардын алардан айырмасын байкоо кыйын. Ушул бүгүн бийликке келгендер 2006-жылдын ноябрындагы митингдерде: "Кыргызстанда башкаруу системасын алмаштыруу керек. Биз жеке адамдарга эмес, системага каршыбыз" дешип, элди Бакиевге, Үсөн Сыдыковго, Конгантиевдерге эмес, системага каршы турууга чакырып, "Эгер биз бийликке келсек, сөзсүз түрдө системаны алмаштырабыз" деп убада беришкен. Мына ал күндөр да келди. Келмек тургай, бир жарым жылдан ашуун убакыт өттү.
Эгер алар: 2006-жылдын ноябрь айынын митингинин катышуучулары убада кылган система - парламенттик-президенттик башкаруу системасы болсо, анда эле "аңгектен качса дөңгөккө" болгону ушул. Жыргабаптырбыз. Кыргыз саясатчылары аялдарынын көзүнө чөп салганы аз келгенсип, эми элдин көзүнө да чөп салганга өткөн экен.
Партиялык башкаруу системасы Кыргызстанды партиялык-кландык башкаруу системасына орнотту. Бул өтө коркунучтуу жышаана. Келдибеков төрагалыктан кетсе эле, парламент апапакай болуп калат дегенге сиз ишенесизби? Биз таптакыр ишенбейбиз.
Жүрөк жарылып кете турган болсо да, ачык айтып коюуга тийишпиз. Карапайым эл кимдир-бирөөнүн алдында кул болбосо да, кулдай иштеп жатат, кулдай жашап жатат. Акын Шайлообек Дүйшеев айтмакчы, эл бийликтегилерге шайлоолордо гана керек болуп калды. Калган убактарда алар элди ойлошпойт. Мышык акпы, карабы, же сарыбы, баары бир чычкан алгандай, Кыргызстандагы башкаруу системасы: мейли ал президенттик болобу, мейли ал парламенттик болобу, бийликте олтургандарга гана кызмат кылып, алардын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып калганы өкүндүрөт.
Элди бир жолу алдаса болот, эки жолу алдаса болот, бирок түбөлүк алдоого мүмкүн эмес. Эл бүгүн болбосо эртең саясый интригалардан башы чыкпаган парламентке ачуусу келип, "тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык" деп уран таштаса, анда биз таңгалбас элек.
Урматтуу депутат мырзалар жана айымдар, келгиле, Келдибековдон мурда мына партиялык-кландык системаны алмаштырсак кантет. Кыргызстандын шору бийликте олтурган адамдарда, ошол эле акаевчилер менен бакиевчилерде, же бөрүлөрдө жана бөлтүрүктөрдө эмес, биз жашап жаткан бийлик менен байлыктын кулу болгон системада болуп жүрбөсүн?

Болотбек Таштаналиев




Эми силер эле
калдынар эле
Акаев доорунан бери кыргыз мектептерин жана андагы окуган окуучуларды "тономой" салты бар. Андай "тономой" салттын көп түрүн кийинкилер ойлоп таап алышкан, мындайча айтканда өөрчүтүшкөн. Алардын катарына саясатчы-чиновниктердин китебин сатуу, кино-оюн зоокторго кыйнап билетин өткөрүү, ырчылардын концертин мектептерге койдуруп жыйынтыгында директорлору кыйла "шабашкага" ээ болот. Акча табуунун бул түрү акыркы убакта кеңири орун алып жаткандыгы жашыруун эмес. Мындай жагымсыз бизнестин айныгыс далили Бишкектин "Көлмө" жаңы конушундагы №78 мектепте гүлдөп турган учуру. Жергиликтүү жашоочулар менен эне-аталар жамааты редакциянын телефонун бурап, аталган мектепте кудайдын куттуу күнү кино, концерт, шоулардан куру болбой, окуучулардын капчыгын кагып кетип жаткандыгына катуу нааразычылыктарын билдирип, билим берүү министрлигине кулак кагыш кылып коюшубузду көптөн-көп өтүнүштү. Ансыз да карапайым калк сансыз салыктын түрү менен муунуп жаткан убакта, ушунуңарды коё эле турсаңар боло, бай-болгурлар.