Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Күлүктү сүрөөнчү чыгарат!
"Жыл мыктысын"аныкта!

Адаттагыдай эле "Алиби" гезити 2011-жылдын мыктыларын тандоону баштады. Албетте, жыл ичинде коомчулуктун сынына толуп, элдин сүймөнчүгүнө айланып, калайык калк үчүк ак кызматын кылган замандаштарыбызды гезиттин жамааты жеке тандагандан алыс. Кыргызда "эл тараза, эл сынчы" деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, биз окурмандарыбыздан ушул жылдын ичинде ар тармакка салым кошкон азаматтарыбыз менен айымдарыбызды тандашууга чакырабыз. Биз азырынча тармактар боюнча номинацияларды кана атадык:

1. "Жылдын адамы"(жыл ичинде мамлекеттин ар тараптуу өнүгүшүнө орошон салым кошкон инсан);

2. "Жылдын Жылдызы" (жыл ичинде өзүн кыргыз элине гана эмес, дүйнө коомчулугуна тааныштыра алган, өзгөчө таланты менен жер шарын таң калтырган инсан);

3. "Жылдын мыкты мамлекеттик жетекчиси"(өз ишинин майын чыгарган министр, төрага, директорлор арасында);

4. "Жылдын мыкты депутаты" (элге керектүү мыйзам жазган, демилге көтөргөн эл өкүлү);

5. "Жылдын мыкты чиновниги" (аппарат жетекчи, вицелер арасындагы Өкмөткө салым кошкон кызматкер);

6. "Жылдын мыкты саясатчысы"(Саясий коомдук иштердеги активдүү саясий ишмер);

7. "Жылдын мыкты ишмер айымы"(Коомдук-саясий чөйрөдө өзүн көрсөтө алган айым);

8. "Жылдын мыкты прокурору" (жыл ичинде кылмыштуулукка, мыйзамсыздыкка каршы күрөшүүдө өзүн көрсөткөн прокуратура кызматкери);

9. "Жылдын мыкты судьясы" (мыйзам чегинде иш алып барып, кылмыш жаза иштеринде кара кылды как жарган калыс судья);

10. "Жылдын мыкты шаар мэри" (жыл ичинде өз шаарынын инфраструктурасын жакшырта алган шаар жетекчиси);

11. "Жылдын мыкты ишкери"(ишкерлик чөйрөсүндө "ташы өйдө кулап", мамлекетке арбын салык төккөн ишкер);

12. "Жылдын мыкты мамлекеттик ишканасы"(Өкмөт алдындагы өз милдетин так аткарып, арбын киреше алып келген мамлекеттик ишкана);

13. "Жылдын мыкты жеке компаниясы" (кыргыз элине кызматы сиңген, казынаны толтурууга үлүш кошкон жеке ишкана"");

14. "Жылдын мыкты губернатору" (Өз облусунун социалдык-экономикалык шартын жогорулатууга кошкон салымы чоң облус жетекчиси);

15. "Жылдын мыкты акими" (өзүнө тагылган иштерди так аткарып, эл оозуна алынган райондук жетекчи)

16. "Жылдын мыкты журналисти"(курч макалалары менен окурмандардын купулуна толгон, калыс жана терең изилдеп жазган ММК журналисти);

17. "Жылдын мыкты партиясы"(Жыл ичинде калың журттун кадырманы болуп, катарын кеңейткен, демократиялык коомдун өнүгүүсүнө салым кошкон саясий партия);

18. "Жылдын мыкты спортчусу"(Жыл ичинде өлкө желегин желбиретип, жеңиштерге жеткен спорт өкүлү);

19. "Жылдын мыкты дарыгери"(Адамдарга өмүр тартуулап, азаптуу оорудан арылткан алтын кол саламаттыкты сактоо сакчысы)

20. "Жылдын мыкты агартуучусу"(жаңычыл окутуу усулдарын пайдаланып, жаштарга билим берген окутуучу);

21. "Жылдын мыкты режиссеру"(кыргыз кино тармагына жаңылык киргизип, ийлик жараткан кино режиссер);





Күн собол
Спикер Акматбек Келдибеков "Мыйзам боюнча, 120 депутаттын 81и макулдугун берсе гана кызматтан кетерин билдирди. Бул ойго кошуласызбы? Дегеле коалициялык келишимдин шарттары улукпу же Башмыйзамбы?

"Республика" фракциясы
Абдыжапар Бекматов:
- Мен биринчи сурооңузга толук кошулам. Анткени бул мыйзам боюнча Төраганы кетириштин тартиби ошондой көрсөтүлгөн. Ал жерде жазып койгон эмес баш мыйзамда Төрага келишимге кол койгон боюнча кетиш керек деп. Эми бул экинчи сурооңуз негизи чындыгында бүгүнкү күндүн темасы болуп турат десем жаңылышпайбыз да. Анткени биз акыркы мезгилде мыйзамдарды унутуп эле эркекче келишим, мырзача кол алыш, соз бермей деген гана түшүнүк менен иш алып барып калып жатабыз да. Бул деген мамлекеттин аброюна доо кетирет чынын айтканда. Мамлекет болгондон кийин айрыкча азыркы биздин тегеректеги маселеде, тактап айтканда Жогорку Кеңеш, анын ичинде Жогорку Кеңештин Төрагасы деген маселеде бул атайын биздин Башмыйзамыбызда так жана даана жазылып көрсөтүлгөн. Ал кандай жол менен келип кайсыл мезгилде кандай жол менен кетиш керек деп. Анан ошолорду эске албай эле силер айткандай келишип алып эле келишимге кол койгон тиги бу деп туруп эле кетсин дей берсек айрыкча бул бизге, депутаттарга уят иш деп ойлойм. Биринчи кезекте ошол Конституцияны биз сыйлап, биз урматташыбыз керек, ошондо анан башкалары сыйлашат. Кандай мезгилде болбосун, ким болбосун биринчи иретте биз мыйзам талаасынан чыкпашыбыз керек. келишим ал күн сайын өзгөрүп турушу мүмкүн. Ал эми Конституция бул-Башмыйзам. Төрага боюнча айта турган болсом аны биз мыйзамга ылайык палатада 100 дөн ашык добуш менен шайлап алганбыз. Бир эле фракция шайлап же болбосо ошол сөз болуп жаткандай келишим менен келип калган эмес да туурабы.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
Негизи биринчи сурооңузга мен толук кошулам. Анткени мыйзам боюнча ошондой. Демек биз мыйзамга карап иш кылышыбыз керек. Экинчи сурооң болсо албетте, биринчи иретте биздин Конституциянын жолу улук да. Ал эми сиздин кебиниздин төркүнүн түшүнүп жатам. Бул бул деген айрым саясатчылардын эле оюну. Алар бул аракети менен Президент менен Жогорку Кеңешти кайраштыргысы келип жатат. Эгер ушул агым менен кете берчү болсок биз дагы бир жолу хаоско кептелишибиз мүмкүн. Ошондуктан азыр деген Жогорку Кеңеш коалицияны тез арада түзүп, Өкмөттү негиздеш керек. Анткени азыр бизге талдай турган мезгил эмес. Тез арада болгондо да өтө тездик менен Өкмөттү түзүп ошону ишке киргизгенге аракетибизди жумшашыбыз керек. Интриганын убактысы эмес азыр. Мен ойлойм Президент ошого барат го деп. Ким ким менен бириксе да Өкмөт азыр биздин мамлекет учун зарыл. Мезгил күтүп отурбайт, эртең жаңы жыл. Жаңы жылдын бюджетин кечиктирбей бекитип, ишти башташ керек да.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??