Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Керегем сага айтам
Кетер кыздын керээзи...Кейиткен сыйлыктар...

Экс-президент Роза Отунбаева кетеринде мамлекеттик сыйлыктарды "мантудай" үйө тартып, саясый үзөнгүлөштөрүнүн көңүлүн бир көтөрүп салды. Албетте, алардын алган сыйлыгы кут болсун дейбиз. Эч кимдин ич тардыгы жок. Бирок, чоң-кичине болобу сыйлыктын да сыймыгы бар эмеспи. Айрыкча, мамлекеттик сыйлык болуп жаткандан кийин кимдер, эмне үчүн алышканын коомчулук билиши керек.

Роза Отунбаева парламентке келип президент катары сүйлөгөн акыркы "керээз" сөзүндө "менин ишмердүүлүгүмө тарых баа берет" - дегени бар. Ошол тарых башталды. Эми баарыбыз а кишинин кечээки баскан-турганынын саясый дурус-бурушун ачык айтканга мезгил келди. Бул, биринчиден, тарыхый сабак болуш үчүн зарыл.
Ооба, экс-президент бир күнү бир кылымга тете өтө оор учурда иштеди. Башкасын айталбайм, мамлекеттин келечегин ойлогон эркин басма сөздөрдүн дээрлик көпчүлүгү көрүп турса да айрым кемчиликтерин ачык айтпады. "Сөз көбөйбөсүн, ынтымак ыдырабасын" деди. Алардын арасында "Алиби" гезити да бар. Баамыбызда Р.Отунбаева бардык эле ички-сырткы саясый кадамында, айрыкча акыркы "манту" сыйлыгында калыстык кыла албады. Тастыктап көрөлү.
Ошону менен "Манас" ордени баш, "Даңк" медалы төш болгон сыйлыктар "эмнеге берилгенин" экс-президент эң эле мыкты шөкөттөптүр. Анда "авторитардык, үй-бүлөлүк, кландык режим" менен күрөшүү жылдарындагы атуулдук жоопкерчилиги жана эрдиги үчүн" деген саптар бар. Тамаша ушул жерден башталып жатпайбы.
Кыргызстандын президенттеринин тарыхында ишинен чуусу арбын Э.Каптагаев деген аппарат жетекчиси иштеди. Ушу кишиге III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылып отурат. Эң кызыгы Э.Каптагаевдин Акаев, Бакиев режими менен аттан түшпөй алышып, баш айрыла, көз чыга чабышып жүргөн учурларын эстей албай койдум. Ырас, Бакиевге бакан ала чуркаган деп мени ынандырышты.
Мейли ошондой эле болсун. Бирок, Э.Каптагаевдин жалпыга белгисиз агездеги мындай "жалындуу" кадамдары жогорку "кландык-жыландык" режим менен күрөшкөн дегенге жатабы? Бир сөз менен экс-президент эптеп көңүлүн алып койгону көрүнүп турат.
Ал эми "Даңк" медалын жаркырата төшүнө тагып отургандардан деле мындайлар четтен чыгат. Айталы, К.Бакиевдин укуругун сүйрөп жүрчү Бектур Асанов деген берен бар. К.Бакиев учурунда камчысы колдон түшкөн эмес. Пакистанга чейин элчи болуп эл аралап жүрчү. Курманбек куйругун түйгөндө Жалал-Абаддын губернаторлугун басып жыгылган. Өкүнүчтүүсү Акаевди айтпайлы, Бакиев менен кайсы жерде "жакалаша" кеткенин укпаптырбыз. Ошондой эле азыркы жарым хан, Оштун "гүбүрнатору" С.Жээнбеков "режим" менен кармашпай эле, кайсы режим болбосун каймакка талкан көөлөп жешип келгени эсибизден чыга элек.
