Канат Исаев, ЖКнын депутаты,
"Республика" фракциясынын башчысы:
"Коалициялык келишимде үч партия
Атамбаевди колдойт деп жазылган болчу..."
- Парламенттин жыл ичиндеги ишине ичиңиз чыгабы? Кайсы иштер менен мактана аласыз?
- Учурда иштеп жаткан парламент өлкөдө абал абдан кыйын болуп турганда, биринчи легитимдүү мамлекеттик бийлик катары өз ишин баштады. Ошол кездеги олку-солку болуп турган абалга карабай, парламент эң башкысы көпчүлүктүн башын бириктирген коалицияны түзүүгө жетишип, ал аркылуу легитимдүү Өкмөттү түзүп, мамлекеттик машинаны ишке киргизди. Ушунун өзү сырттан караган адамга абдан чоң жумуш эле. Андан тышкары парламент уюшкан кылмыштуулуукка каршы күрөшүүгө, коррупция менен кармашууга жол ачкан бир топ маанилүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алды. Ошону менен өлкөдө кандай тазалоо болуп жатканынын, тоңгон муздун ордунан жылганын коомчулук өзү көрүп турат. Ошондой эле сот системасын реформалоо боюнча маанилүү 5 мыйзам кабыл алынып, иштей баштады. Дагы айта кетсем, Президентти, Өкмөттү, жергиликтүү бийликтерди шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ошонун жыйынтыгы менен биз Орто Азияда биринчи болуп, тынчтык жол менен Президентти алмаштырганга жетиштик. Тынч кырдаал, жакшы маанай менен.
Бирок, бизде 120 депутат бар. Демек, көз караштарыбыз ар дайым эле бир чыга бербей, талаш-тартыштар, курч сындар, ал тургай айрым учурларда жакалашмайга чейин барганыбыз чындык. Албетте,мунун баары биздеги мыйзам ченемдүү эле көрүнүш десем да болот. Анткени, парламенттик корпусту беш фракциянын өкүлү түзөт. Демек беш башка позиция бар. Ошол беш башка позициянын аягы деле келип, элге пайдалуу бир иш кылсак деген эле ниет да. Ошол эле мезгилде бизге кээде, "базардын деңгээлине түшүп кетишти"деп сын айтышат. Бирок, айтаарым, биз элдин өкүлүбүз, бизди эл шайлаган. Ошол эле базардагы элдер шайлаган. Анан алар бийликтин башка бутагына ишенбей, атайы парламетттин босогосуна келип, суроо талаптарын айтып жатса, биз эмнеге карабай коюушубуз керек. Аларды "жок, биз силерди карабайбыз" деп, кубалатып жиберебизби?! Ошондой эле парламент Өкмөт менен тыгыз иш алып барып, алар суранган мамлекеттин бюджетин бекитип берип, аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алдык. 21 миллиард кемтик менен кабыл алынган мамлекеттик бюджетти Өкмөт азыр колдон келишинче аткарып жатат. Азыр эч жерде мамлекеттик, социалдык кызматкерлер айлык маяналарын убагынан кечигип алып же пенсиялардын кечиккен учуру боло элек. Демек, иш жасалып жатат.
- Коалициялык Өкмөт кескин реформага бара алган жок дегенге не дейсиз?
- Реформаны кайсыл учурда жасайт? Албетте, мамлекетте саясий стабилдүүлүк болгондо, бийлик эл ишенимине толук кирип, колдоого алынганда. Мына, 2 жолу революция болду. Биринчи революциядан кийин Акаевдерге тиешелүү бир дагы мүлк мамлекеттин карамагына өтүп, элге иштеген жок. Азыркы Өкмөт болсо канчалаган обьектилерди кайра мамлекеттин менчигине өткөрүп, ачык айкын аукционго коюп, сатып баштады. Элдин бийликке болгон ишенчи жаңыдан пайда боло баштады. Эми биримдикке келдик, тынчтыкка келдик, демек, чечкиндүү кадамдар, натыйжалуу реформалар эми башталат. Мына кечээ Грузиянын реформаторлору менен жолуккканда, көп маселелер боюнча угуп отурдук. Мисалы, алар баардык салык кызматкерлерин бир күндө иштен бошотуп, жаңыларды шайлашыптыр. "Биз баардык миңдеген кызматчыларды бир күндө кызматтан алсаңар,колдоочулар митингге чыккан жокпу" деп сурадык. Алар болсо "Жок, эл түшүндү, биздин реформалардын натыйжасы ага чейин көрүнүп, эл толук ишеним арта баштаган болчу" дешет. Бизде болсо, ушул тапта бир милицияны же прокурорду кызматтан алсаң, эртеси ал тууган урук, жакындарын көчөгө алып чыгып, митинг кылат да. Ошон үчүн алды менен тартип жана стабилдүүлүк, элдин ишеними керек. Эми келген Өкмөт чечкиндүү кадамдарга барат деп ойлоп турам.
