Ойгонуп кетсе түшү экен...
Опера жана балет театрынын ичи кылкылдаган эл. Зал ушунчалык көркөм, сулуу жасалгаланыптыр. Салтанатка келгендердин жүзүнөн нур чайыйт, баары майрамга келгендей жакшы кийинишкен. Беттеринен май тамат. Ал залдагыларды кыдырата карап жатып, адам башына бакты консо, бат эле ажары чыгып, жүзүнө кызыл жүгүрүп калат турбайбы деп ойлоду. "Баары эле келиптир. Оо тигинде, Топчуке отурат, бакыйып. Жанында отурган Турсунбек Акун окшойт. Мунун жүрбөгөн жери жок, каяктан абасынын жанына барып калган. Мейли, отура турсун. Бүгүн аны териштире турган күн эмес. Охо, АША да келиптир. Келбей каякка барат? Келбей көрсүнчү". Тишин кычыратып алды. "Оо тигинде Үсөн аке Сыдыков олтурат". Ал сүйүнүп кетти.
"Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын тапшырууга байланышкан салтанатты ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер". Зал дүркүрөтө узакка созулган кол чапты. "А...бек Б...ров"! Ага өзүнүн аты алыстан угулгандай болду. Кургап-тердеп кетти. Чөнтөгүнө колун салды. Кашайып бетаарчысын да албай калыптыр. Колуна салфетка урунду. Эл тура калып, кол чаап жатышты. Ал мынчалык толкунданган эмес. Буттары чалыштап, сахнаны көздөй басып баратты. РИО өзү да кол чаап аны күтүп жатыптыр. Ал сахнага чыкты. Президенттин Указы окулуп, РИО анын көкүрөгүнө... Ойгонуп кетсе түшү экен. Жаздыгын мыкчый кармап, төшөгүнөн турду. "Жок, дегенде баатырлыкты түшүндө алса эмне? Оо жараткан, ушул кубанычты да мага ыраа көргөн жоксуңбу"? Ыйлап ийгиси келди. "Манастын" мага кереги жок. Албайм, "Манасыңарды".
Кечээ "Манас" ордени менен мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди сыйлоо тууралуу Президенттин Указы чыккан.


"Бөрү зындан"
Акаев бийликтен кеткенде акаевчилер дечүбүз, Бакиев бийликтен качканда "бөлтүрүктөр" дедик, эми Отунбаева кеткенде аларды эмне деп атарыбызды да билбей турабыз. Азырынча. Ошо РИО командасындагылардын анабашы Эмилбек Каптагаев Атамбаев командасына десант болуп, түшө жаздай барып, Фарид Ниязов байкай калып, "Э.Каптагаевди кайсы бир кызматка дайындоо тууралуу планда бар, бирок чечим чыга элек. Ал эми анын президенттин саясый маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт" деп, 7-декабрдын кечинде шашылыш билдирүү жасады. Биз да ойлодук эле, ажылык боюнча адистешкен адамды саясый маселелер боюнча кеңешчи кылганда кандай болор экен деп.
Кыргызстанда "бөрүлөр" көбөйүп баратат. Баары эле "бөрү зынданды" качырышат.


"Сынган кылыч" ... Шералинин чокою...
"Сынган кылычты" окудуңуз беле? Эгер, буга чейин окубаган болсоңуз, анда эми сөзсүз окуп коюңуз. Эмне үчүн дейсизби? Жөн эле. Анда Шералинин чокою тууралуу жазылган үчүн болсо да, Төлөгөн Касымбековдун бул тарыхый романы окууга арзыйт. Шералинин чокою демекчи, андай чокой эстеликтер дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Тегеранда Реза шахтын үй-музейинин алдында киши боюндай чокой эстелик турат. Башка мамлекеттерде антип өткөнгө карата болгон эскертүү катары колодон, жезден, таштан эстеликтерди тургузуп жатса, бизде тирүү эстеликтерди коюп жатышат. Алыска нары барбай айтканда эле, соңку кадрдык дайындоолор Акаев дооруна, 2005-жылдын 24-мартына коюлган эстеликтерге окшошуп калды. Нүзүп Шералинин маңдайына чокоюн илип койсо, азыр бийлик өзүнүн бет маңдайына Акаевдин кадр-ларын кыдырата таш тизгендей тизип жатат. Арты түз болгой эле. 2005-жылдын 24-декабрындагы элдик революцияны жакындаткандардын бири Абдиль Сегизбаев эмес беле. Бу да кайрадан "бөрү зындандагылардын" катарынан орун алды.


Митингдердин жүзү
Нышановдун жүзүндөй....
Бар экен. Жоголуп кетти эле. Тоюсь, көрүнбөй калган. Назарбек Нышановду айтып жатабыз. Турсунбек Акуновчосунан бирөө-жарым уурдап кетти бекен деп ойлогонбуз. Абдан кабатырланганбыз. Эч ким деле уурдабаптыр. Эч кимге деле кереги жок окшойт. Ошол жигит Акүй алдында "Атамбаев кетсин" деп митинг уюштуруп атат. Азырынча эртерээк эмес болду бекен? Азырынча, алиги өзү айткан акаев менен бакиев куйруктарын кет десе деле жарашмак. Сыягы, андай буюрт-ма түшкөн эмес окшойт.
Мейли, Акүйдүн алдын бош калтырбай турса тура турсун. Алдыда кыштын кыраан чилдеси келатат, ден соолугун абайлагай эле. Митингдер бизге кышта эле эмес, жазда да, жайда да, күздө да керек.

"Алиби-пресс"