Кептин баары бул сыйлыктарга С.Жээнбековду А.Атамбаевдин ("СДКП"), Б.Асановду Ө.Текебаевдин ("Ата-Мекен") көрсөткөнүндө болуп жүрбөсүн? Анткени, эски тонун ыргытып ийген эки эргул "жылып жетип" ушул эки партияны жылоолой калышпады беле? Мындан улам суроо туулат. "Манас" ордени баштаган мамлекеттик сыйлыктар ким бирөөлөрдүн кадыр-көңүлүн алуучу "калыңга" айланып баратабы?! Бир сөз менен айтканда, кайран сыйлыктар бармак-басты көз кысты болуп, көз көрүнөө кадыр-сыйдан калып бараткансыйт.
Экс-президент Р.Отунбаева эжебиздин ичи ошончолук кенен болсо, чыны менен эски режим менен күрөшкөндөрдү баалагысы келсе анда эмне себептен ал режимдин түрмөсүнө түшүп түйшүк тарткан А.Жекшенкуловго, ачык айтып, ак сүйлөгөн гезиттерин жетимиш жолу соттоп, желкесинен басып турчу Б.Жээнбековго, көздөрүн чукугандай сүйлөчү М.Ниязовго, аял да болсо кайраты менен башкаларды "кайрап" турчу анык демократия үчүн күрөшкөн Ч.Жакуповага, Б.Мамыровага аталган сыйлыктарын "арнагысы" келген жок.
Дагы бир кызык жери-сыйлыктын "шылтоосунда" "демократия идеясы, сөз эркиндиги үчүн туруктуу күрөшкөн" деген, окугуң эле келген саптар бар. Андай болсо кечээки Бакиев эмес, аркы Акаев режиминен бери элге айтчусун ачык айтып, бийликтин айыбын чукуп, анык сөз эркиндигине кызмат кылып келаткан бир катар журналисттерге (А.Токтомушев, Ж.Зарлыкбеков, А.Сакыбаева, Ч.Орозобекова, Б.Аракеев, Б.Таштаналиев ж.б.) эмнеге ыраа көрүлбөйт бу сыйлык?
Кыскасы, калыстык болбой калганы аз келгенсип, кайсы бийлик болбосун "Манас" орденин майдалап бүтмөй болушту. Бу, кийинкилерге сабак болобу, жокпу айталбаймын. Баарынан кокуйу - таш доорунан берки "революционер" А.Бекназаровдун "Р.Отунбаеванын колунан "Манас" орденин албайм" - деп чыгышынын өзү эле бу орденге болгон мамиленин канчалык түшүп кеткенин кабарлап тургансыйт. Таарынса Отунбаевага таарынбайбы, "Манас" орденине неге таарынат? Мындай мамлекеттик сыйлыктарга байланышкан "майда" эмес көрүнүштөрдү жаңы бийлик эске алаар бекен. Ай-таң...
Темирбек АЛЫМБЕКОВ





учур маек
Чыныбай Турсунбеков, депутат, КСДП фракциясынын лидери:
"Төрага креслого жабышпаса керек!"
- Ушул жылдын башында иш баштаган Коалициялык Өкмөттүн иши сизди канааттандырдыбы?
- Буга чейинки түзүлгөн коалиция өз маалында Өкмөттү курап, ошол кездеги өлкөдө болуп жаткан саясий дагы, экономикалык маселелерди жеңилдетип, курчуп турган абалды жөнгө салып, оор шарттагы социалдык көйгөйлөрдөн арылтууга негиз берди. Ошол кезде билесиңер, өлкөдө абал кандай эле? Апрель окуясынан жабыр тарткандар, Ош менен Жалалабаддагы коогалаңдан жабыр тарткандар бийликке катуу талаптарды коюп, кечиктирилгис чараларды ишке ашырууну күтүп жатышкан. Коалициялык биримдик түзүлүп, ал бекиткен Өкмөт жыл ичинде бир катар реформаларды баштап, кыска аралыкта минимум милдеттерди аткарды десек болот. Анан дагы коалициялык өкмөт коррупцияга каршы кескин чараларды баштап, ошондой эле криминалга жаңыча көз карашта жаңыча нукта каршы туруп, коомду тазалоого аракет жасаганы, сот системасын кайра түзүүгө далалат кылганы менен абройлуу болду десем болот. Бир сөз менен айтканда, коалициялык Өкмөт парламент менен, коомчулук менен биргелишип иштеп, өлкөнү кризистен чыгарып, өнүгүүгө башат болуп берди. Бирок, ошол баштаган иштерди аягына чыгаруу үчүн, дагы жаңы идеяларды, реформаларды ишке ашырууну күчөтүү үчүн жаңылануу керек экен. Биздин фракция "жети өлчөп, бир кесип" тазаланууну өзүбүздөн баштоо максатында бул коалициядан чыгып кеттик.