- Коалициялык келишимде анын мөөнөтү, таркоого себептер, таркагандан кийинки учурлар каралды беле?
- Эми калыстык үчүн айтып кетейин, үч фракциянын келишиминде анын мөөнөтү эки жыл деп так жазылып турат. Ошондой эле, бул үч фракция шайлоодо бирдиктүү талапкер Алмаз Атамбаевди колдоп чыгаары, эгер коалиция таркап кетсе, төрага үч күн мөөнөттө өз арызын жазып, кызматын өткөрүп берээри, эгер Премьер-министр Алмаз Атамбаев президенттикке өтүп кетсе, анын ордуна Өмүрбек Бабановду шайлоо тууралуу пункттар бадырайып жазылып турат. Бирок, тилекке каршы, КСДП фракциясы келишимди бузуп, коалициянын ишин токтотту. Мисалы үчүн алардын "Республика" фракциясына таарынаар эч себеби жок. Биз убадабызга туруп, Президенттик шайлоодо талапкерибизди чыгарбай, Атамбаевди колдодук. Ошондон улам биз КСДПга кайрылып, "коалицияны таркатпай туруп эле, башка жолдорду карап көрөлү, ушул үч фракциянын негизинде эле кайра түзөлү, балким төртүнчү фракцияны кошуп алабыз" десек, болгон жок. Ошону менен коалиция таркап кетти. Демек, эми келишим боюнча Ахмат Келдибеков төрагалыгын өткөрүп бериши керек. Бул келишимди аткарган мыйзамдуу да, жигиттик дагы кадам болот.
- "Атамекен" көтөрүп, КСДП коштоп жаткан төраганын каржылык чуулары боюнча сиздин фракция кандай позицияда?
- Биз азырынча, куру доомат, сындарга орун берип, чырды ырбатпайлы деген чечимге келдик. Анткени, коомчулукка чыгып кеткен цифралар боюнча чыныгы фактыларды толук билбейбиз. Ушу тапта биздин фракциянын кызматкерлери аталган чуулуу сандарды тактап жатышат. Баардыгы такталып, чындыгына көз жеткенден кийин, албетте, бир чечимди кабыл алабыз. Бирок, жанагы 30дан ашык жардамчысына "KG" номурун бериши, ашыкча чыгымдарга макул болушу, ага аброй алып келбейт. Бул мыйзам бузуудан мурда моралдык жоопкерчиликке жатпай калат. Мен башында эле чыгымдарды азайталы деп чырылдап чыккам. "Жок дегенде, чыгымды кыскартпасак да, көбөйтпөйлү" деп айткам. Тилекке каршы, биздин парламенттин бюджети 480 миллион сом болсо, бүгүн андан ашып кеткени айтылууда. Буга чынында төрага жооп бериш керек.
- Буга чейин жаңы коалицияны түзүү боюнча бейрасмий сүйлөшүүлөр жүрүп келди. Жаңы Өкмөттүн курамынан парламентке кирбей калган башка партиялардын өкүлдөрүн көрө алабызбы?
- Чынында, мамлекет дегенди биз беш партия өз менчигибиздей көргөн туура эмес. Биз элдин ишенимин алган Өкмөттү курашыбыз керек. Демек, парламентке добушунун аздыгынан жетпей калса да, эл арасында колдоочулары бар, өздөрүн ар тармакта көргөзгөн, иштин көзүн билген, партиясын прогрессивдүү жолго салып келе жаткан адамдарды Өкмөттүн курамына кабыл алып, иштетишибиз керек. Мен азыр "Замандаш", "Акшумкар", "Акыйкат" сыяктуу партиялардын өкүлдөрү Өкмөткө келет деп ойлоп турам. Анткени, алар жаңы шайланган президенттин өлкөнү өнүктүрүү программасын колдошту, демек, бир команда катары ишти алга жылдырып кетишет.

Маектешкен
Мирлан Өмүралиев