Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Өнөр дүйнөсүндө
Көңүлдө калган көргөзмө

Кинематографиянын тарыхына үңүлсөк, кино сүрөтчүнүн милдети-актёрлор тартылып жаткан фондун декорациясын тартуу гана болгон. Бара-бара кино тармагында эмгектенген сүрөтчүлөрдүн да түйшүгү кеңейип барат. Учурда заманбап тасмалардын натура көрүнүшү менен жасалма кооздуктун айкалышында художниктин ролу өтө эле чоң. Ал кадрда кала турган кайталангыс дүйнөнү түзүшү керек.

Жакында Бишкекте кино сүрөтчүлөр Актан Абдыкалыков, Сандро Макаров, Казбек Жусупов, Жылкычы Жакыпов жана Шариф Жайлобаевдин эмгектерине таандык "Кинопласт" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көрүүчүлөргө кино тартуу аянтындагы сүрөттөр жана эскиздер көрсөтүлдү. Бул архивдик материалдарды кароо менен көргөзмөнү уюштуруучулар "заманбап сүрөтчүлөр жана фотографтар ушул "эски сүрөттөрдөн" композиция боюнча да, өз алдынчалыгы боюнча да алыс кетпегендигин айтышууда.
Сүрөтчүлөрдүн көргөзмөдөгү чыгармалары "MNT Consulting" компаниясынын директору Төлөндү Тойчубаевдин бир канча жылдан бери жыйнап жүргөн өздүк архивиндеги сүрөттөр болуп эсептелинет. Кээ бир сүрөттөр жоголуп кетүү коркунучунан сакталып калынган. Мисалга, режиссёр Казбек Жусуповдун "Саманчынын жолу" фильмине коюлган жалпы эскиздери сүрөтчү балдар үйүнүн сарайынан табылган.
Төлөндү Тойчубаевдин айтымында, ал бул сүрөттөрдү 4 жыл издеген. Акыры, шаардын сыртындагы бир сарайдан Жусуповдун толгон-токой эмгектерин тапкан. Ал сүрөттөрдү сураганында "бералбайбыз, буларды бир канча жылдан кийин миллиондогон сомго сатса болот" деген жооп алган. Ошол сарайдан сүрөтчүнүн ондогон эмгектерин келемиштер жеп кеткенине да күбө болгон. "Кинопласт" долбоору Кыргызстандын кинематографистеринин 70-жылдыгына арналды.




Улуттук кол-өнөрчүлөрдүн эмгектери
Улуттук көркөм сүрөт музейинде 1-декабрда "Жаратылыш менен бирдикте сулуулук гармониясы" деген аталышта улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн, кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн ар кандай ыкмалары менен жасалган буюмдардын көрсөтмөсү ачылды.
Маданий иш-чарада эки күн бою мастер-класстар, Тажикстан, Түркия, Кытай мамлекеттеринде отурукташкан этникалык кыргыздарды жана Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырган экспедициянын жыйынтыгы тууралуу тегерек стол өткөрүлдү.
Бул көргөзмөнүн башкы максаты - ата-бабаларыбыздан бери келаткан маданий мурасты унутта калтырбай, келечек муундарга жеткирүү болуп эсептелинет. Көргөзмөдө экспедиция учурунда чогулган 200гө жакын кол өнөрчүлүккө тийиштүү уникалдуу буюм-тайымдар көрсөтүлөт. Экспозиция музейде бир жылга чейин коюлат.

Бетти даярдаган
Нурайым Рысмамбетова







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??