- Ошол эле мезгилде парламенттин жыл бою аткарган ишине ичиңиз чыгабы? Дегеним, коомчулукта "ЖоКе майдаланып, өзүнүн функциясында жок маселелерге, базарларга чейин кийлигишип кетти" деген пикир бар?
- Жаңы парламенттик башкаруу системасындагы алгачкы парламент катары биз, эл өкүлдөрү катары колдон келишинче иштедик. Мамлекеттеги кайсыл гана иш-чара, окуя болбосун өз позициябызды билгизип, элге чындыктын трибунасы болуп, баардык маселелерди жаап-жашырбай ачыктаган акыйкат иштөөгө аракет жасадык. Бирок, албетте, биринчи жолу парламенттик башкаруу системасында иш алып барып жаткан соң, жаза басып алган иштер деле болду. Айрым учурларда базарларга чейин түшүп, аткаруу кызматынын ишине кийлигишип кеткен учурлар болгонун тана албайм. Бирок, эл ушул жылы парламентке гана ишенип, депутаттарга гана басым жасап, баардык маселелерин парламенттин маңдайына келип айтып жатышса, биз кантип, "Жок, Өкмөткө баргыла, биздин тиешебиз жок" деп айта алабыз? Ошондуктан эл менен жакын болууга, реалдуу маселелер менен тааныш болгонго, алардын чечилишине кол кабыш кылганга гана аракет жасалды. Кыргызда жакшы кеп бар, "Көч бара-бара түзөлөт" деген, ошол сыяктуу мен парламент деле убакыт өткөн сайын өз деңгээлин бийиктетип, кемчиликтерин жоюп, иш алып барып кетет деп ойлойм. Мына, азыр ушул жылдын жыйынтыгынын алдында өзүбүздү-өзүбүз сын көз менен карап, ичибизден тазаланууга, мамлекеттин каражатын үнөмдөөнү, артыкбаш чыгымдарды кыскартууну өзүбүздөн баштайлы, элге, башка бийлик бутактарына үлгү бололу деп жатабыз. Сандан сапатка өтөлү деп ниеттенип турабыз. Негизинен парламент өз функциясын толук аткарып келди.
- Ушул жылы КСДП фракциясы канча маанилүү делген мыйзам жазды экен?
- Биздин КСДП фракциясы жыл ичинде баш аягы 40тан ашуун мамлекетке өтө маанилүү мыйзам долбоорлорунун демилгечиси жана жазуучусу болду. Анын ичинде жаңы иштелип чыккан мыйзамдар да бар. Ошондой эле комитеттерде, пленардык жыйындарда, фракциянын чогулуштарында коомдогу баардык болуп жаткан процесстерге активдүү карап, өз позициябызды билдирип, чындыкты элге, элдин маселесин Өкмөттүн кабыргасына коюп турдук. Мындан тышкары биздин депутаттарыбыз жыл ичинде эки ирээт шайлоочуларыбыз менен түгөл жолугушуп, алардын бүгүнкү жашоосу менен таанышып, маселелерин чечүүгө аракет жасап жаттык. Мен ушул жерден бир эле мисал айтайын, парламенттин имаратында жайгашкан КСДП фракциясынын коомдук кабылдамасы бар. Бул жерге жумасына экиден депутатыбыз күзөткө туруп, келген жарандардын көйгөйлөрүн угушат. Мына, жакында ошол коомдук кабылдаманын ишинин жыйынтыгын карасак, 12560 Кыргызстандын жаранын кабыл алыптырбыз. Бул дагы чоң көрсөткүч. Бул албетте, борборубуздагы гана кабылдама. Ал эми ар аймактагы партиянын ячейкалары аркылуу бизге кат, сунушу, кайрылуу менен кайрылышкан жарандарыбыздын маселелерин дагы чекесинен чечүүгө аракет кылып келебиз.
