Сиз жана Сиз
Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго
Сиз менин жашоомдун бир бөлүгүнө айлангансыз. Кандайча, кайсы күнү менин жүрөгүмдүн төрүн ээлеп алгансыз, эсимде жок. Айтор, сиз менин идеалымдагы адамсыз. Сиз тууралуу ушунча көп ойлонгондуктан, гезиттерде сиз тууралуу жазылган алакандай маалымат болсо да, окуп туруп, кесип алып, чогулта берем. Акыркы мезгилде сиз тууралуу ар кандай жазып жатышат. Окуп алып, ишенгим келбей, ызага муунуп, анда жазылгандардын бирине да ишенгим келбейт. Ошол маалыматтарды кесип алып, өрттөп жибердим, ишенсеңиз. Сизге окшогон кристаллдай таза адамдарга да тийиштик кылып, күнөө тапкысы келгендерге таңгалам. Сизге окшогон адамдар чөпкө да зыян келтире албайт деп ойлойм, туурабы. Бул сизге болгон аруу сезимимден улам эмес, сизге ушунчалык ишенгенден улам айтылган сөз. Сизге окшогон таза адамдар гана Кыргызстанды сактап кала алат.
Кээде, өзүм жалгыз олтурганда, эгер Ахматбек Келдибекович мен ойлогондой болбосочу дегенде, шаар урап кеткендей болуп, коркуп кетем. Антип ойлогондон корком, шаарымды уратып алгандан корком…
Сизди колдогон адамдар арбын экенине ишенем, ар күнү таңкы, кечки, түшкү жаңылыктарда Сиздин парламенттин трибунасынан көргүм келет. Сизди сүйгөнүм үчүн мен бактылуу, мейли жолукпасак да, аман болуңузчу, менин Арыстаным!
Амина К., Жалал-Абад шаары


2001-жыл. 9-май.
Май майрамдарын чогуу тостук. Аялыңа командировкага кетип калдым деп койгон экенсиң. Ошол бойдон баягы орус кемпирдин жер кепесинен камалып чыкпай беш күнү жаттык. Мен ушуга да ыраазы болгондой, сенин көзүңдүн агы менен тең айланып, сени таарынтып албайын деп, сен каалаган нерсенин баарын аткарып жаттым. Азыр ойлосом жиним келет. Мен сага көзкаранды болуп калганым үчүн өзүмдү аяйм.

2001-жыл. 10-май.
Бүгүн адашкандай болуп, Канат досу экөө ээрчишип келип калыптыр. Акыркы жарым жылда жоголуп кеткен. Мен ага сени гана сүйө турганымды, сенсиз жашай албай турганымды айткам. Сен экөөбүз чогуу жашабасак да, мамилебиз аял-күйөөдөй экенин айтып, көңүлүн калтыргандай болгом. Паркка басып келели дегенинен шагын сындырбай, көчөгө чогуу чыгып келдик. Канат экөөбүз сүйлөшкөндөй деле болгон жокпуз.
Болгону мени узатып келип коштошорунда, "Эртең менин туулган күнүм, кечинде келейин" деди. Мен "ооба, же жок" деген деле жокмун.

2001-жыл. 11-май.
Бүгүн Канат экөөбүз анын туулган күнүн белгиледик. Таңгалычтуусу, туулган күнүнө менден башка эч кимди чакырбаптыр. "Алтын казынада" олтурдук. Ачылып деле сүйлөгөн жок, ал сүйлөбөгөн соң, мен деле сүйлөгөн жокмун. Анын көңүлүн бир нерсе өйүп, мага айталбай турганын сездим. Түнкү саат 12де мени такси менен үйгө жеткирип койду. Мени менен коштошуп жатып, кайгылуу жылмайып койду.

2001-жыл. 12-май.
Канат ушунча акылдуу жигит. Андай жүрөгү таза адамдар азыр сейрек. Бирок, канчалык аракет кылсам да, аны сүйө албай койдум. Жүрөгүм мени укпай койду.

2001-жыл. 13-май.
Бүгүн кечинде Канат келип калыптыр. "Силер тараптан өтүп баратып кайрылып калдым" деди. Бир аз сүйлөшүп турдук да, анан колундагы саатын карап, "Азыр шашып жатам, эртең келермин" деп, кетип калды. Эмнеге келди болду экен?

2001-жыл. 14-май.
Канат келиптир. "Жүр, кафеге барып олтуралы" дегенинен "Диарга" бардык. Ал жерде туулган күн белгиленип, жаштар көңүлдүү олтурган экен. Канат болсо, адаттагыдай ойлуу олтурду. Менин айылыма барып келгенин айтты. "Эмнеге барды элең" деп сурасам, "Жөн эле" деп койду. Кызык…

2001-жыл. 15-май.
Бүгүн Канат экөөбүз "Караван" кафесине барып олтурдук. Мен андан "биздин айылга эмнеге барды элең" деп, кайталап сурадым. Мени ойлуу тиктеди да, "Сенин айылыңды көргүм келди. Сен баскан жолдорду басып, сен жыттаган гүлдөрдү жыттагым келди" дейт. Түшүнсөм буюрбасын.

Улара К.