Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Маараке алдында
Доору келген "Дордой" 20 жашта!
1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендикти тынчтык жолу менен колуна алып, демократиялык нук менен өнүгүү жолуна сапар алса, тагдырдын тамашасын караңыз, ошол жылдын 7-декабрында Бишкектин төмөн жагындагы шаарды айланып өтүүчү жолдун жээгиндеги саздак талаада "Дордой" деген жайма базар өз ишин баштаптыр. Бул кийин доошу доорго угулган базардын уюштуруучусу бир тууган Салымбековдордун айтымында, алардын базар ээн талаага базар ачышына кыргыздар түшүнүп-түшүнбөй, коомайраак мамиле жасаса, сооданын ооматын билген өзбек, уйгур, дунган улутундагы мекендештерибиз алгачкылардан болуп, базардан орун ээлеп, соода-сатыкка киришишет. Ошентип, арадан жылдар өтүп, ээн талаадагы эрбейген соодагерлердин катары калыңдап, базардын аты алыска угула баштайт. Азыр "Дордой" базары эл аралык деңгээлдеги ири соода комплекс. Ал тургай аны бүтүндөй Орто Азиядагы ири базар деп эл аралык экономикалык уюмдар атап келишет. Мына ошол 20 жылдык тарыхы бар базарга баш багып, соодагерлер, базар администрациясы менен маараке алдында азыноолак маектешип кайттык.


Аманбай Кайыпов,
"Дордой" базарынын
аткаруучу директору:
Камыш баскан
саз, таң калган эл
"Дордой" базарынын 1991-жылы 7-декабрда тушоосу кесилип, уюштуручуу Аскар Салымбеков баштаган агаларыбыз алгачкы ишкерлерди чогултуп, лентасын кескен эле. Анда бул жер камыш баскан эле саз болучу. Биздин жетекчилер ошол саздын үстүнө шагыл төгүп, түздөп беришти. Айланадагылар бизге күлүп, булар эмне кылып жүрүшөт деп калышчу. Алгач баш-аягы 100гө чукул соодагерлер ушул жерге чыгып, товарларын жайып жыйып кетме керебеттерге сатышчу. Биз аларга жыгачтан, темирден товар жая турган текчелердижасап бергенбиз. Суу жок, свет жок, даараткана алыс жакта, чынында кыйын эле болгон. Анчалык деле көп адам келген жок. Башталышында кыргыздын канында жок болсо керек, өзбек, уйгур, дунган улутундагы мекендештерибиз көп келишти. Элдер кадимкидей, дем алуу күндөрү келишип, кийим-кечек сатып ала башташты. Ошентип, күн өткөн сайын соодагерлердин катары калыңдай баштады. Жарым жыл айланбай 600гө чукул соодагерлер келип, ушул жерде текчеге жеткени текчеге, текче жетпегени машийнелеринин капотуна товарын жайып жүрүштү.

Кадыркулова Элена, сатуучу:
Контейнер
деген ушулбу?
Мен аскер кызматчысынын аялымын. Айлыктын аздыгынан ушул базар ачылганда эле келип соода баштагам. Алгач жайма базар сыяктуу эле. Кийин, 1996-жылдардан тартып, Аскар Мааткабылович чет элдердин практикасынан көрүп келип, алгачкы контейнерлерди алдырып келди да "соодагерлерге таратып, туура түшүндүргүлө, бул контейнерлер соода кылганга ыңгайлуу болот экен" деп сунуш кылды. Өз машийнелери менен соода кылып, кечинде кетип калып көнгөн соодагерлер дароо эле ала койбой, ушул жерде контейнерлер жарым жылча бош турду. Акыры баардыгы контейнерди туура көрүшүп, товарларын контейнерге коюп сатып киришти. Ошондон кийин биздин жетекчилик контейнерлерди ирээти менен коюп, өткөөлдөрдүн үстүн жаап, суу, свет тартып келди. Базарда эл көбөйүп, тиягы Иран, Индия, быягы Кытай, Италия, Түркияда сыяктуу ондогон мамлекеттерден товарлар келе баштады. Ошону менен "Дордойдун" доору башталды. Биз Аскар Мааткабылович ачкан "Дордойдун" арты менен башка да чакан бизнес ачканга жетиштик. Кыз-уулдарыбыз Москвада, чет өлкөлөрдө окушат.

Алымбаева Элиза, сатуучу:
Көз арткан бийлик
Мен базардын эң эле ардагер сатуучуларын биримин. Ысык-суукта 20 жыл иштедик. Аскар байкенин командасы негизи эле эл менен иштешкенди билишет. Баардык шарттарыбызды түзүп беришти. Эл көп келген жерге, акча көп болгон жерге ар убак бийлик көз артып келээри турган иш эмеспи. Биздин базарга дагы Акаев, Бакиев бийлиги жакшы эле көз артып, тартып алуунун ар түрдүү амалдарын кылып жүрүштү. Бирок, эч шек алдырышкан жок. Анткени, биздин "Дордой" базарында баарыбыздын, тачка түрткөнүбүздөн базардын администрациясы, соодагерлерден айдоочуларга чейин ынтымагыбыз бекем, анан элдин сүймөнчүгүбүз. Анан калса биздин жетекчилик Өкмөткө тиешелүү салыкты өз маалында төгүп, баардыгы мыйзамдуу болгондуктан кынтык таба алышпады. Мисалы, Танаев деген Өкмөт башы базарга "кассалык аппараттарды орнотобуз, патентти кымбаттатабыз" деп чыгып, соодагерлерлер менен профсоюздардын каарына калган. Кудайга шүгүр, ушул базарда эмгектенип жүрүп, шаардын ичинен сулуулук салонун ачтым. Ал жакта 20дай адам иш менен камсыз болду. Мунун баары базардын салымы да.

Мария Шорукова,
"Дордойдогу" ашканын ээси
"Дордой жабылат"
деген жалган сөз...
Биз биринчилерден болуп, ушул базарга ашкана ачтык. Ачаарда Аскар байкеге келип, айтсак, "Ой, силер тетиги дунгандардай тамакты жакшы жасай аласыңарбы?" деп сурады. Биз "алардан да даамдуу жасайбыз" дедик. Ошону менен иш башталып, мына баарыбыз базардан ирденип, балдарыбызды мыкты окуу жайлардан окутуп, башка да бизнес ачтык. Учурдан пайдаланып, мен "Дордой" базарындагы баардык соодагерлерди, кызматкерлерди, базарды уюштуруучуларды чын жүрөктөн жыйырма жылдык маараке менен куттуктайм. Иштерине ийгилик, бакубат өмүр, береке каалайм. Анан дагы "Дордой жабылат" дегенге сөздүн жалган экенин айткым келет. "Дордой" дагы 100 жыл ушул ыргагы менен жашай берет. Биз Орто Азиядагы кадырыбызды кармап кала беребиз. 40, 50 жылдыктарды чогуу тосолу. Бар болгула!
Мирлан Өмүралиев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??