- Кайрылгандар кайсы маселе көбүрөөөк кайрылышат?
- Ошол кайрылгандардын дээрлик 60 пайызы турак-жай маселелерин айтып келишет. Жашы дагы, карысы дагы бүгүнкү айлык маяна, пенсия, жөлөк пулдар менен үй салууга жетишпей жаткандыгын айтышып, мамлекеттен арзан, көп жылдык мөөнөт менен турак жай, үй сала турган жер берүүнү мамлекеттен суранып келишет.
- Эми бир аз артка кайрылалы, "Биримдик жана Өнүгүү" көпчүлүктү түзгөн коалиция түзүлүп жатканда, анын өмүрүнүн узактыгы белгиленди беле?
- Ошол кездеги кырдаалга карата, мамлекетке стабилдүүлүк зарыл экенин эске алуу менен коалициялык келишимдин мөөнөтү 2 жылдан кем эмес деп жазылган. Бирок, тилекке каршы, коалициялык көпчүлүк өлкөдөгү жаңы башталып жаткан экономикалык, социалдык реформаларды ишке ашырууда натыйжалуу иш алып бара албай, башкача айтканда, ички биримдиктин кармана албай жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Буга кошумча, биз жаңы шайланган Президент менен бирге жаңы кадамдарды таштап, өз ичибизден тазаланып, жаңыча иш баштоону туура деп таап, коалициялык курамдан чыктык. Мунун жоопкерчилигин өз мойнубузга алабыз.
- Ошол келишимде, эгер мөөнөтүнөн мурда коалиция өз ишин токтотсо,парламент төрагасынын кызматтан кетиши каралганбы? Анткени, бүгүнү спикер "мен парламенттин 80ден кем эмес каршы добушу менен гана иштен кетем" деп жатат. Бул жигиттик сөздөн тайуубу же мыйзамды кармануубу?
- Ахматбек Келдибекович деле азыр "бул кызматтан кетпейм" деп креслого үзүлүп түшүп жабыша элек. Менимче, ал жигиттик сөзүнө туруп, башка фракция мүчөлөрүнүн пикирин эске алуу менен кызматын үч иш күнүнүн ичинде өткөрүп берсе керек. Азырынча акыл токтотуп, күтө туралы.
- Парламенттеги каржылык-чарбалык иштердеги артыкбаш чыгымдардын так ушул жаңы Президенттин ишке киришин алдында чыгышына не себеп?
- Бул акыры айтыла турган кеп болчу. Биздин фракция жайкы эс алуудан чыгып, күзгү ишти баштаган маалда эле "Жогорку Кеңештин каржы маселеси боюнча төраганын отчету болуш керек" деп айтканбыз. Ошону менен жылдын жыйынтыктаар алдында баарыбыз эле кызыкдар болуп, чыгымдарыбызды билүүгө аракет кыла баштаганбыз. Анан жанагы документтер калкып чыккан соң, бул ишти ачыкка чыгарууга аргасыз болдук.
- Кийинки төрага мындай өз билемдикке барат деп коркпойсузбу?
- Түшүнгөн кишиге ушунун өзү чоң сабак. Кийинки төрага "кой, менин кыңыр ишим баары бир ачыкка чыгып калгыдай" деп коркуп иш кылаар. Президент деле ыймандуу бийлик дегенге басым жасап атат. Ал баарыбызга тиешелүү эмеспи.

Маектешкен Тынчтык Алтымышев









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??